Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:18

Кытай Борбор Азияны колунан чыгаргысы келбейт


Кытайдын төрагасы Си Цзинпин Казакстан, Кыргызстан, Тажикстан, Түркмөнстан жана Өзбекстандын лидерлери менен дипломатиялык мамилелердин 30 жылдыгына карата виртуалдык саммитте. Январь, 2022-жыл.
Кытайдын төрагасы Си Цзинпин Казакстан, Кыргызстан, Тажикстан, Түркмөнстан жана Өзбекстандын лидерлери менен дипломатиялык мамилелердин 30 жылдыгына карата виртуалдык саммитте. Январь, 2022-жыл.

Кытай Борбор Азия өлкөлөрү менен кызматташууну өнүктүрүү үчүн жаңы аянтча түзөт. Мындай кызматташуу механизминин 5+1 форматындагы алгачкы саммити өтөрү белгилүү болду.

Бул маалыматты тастыктаган Кытайдын Бишкектеги элчиси саммит менен катар Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровдун Бээжинге алгачкы мамлекеттик сапары да уюштурулуп жатканын кабарлады. Бул Америка Кошмо Штаттарынын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкендин АКШ-Борбор Азия жолугушуусу жана Кытай лидери Си Цзинпиндин Орусияга жасаган мамлекеттик сапарына улай жарыяланган олуттуу кабар болуп калды.

Кытай Эл Республикасынын Кыргызстандагы элчиси Ду Дэвэнь 23-мартта Бишкекте курган маалымат жыйында май айында өтө турган “Кытай-Борбор Азия” 5+1 саммити тууралуу алгачкы кабарды таратты.

“Май айында президент Садыр Жапаров Кытайга барат. Биринчиден, Кытай-Борбор Азия биринчи саммитине катышат. Андан соң Кытайга мамлекеттик сапары болот. Бул Садыр Жапаровдун президенттикке шайлангандан кийинки Кытайга жасаган алгачкы мамлекеттик сапары болууда. Кытай дагы, Кыргызстан дагы бул сапарга абдан жогору маани берүүдө. Учурда эки тарап тең бул окуяга кызуу даярдыктарды көрүп жатышат. Биз бул сапар абдан жемиштүү болот жана тараптардын алакасын жаңы деңгээлге көтөрөт деп үмүт кылабыз. Биз, ошондой эле, Кытай менен Кыргызстандын бирдиктүү тагдыры жамаатын курууга жаңы кадамдарды таштайбыз”.

Элчинин маалыматына ылайык, Борбор Азиянын беш өлкөсү менен Кытай саммитте ар түркүн тармактагы кызматташтык үчүн аянтчаларды түзүшөт. Ошондой эле, аталган саммитке аралаш эле кыргыз президенти Садыр Жапаровдун Бээжинге алгачкы мамлекеттик сапары даярдалууда. Бээжин ушундай эле мамлекеттик сапарды аймактын бардык беш лидери үчүн даярдап жатат.

Садыр Жапаровдун администрациясы да жакынкы айларда өлкө башчынын Кытайга сапары даярдалып жатканы тууралуу маалыматты ырастады.

"Учурда эки уюлдуу дүйнө курулууда"

Борбор Азия өлкөлөрү катышкан 5+1 форматындагы саммиттер буга чейин да ар башка өнүккөн өлкөлөр менен өтүп келет. АКШнын мамлекеттик катчысы Борбор Азия өлкөлөрүнүн тышкы иштер министрлери менен мезгил-мезгили менен жолугушуп, кызматташуунун стратегиясын талкуулап турат. Мындай жолугушуунун акыркысы 28-февралдан 3-мартка чейин болуп өттү.

Былтыр Астана шаарында Орусия-Борбор Азия саммити болуп өткөн. Мындан тышкары, Жапония-Борбор Азия деген да жолугушуу бар.

Эл аралык мамилелер боюнча талдоочу Марс Сариев Борбор Азия өлкөлөрүнүн, анын ичинде Кыргызстандын лидеринин Кытайга сапары геосаясий уюлдардын таасиринин кубатын кульминациялык чекке көтөрөт деп эсептейт.

