Өлкө тарыхында мындай кызмат 1990-жылдары киргизилип, кайра бат эле жоюлуп кеткен эле.
Кыргызстанда вице-президенттикке байланыштуу талкуулар коңшу Казакстанда бул кызматты кайра киргизүүгө батыл аракеттер башталгандан кийин күчөдү.
Феликс Кулов 1992-1993-жылдары Кыргызстандын вице-президенти болгон. Саясатчы соңку талкууларга байланыштуу Фейсбуктагы баракчасына көлөмдүү билдирүү жарыялады. Анда бул кызматтын таржымалына токтолду жана кызматтан кеткен себептерин көрсөттү.
"Вице-президенттин ыйгарым укуктарына эгер президент жок болсо же милдетин аткарууга мүмкүн болбогон учурда анын ордуна иштөө, ошондой эле айрым тапшырмаларды аткаруу кирген. Ошол Конституцияга ылайык, президенттин эки орун басары: өкмөттү жетектеген премьер-министр менен түшүнүксүз ыйгарым укуктары бар вице-президент болгон. Жөнөкөйлөштүрүп айтканда, президенттин тапшырмасын күтүп иштейсиң, тапшырма болбосо жумуш да жок. Эми менин вице-президенттиктен кеткен себебим тууралуу. Мен депутаттык комиссия аныктап чыккан Кумтөрдөгү коррупция жөнүндө парламенттин жыйынында билдирүү жасагам, мен аны карап тура албайт элем. Вице-президент кызматында туруп өзүмдүн жетекчилигимди сындаган туура эмес болмок. Ошондуктан вице-президенттик кызматтан кеткем. Мен ошол кезде легендарлуу парламенттин дагы депутаты болчумун, ошондуктан депутат катары коррупцияны иликтөөнү улантууну, ага жол бергендерди жоопко тартууну талап кылгам".
Эгемен Кыргызстандын тарыхында биринчи вице-президент Насирдин Исанов болгон. Ал 1990-жылы дайындалган жана бул кызматта турганда 1991-жылдын башында жол кырсыгынан мерт болгон. Андан кийин бул орунду Феликс Куловго чейин кыска мөөнөткө Герман Кузнецов ээлеп турган. Бул кызмат 1994-жылы Конституцияга өзгөртүү киргизүү менен жоюлган.
Кулов Кыргызстанда бул кызматты кайра киргизүүнүн зарылчылыгы жок деген оюн жазды жана мурдагы катаны кайталабоо керектигин эскертти.
"Менимче, бул кызматты бир канча себептерден улам киргизүүгө зарылчылык жок. Биринчиден, ыйгарым укуктары түшүнүксүз вице-президент болгон өткөнкү катачылыкты эч качан кайталабаш керек. Экинчиден, президент менен вице-президентти ар кайсы региондон экенин эске алуу менен шайлоо бул элди регионалдык-кландык жактан бөлүнүшүнө шыкактоо болот. Сөзсүз биз бул жагдайды эске алышыбыз зарыл, бирок аны конституциялык деңгээлде бекемдөөгө болбойт. Ушундан улам өткөн-кеткен институттарды, мейли, ал вице-президент кызматы болсун, мейли, парламенттик архитектураны өзгөртүү болсун, алардын ыйгарым укуктарын, функцияларын так түшүнбөй, түзмө-түз көчүрүп алуу кош бийликке же башкаруудагы "шал" абалга алып келет. 1990-жылдары да ушундай болгон", - деп жазды Кулов.
Соңку кездери Кулов бийликке жакын катары саналып, анын айрым бир ойлору бийликтин позициясы деген пикирлер дагы бар. Расмий бийлик башчылары талкууларга азырынча бир ыктай жооп бере элек.
Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Исхак Масалиевдин пикиринде, Кулов сунуштарын бийлик өкүлдөрү менен макулдашып-такташып алып жазып жатышы мүмкүн.
"Биздин генералыбыз (Феликс Кулов - ред.) кеңештерин берди, менимче, анын баары макулдашып, анан сунушталып жатат окшойт. Эгерде ошондой кызматты киргизүү аракети башталса, анда анын максаты кош бийликти бекемдөө болот. Бирок биздин Конституцияда "президент жеке жооп берет" деп жазылган. Ал жерде вице-президент деген жери жок. Конституцияга өзгөртүү киргизиши мүмкүн, эми ага эч ким деле тоскоолдук кыла албайт, элге салса өтүп кетет. Бизде убагында вице-президент дагы болгон, парламенттик башкаруу дагы болгон, баары болгон. Мен азыр бийликтин ою кандай экенин билбейм. Бирок ал кишинин (Феликс Кулов - ред.) айткандары бийликтин позициясы болуп калып жатпайбы, бирок алар канчалык акылдашты, мен аны билбейм", - деди Масалиев.
Айрым маалыматтарга караганда, Конституцияга кайсы бир өзгөрүүлөрдү, анын ичине вице-президент кызматын киргизүү бийликте талкууланганы жатат. Бирок бул маалыматты расмий бийлик өкүлдөрү ырастай да, төгүндөй да элек. Жогорку Кеңештин айрым депутаттары атын атабаган шартта азырынча андай сөздөр "Ынтымак-Ордодо" да, парламентте дагы боло электигин билдиришти.
Конституциялык соттун мурдагы судьясы Клара Сооронкулова вице-президенттик кызматты киргизүү үчүн парламент деле Баш мыйзамга өзгөртүү киргизе аларын белгиледи.
"Кош бийликти мыйзам менен легалдаштыруу аракети жүрүп жатышы мүмкүн. Азыр эми кош бийликте жашап жатканыбыз түшүнүктүү эле болуп калды. Азыр экөөнүн тең саясий таасири чоң, саясий салмактары дагы бирдей. Ошондой кызматты киргизүүгө деле барышы мүмкүн. Бирок, кандай болбосун, бүгүнкү күндү эле ойлой бербей, келечекти дагы ойлошу керек. Мисалы, Азербайжанда ушундай кызмат бар. Күйөөсү президент, аялы вице-президент, ал жакта үй-бүлөлүк башкарууну сактап калгысы келип жатат. Ал эми Казакстанда болсо президент Токаевдин саламаттыгы начарлап кетти деген дагы сөздөр болуп жатат. Балким, ал өзүнө мураскер даярдап жаткандыр. Ал жерде үй-бүлөлүк башкаруу жок, бирок бийликти ишеничтүү бирөөгө өткөрүп берейин деген аракет болушу мүмкүн. Эгер Кыргызстанда дагы ушундай аракеттер башталса, анда кош бийликти бекемдөөгө, бийликтен кетпей, кезектешип башкарып турганга аракет болушу мүмкүн. Муну киргизип деле коюшат, парламент толугу менен өздөрүнүн колунда турат. Өзгөртүүлөрдү парламент деле киргизип койсо болот. Азыркы Баш мыйзамда айрым бир бөлүктөрүнө гана, мисалы, анын негиздерине, биринчи бөлүктөрүнө, адам укуктарына байланыштуу бөлүктөрүнө өзгөртүүлөр референдум аркылуу кирет. Ал эми бийлик органдарына карата өзгөртүүлөрдү парламент деле киргизип кое алат. Баш мыйзамда кайсы бөлүктөрүнө өзгөртүү референдум менен гана кирери, калган бөлүктөрүнө парламент киргизе алары жазылып турат".
