Ар кыл учурда ар кандай кызматты ээлеген 75 адамдын аты аты жазылган кайрылуу социалдык тармактарда 9-февралда тарады. Кайрылуу президент Садыр Жапаров меннен Жогорку Кеңештин төрагасы Нурлан Тургунбек уулуна багытталган.
Анда эң башкысы өлкөдө туруктуулук орногону, коңшулар менен чек ара маселеси чечилип, уюшкан кылмыштуу топ түп-тамыры менен жок болгону белгиленген.
Ал эми өлкөнүн мындан ары өнүгүшүнө мамлекеттик карыздын өсүшү, кымбатчылык жана жумушсуздук кедергисин тийгизип жатканы, Кыргызстанды өнүктүрүүгө жаңы стимул керек экени айтылат.
Кайрылууда соңку учурда президенттик шайлоонун мөөнөтү боюнча эки ача пикир бар экенине көңүл бурушкан:
"Жогоруда белгилеген өлкө алдыдагы чакырыктарды жана президенттик шайлоого байланышкан талаштарды эске алуу менен, сиздерге өлкө президенти жана Жогорку Кеңештин төрагасы катары мүмкүн болушунча тез арада жаңы президенттик шайлоону өткөрүү демилгесин көтөрүүнү сунуштайбыз жана чакырабыз. Мындай кадам ар кандай талаш-тартыштардын, кошумча түшүндүрмөлөрдүн, коомдук бөлүнүп-жарылуулардын жана мүмкүн болгон Конституциялык сотко кайрылуулардын алдын алат деп ишенебиз", - деп айтылат кайрылууда.
Кайрылууга мурдагы премьер-министрлер Турсунбек Чыңгышев, Жантөрө Сатыбалдиев, Мухаммедкалый Абылгазиев, Кубатбек Боронов кол койгон. Мындан тышкары мурдагы депутаттар, губернатор, маданият ишмерлери, окумуштуулардын аты аталган.
“Азаттык” алардын айрымдары менен байланышканда кол коюшканын ырасташты. Алардын бири коомдук ишмер Бекболот Талгарбеков бул демилгени көтөргөндөрдүн бири экенин, коомдо талаш-тартыш жана ар кандай чагымчыл аракеттерди алдын алууга багытталганын билдирди:
“Мөөнөтү бүттү деп, бирөөлөр мөөнөтү бүтө элек” деп талаш-тартыш жүрүп жатат. Биздин пикирде бул өлкөбүздө туруксуздукту пайда кылганы жатат. Муну башка саясий күчтөр колдонуп, адатыбызча жазында митингдерди уюштурат деген чочулоо бар. Ошондуктан бийлик тескерисинче демилгени өз колуна алып, өздөрү чечип, июнь-июль айларына шайлоону дайындап койсо, талаш-тартыштарга чекит коюлат эле".
Бул кайрылуу социалдык тармактарда президенттик мөөнөт тууралуу талкуулар жүрө баштаган учурда жарыяланды. Анткени Садыр Жапаров мурдагы Баш мыйзамдын негизинде, алты жылдык мөөнөткө бир жолу шайланат деген шарт барда бийликке келген. Өзгөргөн Конституция президенттикке беш жылдан эки мөөнөткө шайланууга укук берген. Жогорку Кеңеш бул боюнча мыйзам кабыл алып, Садыр Жапаровдун алты жылдык президенттигин биринчи мөөнөт катары таанып, дагы бир жолу беш жылга бийликке келүү укугу бар деп бекитишкен.
Кайрылууга Садыр Жапаров жана Нурланбек Тургунбек уулу комментарий бере элек.
Бирок бийликтеги айрым жетекчилер шайлоо кийинки жылы өтүшү керек деген позицияда. Вице-премьер министр Эдил Байсалов шайлоо 2027-жылы, 24-январда өтүшү керек дейт.
"Бул маселе чечилген, Жогорку Кеңеш тарабынан каралган. Конституциябызда кабыл алынып жатканда атайын өзүнчө конституциялык мыйзам референдумга коюлуп, көпчүлүк колдогон. Өткөн жылы Жогорку Кеңеш атайын мыйзам кабыл алып, датасы аныкталган. Бул 2027-жылдын январь айынын акыркы дем алыш күнү, 24-январда шайлоо өтөт. Бул Жогорку Кеңеш бекиткен конституциялык мыйзам. Ошол мөөнөттө буйруса президенттик шайлоолор өтөт".
Азыркы шартта президенттик шайлоонун эртерээк өткөрүүнү көздөгөн кайрылууга эмне түрткү болгону белгисиз.
Бирок айрым эксперттер мындай аракеттер тегин жерден чыгышы мүмкүн эмес экенин белгилешет. Саясат таануучу Эмилбек Жороев буларга токтолду:
“Өзгөчө саясатта жүргөн кишилер мындай кайрылуу жасаганда артында эч кандай саясат жок деп ойлогондук ашкере жөнөкөйлүк болуп калмак. Мунун артында саясий ой-максат болгону айкын. Бирок ал сөзсүз деструктивдүү саясатпы же кандайдыр бир нукка бурулушубуз керек, жолго түшүүбүз керек деген ой барбы, анысын так айтуу кыйын болуп турат. Кайрылуу катында “жетишкендиктер менен кошо кемчиликтер бар жана аны карап туруп конституциялык деңгээлде талаштуу кырдаалдын орун алгандыгы жана ал кандайдыр бир легитимдүүлүккө, саясий туруктуулукка шек келтирип койбосун деген максатта кайрылып жатабыз” деп жазылган. Мындай маселе буга чейин да, айрыкча акыркы кездерде сүйлөшүлүп жатты эле”.
Кайрылуу катынан улам социалдык тармактарда талкуу жүрүп, ага Азимбек Бекназаров да кошулду.
“Өзөктүн баары президенттик шайлоо мөөнөтүнөн мурда болсун дегенде болуп жатпайбы. Биз коомду ушуну менен башамаландыкка салып, дүүлүктүрүп жатпайбызбы. Бүгүн дүүлүгүү болуп атат, керек болсо эки-үчкө бөлүнүп алышыптыр. Бул мындай-тигиндей деп рейтинг чыгарып алышыптыр. Бул жерде сырткы күчтөр жокпу? Мен бул кандайдыр бир сырткы күчтөрдүн таасири менен болуп атат деп ойлойм. Эл аралык деңгээлдеги аналитиктердин, шыкакчылардын арты менен болуп аткандай сезилип жатат”.
Мөөнөтүнөн мурда шайлоо боюнча парламентте ачык сөздөр жүрө элек.
2021-жылы кабыл алынган Конституция боюнча Кыргызстанда президент беш жылдык мөөнөткө шайланат. Бир эле адам эки мөөнөттөн ашык президент болуп шайлана албайт. Садыр Жапаров 2021-жылы 10-январдагы президенттик шайлоодо утуп чыгып, 28-январда расмий ишке кирген. Президенттик шайлоо өткөн учурда мурдагы Конституция иштеп турган. Ал Баш мыйзамда “президент алты жылга бир эле мөөнөткө шайлана алат” деп жазылган.
Былтыр Жогорку Кеңеш шайлоо мыйзамдарына өзгөртүү киргизип, кезектеги президенттик шайлоо 2027‑жылдын 24‑январына (январдын төртүнчү жекшембиси) белгиленген. Учурдагы президент Садыр Жапаров кийинки шайлоого катышары буга чейин айтылган. Бирок соңку президенттик шайлоону эртелей өткөрүү боюнча сунуш жана талкуулар бул өнөктүктө күтүүсүз жагдайлар болобу деген суроолорго жем таштоодо.
Кыргызстанда 70тен ашык мурдагы жогорку жетекчилер, коомдук ишмерлер өлкө бийлигине кайрылып, жакынкы убакта президенттик шайлоо өткөрүүгө чакырды. Алар мындай кайрылууну өлкөдө коомдук-саясий туруктуулукту сактоо зарылчылыгы менен негиздешкен. Азырынча президент Садыр Жапаров баштаган өлкө бийлиги кайрылууга жооп бере элек. Бирок соңку жагдай өлкөдө президенттик шайлоонун мөөнөтүнө байланыштуу талкууну күчөттү.
Шерине