“Менимче, азыр Борбор Азия Кытай менен аябай жакын мамиле түзүп жатат. Себеби Украинадагы кризистен кийин, Си Цзинпиндин визитинде Кытай менен Орусия сөз табышып, учурда эки уюлдуу дүйнө курулууда. Ден Сяопиндин “тең салмакты кармап, акырын иштөө” деген позициясы бар болчу. Азыр Кытай ошол мурунку позициядан четтеп, ачык позициясын көргөздү. Ошондуктан Борбор Азия өлкөлөрү азыр өздөрүнүн позицияларын аныктап алыш керек. Азыр эми эки уюлдуу дүйнөнүн карааны көрүнүп калды. Садыр Жапаровдун сапары жана Кытай-Борбор Азия жолугушуусу аябай динамикалуу өтөт. Анткени “Бир алкак – бир жол” платформасындагы Кытай-Кыргызстан жана Европага чейин курула турган темир жол Борбор Азияны Кытай менен аябай жакындатат”.

2022-жылдын январь айында Кытайдын төрагасы Си Цзинпин менен Борбор Азия өлкөлөрүнүн лидерлеринин онлайн-саммити өткөн. Ал тараптардын дипломатиялык алака түзгөнүнүн 30 жылдыгына арналган. Ошол саммитте кызматташуунун атайын механизмин иштеп чыгуу жөнүндө чечим кабыл алынган.

Элчи Ду Дэвэнь соңку кездери Бишкекте абдан кызуу ишмердик жүргүзүп келет. Элчиликтин сайтындагы расмий маалыматтарга караганда, жаңы жылдан бери эле президент Садыр Жапаров жана өкмөт башчы Акылбек Жапаров баштаган онго чукул министрлер жана депутаттар менен жолугушуп чыккан. Соңку ирет Коомдук телерадиоберүү компаниясынын жетекчиси алмашаар замат жаңы директор Болотбек Тиллебаев менен жолугушканы кабарланган.

Кытай медиа айдыңга өзгөчө маани берет

Дегеле Кытай тарап Кыргызстандагы медиа айдыңга өзгөчө маани берет. Европадагы коопсуздук жана кызматташтык келишими уюмунун Бишкектеги Академиясы 2022-жылдын октябрь айында “Батыш перифериясындагы сезимдерди башкаруу: Кыргыз Республикасындагы Кытайдын маалымат операциялары” аттуу көлөмдүү изилдөөсүн жарыялаган. Анда “Кытай 20 жылдан бери Кыргызстандын медиа тармагын манипуляциялоого аракет кылып келет” деген тыянак айтылган.

Изилдөөдөгү маалыматтарга ылайык, жалпысынан Кыргызстандагы 22 маалымат каражаты Кытай менен олуттуу мамиледе иш алып барат. Ошондой эле, Бишкекте Кытайдын төрт медиасы иштейт. Бир эле убакта бир нече журналисттер Кыргызстандын жана Кытайдын маалымат каражаттарында иштешет.

Изилдөөнүн автору, Кытайдын Борбор Азия менен Ооганстанга таасирине байкоо салган Нива Яу социалдык тармактагы баракчасына “Кытай журналисттери социалдык тармактарда таасир берүүчү (инфлюенсер) катары да колдонуларын” жазган.

“Кытай Чыгыш Түркстандын көз карандысыздыгын колдойт деген коркунучтан улам Кыргызстанды өзүнүн массалык маалымат каражаттарынын таасиринин өзгөчө бутасына айлантты. Кытай жана анын саясаты, ошондой эле Шинжаң тууралуу чагылдырып жаткан кеминде беш журналистке элчилик өзүнүн бекер консультацияларын сунуштаган. "Кытай тарап бул тууралуу жазбагыла деп суранды, алар Шинжаңда эч кандай көйгөй жок деп айтып жатышат", "Уйгурлар жөнүндө жазсак, алар менен кеңешишибиз зарыл дешти” деп биз менен айрым журналисттер бөлүштү”, - дейт изилдөөчү Нива Яу.

"Бирдиктүү позиция менен барышса..."

Эл аралык мамилелер боюнча талдоочу Чынара Эсенгул ири державалар менен геосаясий маселени талкуулаганда Борбор Азия аймагынын лидерлери бирдиктүү позиция менен барышса жакшы болмок деген пикирде. Антпесе, экономикасы чакан өлкөлөр ар дайым күчтүүлөрдүн басымы астында калары турган иш дейт ал.