Талдоочу Эмил Жороевдин баамында, вице-президент кызматын киргизүү түйшүктүү, опурталдуу иш жана башкарууну татаалдаштырып дагы жибериши ыктымал:
"Менимче, Кыргызстанда вице-президент деген кызмат ордун киргизүүгө анчейин деле зарылчылык, муктаждык жок. Кыргызстан эгемендик алганда, 1990-жылдардын башында болгон. Эки эле киши вице-президент болуп, анан Феликс Кулов болгондон кийин ал кызмат жоюлган. Жоюлганынын бир себеби, бул кызмат саясий стабилдүүлүккө эмес, тескерисинче, туруксуздукка, талаш-тартышка, түшүнбөстүккө жол ачканы болгон. Мындай бийик даражадагы жаңы кызмат ачылгандан кийин анын ыйгарым укуктары сөзсүз өтө талылуу, талаштуу маселе болуп калат. Вице-президент канчалык деңгээлде өз алдынча автономдуу лидер боло алат, кайсы деңгээлде президенттин карамагында болуп, ага баш ийет деген суроолор калат. Ыйгарым укуктары эмненин негизинде бекитилет, ал шайлоо менен келеби же президенттин дайындоосу болобу деген өңдүү суроолор өтө татаал. Мыйзамдык жагынан, конституциялык жактан, саясий жактан дагы оңой болбойт. Өзгөчө Кыргызстандай кичинекей өлкөдө мындай кошумча, мындай татаал, көп тепкичтүү жетекчиликтин зарылчылыгы жок. Бирок, балким, бийликтеги саясий тандемди дагы бекемдеп, дагы салмак бериш үчүн киргизилиши мүмкүн. Эл арасында таанымал болуп калган, Кыргызстандагы уникалдуу эки достун - Жапаров менен Ташиев мырзалардын бийлигин дагы бекемдөө болушу мүмкүн. Бирок так ушул эки киши үчүн, буларга болгон муктаждыкты карап туруп, конституциялык деңгээлдеги өзгөртүүлөрдү киргизүү анчейин туура эмес деп ойлойм. Менимче ушул беш жылдын, алты жылдын ичинде Кыргызстандын эки лидери бирге толук жана жемиштүү иштей алды. Мунасага келип жатышты, мүмкүн бири-бири менен макул болбогон, талашып-тартышкан учурлар деле болгондур, бирок алар тандемди карманышты. Кыргызстанда АКШдагы шайлоо сыяктуу президенттикке жана вице-президенттикке талапкер болгон эки адам шайлоого чогуу барып, бир программанын негизинде үзөңгүлөш катары чогуу чыкканы буга чейин болуп көргөн эмес, бул жаңы эксперимент болуп калат. Экинчиден, шайлоо менен келгенден кийин деле, ыйгарым укуктар деген өтө талаштуу нерселер, ошондой маселелер ачык бойдон калышы мүмкүн. Эгер вице-президенттин ыйгарым укуктары кенен болуп, ал күчтүү болсо, ал бара-бара президенттин ишине тоскоолдуктарды, кыйынчылыктарды жаратышы мүмкүн",-деди Жороев.
Жакында эле Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев 145 депутаттан турган бир палаталуу парламент түзүп, аны Курултай деп атоо тууралуу демилге көтөргөн. Ошондой эле бул өлкөдө 30 жыл мурда жоюлган вице-президент кызматын кайрадан киргизүүнү сунуштаган. Токаев кимди вице-президент катары көрүп жатканы азырынча айтылган жок. Ал вице-президент өлкө президентинин тапшырмасы менен “эл аралык форумдарда жана сүйлөшүүлөрдө Казакстандын атынан чыгарын”, “парламентте президенттин атынан сүйлөй аларын” айткан.
“Бул кызматты түзүү мамлекеттик башкарууну турукташтырат жана бийлик иерархиясына тактык киргизет”, - деп белгилеген.
Күнкорсуз мамлекеттер шериктештиги (КМШ) арасында мындай кызмат Азербайжанда бар. Мамлекет башчысы Илхам Алиев өзүнүн аялы Мехрибан Алиеваны вице-президент кылып шайлаган. Азери Конституциясына ылайык, президент милдетин аткара албай калган учурда анын ыйгарым укуктары вице-президентке өтөт.
Шерине