Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Октябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:09

Борбор Азия лидерлери убада кылган өзгөрүүлөр: "жаңы" өлкөлөрдөгү эски өнөкөт


Өзбекстандын президенти Шакат Мирзиёев, Казакстандын президенти Касым-Жоомарт Токаев жана Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров Чолпон-Атада өткөн Борбор Азия мамлекет башчыларынын саммитинде. 2022-жыл, июнь
Өзбекстандын президенти Шакат Мирзиёев, Казакстандын президенти Касым-Жоомарт Токаев жана Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров Чолпон-Атада өткөн Борбор Азия мамлекет башчыларынын саммитинде. 2022-жыл, июнь

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров "Жаңы Кыргызстанды куруунун жолу" аттуу жаңы китебин жазып, "жаңы доордун" эшигин ачуу жагынан Казакстан жана Өзбекстандагы кесиптештерине кошулду. Бирок Борбор Азиядагы режимдер чындап эле канчалык өзгөрүүдө?

Борбор Азия лидерлери тарыхтын "жаңы барактары", "жаңы баптары", атүгүл "жаңы өлкөлөр" жөнүндө кеп кылышууда.

Өзбекстанда Шавкат Мирзиёев президенттикке келгенден беш жылдан кийин, 2021-жылдагы шайлоо өнөктүгүнүн ураанын "Жаңы Өзбекстан" деп атады.

Бир нече айдан соң бул өнөкөт коңшу Казакстандын президенти Касым-Жоомарт Токаевге да жукту. Ал "Жаңы Казакстанды" президент болуп шайлангандан үч жылдай кийин жана мунайга бай республикадагы кандуу Январь окуялары мурдагы президент Нурсултан Назарбаевди саясий утулушка алып келген соң ойлоп тапкан.

Жаңы мамлекет курабыз деген убадаларга эми Кыргызстандын лидери Садыр Жапаров да кошулду. Ушул айдын башында кыргыз басылмалары президенттин "Жаңы Кыргызстанды куруунун багыты" аттуу жаңы китеби жарык көргөнүн, анда Жапаров жакыр өлкөнү өнүктүрүү боюнча өзүнүн көз карашын чагылдырганын жазган.

"Жаңы" аталган бул көрүнүштөр иш жүзүндө канчалык "жаңы"?

Түндүк Кипрдин Жакынкы Чыгыш университетинин эл аралык мамилелер жана саясат таануу кафедрасынын доценти Асел Тутумлу Борбор Азиядагы мурдагы советтик беш республиканын стратегиялары таң каларлыктай окшош экенин белгилейт.

"Борбор Азия мамлекеттери өз режимдеринин туруктуулугун камсыз кылыш үчүн абдан жан үрөшөт. Ошондой эле экономикалык пайданын көбү бир ууч төбөлдөрдүн тобуна тийген саясий-экономикалык тутумду да сактап калгылары келет", - деп билдирди Тутумлу "Азаттыктын" сайтындагы жакында чыккан "Борбор Азиянын бүгүнкүсүн жана келечегин изилдеп" деп аталган Majlis Podcast жарыясында.

"Ошол эле учурда калктын өзгөрүп жатканын көрүп турабыз. Мен үчүн бул Борбор Азиядагы жаңы нерсе", - деп кошумчалады Тутумлу талкуу учурунда.

"Жаңы Кыргызстанга" карай узун секирик

Кыргызстан региондогу башчысы эң көп алмашкан өлкө экенин эске алсак (буга чейин алты президент алмашкан, анын үчөөсү бийликтен куулган), Мирзиёев менен Токаевден айырмаланып, Жапаровдун кыргызстандыктар жаңы өлкөдө жашап жатышат деп ырастабаганы, балким, адаттан тыш көрүнүш.

Тескерисинче, жаңы китебинде Жапаров "жаңы Кыргызстанды куруу үчүн кеминде 20-30 жыл керек" деп жазды. Ал "Кыргызстандын көп улуттуу элин Кыргызстанды биргелешип кура баштоого" чакырган.

Тиражы 40 миң нускадан турган Жапаровго таандык делген бул экинчи китеп.

Оппозицияда жүрүп жана абакта отурганда жазган (2015-жылы жарык көргөн) биринчи китебинде Жапаров саясий атаандаштарын, негизинен ошол кездеги өлкөнүн президенти Алмазбек Атамбаевди катуу сынга алган.

Жапаров белгилеген бул тармактардагы ийгиликтердин рецепттери бир топ бүдөмүк болсо да, жаңы китеп мамлекеттик ишмердин эмгегине көбүрөөк окшошуп, жакырчылык, адилеттүүлүк жана "жашыл экономика" сыяктуу маанилүү түшүнүктөрдү камтыйт.

Бир нерсе айдан ачык: 2020-жылы оппозициячыл Жапаровду абактан сууруп чыгып, эки жумага жетпеген убакыттын ичинде президенттикке алып келген "көчөдө нааразылык көрсөтүү маданиятын" президент Жапаров мындан ары жактырбайт.

Садыр Жапаров 2020-жылдын октябрь айында Бишкектеги митингчилердин арасында
Садыр Жапаров 2020-жылдын октябрь айында Бишкектеги митингчилердин арасында

Китепте ал демократия "жөнөкөй жарандардын да, элдин да, бийликтин да мыйзамдуулукту сактоосунан" көз каранды экенин белгилейт.

Ал "демократиянын анархияга айланып кетишине жол берилбеши керектигин" эскертет.

Жапаровдун Кыргызстанды кайсы бир деңгээлде өзгөрткөнүн тангандар аз.

Референдумда кабыл алынган 2021-жылкы Конституция анын кызматын парламенттин эсебинен бекемдеп, иштеп жаткан президенттердин экинчи мөөнөткө ат салышуусуна тыюу салган пунктту жокко чыгарган.

Бирок көп жагынан ал саясий тутумду 2010-жылдагы революцияга чейинки экинчи президент Курманбек Бакиевдин авторитардык башкаруусунун тушундагы (Жапаров коррупцияга каршы агенттикти жетектеп турган учурдагы) абалга кайтарып барды.

Жапаров күрөштү улантуу үчүн дагы узак жол басыш керектигин моюнга алып, китебинде милицияны реформалоо зарылдыгын айткан.

“Ачыгын айтсак, - деп жазат ал, - көпчүлүк учурда катардагы жөнөкөй жарандарыбыз укук коргоо органдары тарабынан талаптагыдай коргоого алынбастан, тескерисинче, укук коргоо органдарынын айрым өкүлдөрүнүн аракетинин курмандыгы болуп калышат. Натыйжада калктын олуттуу бөлүгү укук коргоо органдарына ишенбейт жана өзүн коопсуз сезбейт.”

Садыр Жапаровдун “Жаңы Кыргызстанды куруу багыты” аталышындагы китеби.
Садыр Жапаровдун “Жаңы Кыргызстанды куруу багыты” аталышындагы китеби.

Бирок Кыргызстандын мамлекет башчысы узак мөөнөттүү, негизги маселелерди чече алабы же аны жарым-жартылай эле жөнгө салганга жарайбы?

Жапаров атап өткөн Кыргызстанды жаңылануу жолуна салган жетишкендиктердин катарына "Кумтөр" алтын кенинин мамлекетке өтүшү да кирет. Бул аны президенттик мөөнөтүнүн башында элге жакшы көрсөткөн кадам болду.

Бирок андан бери мурдатан президенттин санаалаштары катары белгилүү болгон эки таанымал ишмер кенге байланыштуу жемкорлукка айыпталып же кызматтан алынган же камалган.

Мурунку президенттер калкалап жүргөн баңгибарондордон тартып мурдагы бажычыларга чейин талаштуу фигуралар жазасыз калып, президентти сындагандар кысымга кабылып, абакка кесилген далилдер да арбын.

"Мен сага караганда жаңыраакмын"

Борбор Азиянын башка эки мамлекети – Тажикстан менен Түркмөнстандын "жаңылануусун" күткөндөр дагы абдан узак күтүшү мүмкүн. Мунун себеби өтө жөнөкөй.

Ардагер лидерлер, Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон менен Түркмөнстандын мурдагы президенти Гурбангулы Бердымухамедов (Бердымухамедов өзүнүн уулу Сердарга мамлекет башчылык тактыны өткөрүп бергенине карабай) - өз республикаларында баштагыдай эле баарын өздөрү тескешет.

Бирок Борбор Азиянын калкы көп жана экономикасы эң чоң эки өлкөсү Казакстан менен Өзбекстандын жаңы эл башылары өлкөдөгү баардык жаман көрүнүштөргө аты аралашкан мурунку өкүмдарлардан алыстаганды туура табышты.

Нурсултан Назарбаев өзү койгон кишиси Касым-Жоомарт Токаев менен борбор калаадагы экономикалык форумда. 2019-жыл, май.
Нурсултан Назарбаев өзү койгон кишиси Касым-Жоомарт Токаев менен борбор калаадагы экономикалык форумда. 2019-жыл, май.

Өзгөрүүгө болгон муктаждык арткан бул зарылдык сайын курчуй берет.

Ушул жайдын башында сүйлөгөн сөзүндө Токаев Казакстанды "биздин кең аймагыбызда кыска убакыттын ичинде саясий тутумда ашкере олуттуу өзгөрүүлөрдү ишке ашырган жападан жалгыз өлкө" деп атаган.

"Биз бийликтин негизги тиректерин сапаттык жактан башкача деңгээлге көтөрдүк, жарандар чечимдерди кабыл алууга көбүрөөк катыша баштады, адам укуктарын жана эркиндиктерин коргоо тутумун ар тараптуу бекемдедик", - деп, Токаев азыркы тутумду "адилет, ачык жана атаандаштыкка жөндөмдүү" деп атады.

Бирок Казакстанда көптөр мындан күмөн санашат. Быйылкы парламенттик шайлоодо оппозициянын талапкерлери ат салышканы менен, алардын бири да мыйзам чыгаруу органынан орун алган эмес.

Ал ортодо алардын айрымдары бийликчил талапкерлердин пайдасына добуштар бурмаланганын күбөлөгөн видео далилдерди көрсөтүштү.

Өзбекстан өлкөнүн жаңылануу пландарын ишке ашырууга талаптануу укугуна көбүрөөк ээ, бул бир жагынан Өзбекстандын биринчи президенти, Мирзиёевдин мурдагы кожоюну Ислам Каримовдун ультра-авторитардык администрациясы орнотуп кеткен чектин өтө төмөндүгүнө байланыштуу.

Шавкат Мирзиёев Ислам Каримовдун тушунда Өзбекстандын премьер-министри болуп иштеген.
Шавкат Мирзиёев Ислам Каримовдун тушунда Өзбекстандын премьер-министри болуп иштеген.

Majlis Podcastта талкууга катышкан дагы бир саясат таануучу, Колумбия университетинин изилдөөчүсү Александр Кули белгилегендей, Каримовдун өкмөтү өзүнүн "эл аралык кадыр-баркы кандай экени менен иши жок эле".

Мирзиёевдин администрациясы насыяларга жана инвесторлорго суусап турганын айтпаганда да, өзү тууралуу сырткы пикирлерге кыйла сезимтал экени анык болду.

Анын биринчи президенттик мөөнөтү өлкөгө кыйла мактоо алып келди, анткени анын өкмөтү салтка айланган мажбурлап иштетүү маселесин жайгарып, сөз эркиндигине анча-мынча жол берди жана улуттук валютаны толугу менен конвертациялана турган кылды.

Economist журналынын 2019-жылдагы версиясы боюнча Өзбекстанга "жылдын өлкөсү" наамын алып келген реформалар андан бери өз күчүн жоготту.

Башкаруучу үй-бүлөнүн негизги мүчөлөрү тарабынан бизнес-империяларды куруу - Борбор Азия Советтер Союзунан эгемендик алгандан бери келе жаткан регионалдык салт өзгөрбөй кала берди.

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев (ортодо) жана анын үй-бүлө мүчөлөрү 2023-жылдын 9-июлунда кезексиз президенттик шайлоо күнү шайлоо участкасында. Ташкент ш.

Бирок Питтсбург университетинин Башкаруу жана рыноктор борборунун негиздөөчү-мүдүрү Дженнифер Брик Муртазашвилинин пикиринче, кайсы бир өлкөнүн саясатчылары таасир этүү мүмкүнчүлүгүнөн баш тартат деп күтүүгө болбойт.

Көптөгөн батыш демократияларында байкалган кээ бир адаттан тыш саясий бренддерге салыштырмалуу, "Жаңы Кыргызстан жана Жаңы Өзбекстан" кыйла жупуну" угулат дейт ал "Азаттыкка".

Борбор Азия өлкөлөрүнүн президенттери 2021-жыл, август айында Түркмөнстанда өткөн саммитте (солдон оңго): Садыр Жапаров, Касым-Жоомарт Токаев, Шавкат Мирзиёев, Гурбангулы Бердымухамедов, Эмомали Рахмон.
Борбор Азия өлкөлөрүнүн президенттери 2021-жыл, август айында Түркмөнстанда өткөн саммитте (солдон оңго): Садыр Жапаров, Касым-Жоомарт Токаев, Шавкат Мирзиёев, Гурбангулы Бердымухамедов, Эмомали Рахмон.

"Жаңы" деген аталышты колдонсо туура эле болот, анткени ал бөлөк [бир нерсени] билдирет, бирок бул өтө кеңири түшүнүк болгондуктан, аталган өлкөлөр кайсы багытта бара жаткандыгы жөнүндө жетиштүү маалымат бербейт. Бул атайы жасалган окшойт", - дейт Муртазашвили.

Конституциялык реформа боюнча өнөктүктү баштоо менен Борбор Азия лидерлери "өз кадыры аркылуу адамдарга өзгөрүүлөрдүн таасирин түшүнүүгө жардам берүүнү каалашат".

"Бул атүгүл авторитардык мамлекеттердин лидерлери да өз бийлигинин коомчулук тарабынан чектелишине дуушар болот дегенди билдирет", - деп кошумчалайт ал.

XS
SM
MD
LG