“Борбор Азия бир аймак катары кабыл алынып жатканы жакшы кабар. Анткени, аймак ичинде да өзүбүздүн чыр-чатактарыбыз бар болуп жатпайбы. Бир жагынан бири-бирибизге умтулганга жана башыбыз бириккенге Орусия болобу, Кытай, Америка болобу, сырткы чоң күчтөр олуттуу жардам берип жатат. Бирок, Кытай болобу, Америка болобу, алардын көз карашы менен караганда, ушундай аянтчаны колдонгондо, чындап келгенде эки тараптуу эле сүйлөшүүлөр болуп калат. Ошондуктан башчылардын өзүнчө мамлекеттик сапарлары болуп жатат да. Ошол эки тараптуу сүйлөшкөндө чоң державалар кичирээк мамлекетке өзүнүн кызыкчылыктарын көбүрөөк таңуулап коюшу мүмкүн. Борбор Азия мамлекеттери жарым-жартылай болсо да аймактык биримдикке келип, даяр болуп барса жакшы болот. Мисалы, санкция жана Орусия маселесине келгенде, ошол эле талибдер бийликке келгенде кандай реакция болду. Иши кылып сүйлөшүүлөр жүргөн сайын өзгөрүүлөр болуп турат, ошол жагынан караганда Борбор Азия бир баш, бир кол болуп чыгабы же ар кимиси ар кай жакка кетеби деген маселе турат”.

Кытайдын Борбор Азия өлкөлөрү менен жаңы кызматташтык аянтчасын түзүү аракети дүйнөдө олку-солкулук күчөп, Украинадагы согуш уланып жаткан маалга туш келди. Согушту жөнгөрүү боюнча өзүнүн тынчтык планын сунуштаган Кытай бийлиги Орусия менен жакын алакада. Ушул аптада Кытайдын төрагасы Си Цзинпиндин Москвага сапары дүйнөлүк медианын көз кырында болду.

Украинадагы согуштан улам блоктошуу тенденциясынын бир тарабына оогон Кытай менен Орусиянын Борбор Азияга таасири дагы күчөшү мүмкүн экенин эксперттер белгилешет. Саясат талдоочу Эмил Жороев мындай кырдаалда Борбор Азиянын өлкөлөрүнүн көп багыттуу тышкы саясат жүргүзүүсүнө дагы бир чакырык болорун белгилейт.

“Албетте, ушундай дүрбөлөң заманда Кыргызстандын дүйнөдөгү агымдарды токтотуп коюу же бир жакка буруу мүмкүнчүлүгү жок. Биздин негизги мүмкүнчүлүгүбүз – бул ар багыттагы өнөктөш мамлекеттер менен тиешелүү деңгээлде жана биздин улуттук эгемендигибизге, кызыкчылыктарыбызга каршы келбеген нукта иш алып баруу. Бир четинен Орусия менен Кытай лидерлери жолугушканда Борбор Азия өлкөлөрүнө басым жасагандай сөз айтылганы менен, менимче, мындай сөздөр менен мындай таасирлер буга чейин дайыма болуп келген. Бул жаңы нерсе эмес. Кыргызстан менен Кытайдын ортосундагы мамиле дайыма болот жана анын биз үчүн өтө маанилүү өнөктөш экендиги анык. Биз сөзсүз бир тарапты тандообуз керек дегенибиз, албетте, ката жана ал мүмкүн да эмес. Экинчи жагынан, “биз эч кандай тандоо мүмкүнчүлүгүнө ээ эмес экенбиз, чоң мамлекеттер эмнени десе ошону айтып калат экенбиз” деп кам саноонун да кереги жок”.

Расмий статистикага ылайык, Кыргызстан менен Кытайдын ортосундагы соода жүгүртүүнүн көлөмү 2022-жылы 4,1 млрд долларды түзгөн. Муну менен эки өлкөнүн соода алакасы мурунку жылга караганда 2,7 эсеге өскөн жана анын баары тең ипорттун үлүшүнө туура келет.

Кыргызстандын тышкы карызынын 40% ашуунун Кытай насыясы түзөт. Аларды Бишкек негизинен энергетикалык жана жол-транспорттук инфратүзүмдүк долбоорлорго алган. Насыядан тышкары, Бишкектин өтүнүчү менен Өзгөчө кырдаалдар министрлигине өрт өчүрүүчү техника, Ош шаарына ири хирургиялык оорукана куруу, ирригациялык долбоорлорго жана билим берүү мекемелерин курууга гранттык жардамдар да берилип келет.

Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жол маршруту 20 жылдан бери талкууланып келип, былтыр Самарканд шаарында тараптар макулдашууга жетишти. Бишкекте долбоорду башкаруу кеңсеси ачылып, техникалык-экономикалык негиздемесин даярдап жатат, ал бүтсө быйыл күздө курулуш иштери башталары кабарланган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG