Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:25

"Путиндин достору" тизмеси кантип түзүлдү?


Владимир Путин менен Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев.
Владимир Путин менен Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев.

Айрым өлкөлөрдү Москванын кучагына кандай жагдайлар түртүүдө? Ташкентте цензурага кабылган орус артисти. НАСА Айга уча турган астронавттар үчүн жасалган скафандрларды тартуулады.

Британиялык The Economist басылмасы 14-марттагы санында “Орусиянын досторун кичирейип бараткан команда” деп мүнөздөп, айрым өлкөлөрдү Москванын кучагына кандай жагдайлар түртүп жатканын талдап чыккан.

Башында авторлор орус тышкы иштер министри Сергей Лавровдун “Батыштын Орусияны обочодо калтыруу планын таш капты... Биз эл аралык көпчүлүк менен жакшы коңшулук мамилелерди чыңдап жатабыз”, – деген сөзүн келтирип, бир караганда анын айткандарында негиз бардай көрүнөт деп жазышты.

Алсак, 23-февралда БУУнун Коопсуздук кеңешинде Орусиянын Украинага кол салганын айыптаган резолюцияны 39 мамлекет колдогон жок, санкцияларга карабай, орус экономикасы жана соодасы аксап калган жок. Лавров өзү улам бир борборду кыдырып, миңдеген километр учуп өттү. Кыскасы, кагаз жүзүндө Орусиянын геосаясий таасири олуттуу көрүнөт.

Анткен менен The Economist аскердик, экономикалык жана дипломатиялык алакалар боюнча чогулткан маалыматтардын негизинде түзгөн “Путиндин досторунун индекси” абал бир беткей эместигин көрсөтүп турат.

Индекс 11 көрсөткүчкө таянып, бир нече критерийге бөлүнгөн. Атап айтканда аскердик, дипломатиялык байланыштар, экономикалык же энергетикалык көз карандуулук эске алынган. Мисалы, ошол дос өлкө Москва менен аскердик блокко киреби? Алардын аймагында орус аскерлери же жалданма согушкерлер барбы? Согуш башталгандан бери Орусияны курал-жарак менен камсыздап жатабы?

Дипломатиялык чөйрөдө БУУнун Коопсуздук кеңешиндеги добуш берүүлөр да эске алынган.

Экономикада Орусиянын газынан, соодадан канчалык көз каранды, согуш тутангандан бери Орусияга экспорту көбөйдүбү деген суроолор коюлган.

Авторлор эң жогорку саптарда Москвага саясий, тарыхый жана географиялык жактан байланган өлкөлөр жайгашканын жазышат.

Таблицадан көрүнгөндөй, Кыргызстан Беларус жана Армениядан кийинки 3-орунда турат. Андан кийин Иран, Тажикстан жана Казакстанды көрүүгө болот, ал эми Өзбекстан 12 өлкөнүн арасынан 10-орунду ээледи. “Путиндин досторунун” тизмесине айрым латын америкалык мамлекеттер, Кытай жана Индия өңдүү дөө-шаалар да камтылган.

Ошол өлкөлөргө мүнөздөмө берип, журналисттер аларды “ийгиликке жете албагандардын коалициясы”, “Советтик доорду эңсегендер” жана “оппортунисттердин тобу” деп сыпатташат.

Ташкентте цензурага кабылган орус артисти

Данила Поперечный. Архивдик сүрөт
Данила Поперечный. Архивдик сүрөт

Eurasianet 15-мартта орусиялык стендап-артист Ташкентте туш болгон цензура тууралуу жазды.

Данила Поперечныйдын айтымында, ал өзбек баш калаасында эл толгон театрда оюн коюп жаткан маалда орус президенти Владимир Путин тууралуу же башка сезимтал же курч маселелерге байланыштуу сөз айткан сайын микрофонун өчүрүшкөнүн Инстаграмга жазды. Артист бул жергиликтүү “тартип коргоочуларынын көрсөтмөсү” менен жасалган иш деп эсептейт.

"Тамашанын же теманын учурдагы окуяларга тиешеси бар болсо эле, микрофонумду өчүрүп турушту... Бир маалда “Орусия” деген сөздү камтыган азилди укканда үнүмдү басып салышты”, - деп даттанды Поперечный.

Анын маалыматына караганда, ошентип шоунун 50 мүнөтүнө тоскоолдук түзүшкөн. “Өзүмдү үйгө кайткандай сездим”, - деп тамашалады орусиялык артист.

Басылма расмий Ташкент акыркы бир жылда Орусия менен мамиле түзүүдө өтө кылдаттык менен иш алып барганын жазат. Бир караганда экономикалык байланыштар терең, алакалар жылуу көрүнгөнү менен Өзбекстан Москванын Украинадагы согушун колдоодо деген таасир калтырууну каалабайт.

Макаланын автору Поперечныйды цензуралоо ошондой этияттуулуктун бир гана бөлүгү деп эсептейт. Ташкенттеги сахнага туруп алып орус өкмөтүн ачыктан-ачык шылдыңдоосуна жол берүү аны колдогондой таасир калтырышы ыктымал. Андыктан шоуго уруксат берилип, бирок мазмунуна көз салып турушту.

Repost.uz сайты микрофон артист Орусиядан көчүп кетүү себебин айта баштаганда, Украинадагы согуш жана Путин тууралуу кеп козгогондо өчүрүлүп жатканын маалымдады. Интернетке чыккан чакан видеодо микрофон өчүрүлгөндө “уят” деп кыйкырышканын угууга болот.

Eurasianet концертти уюштурган агенттик менен бул темада сүйлөшө албаганын жазды.

Астронавттар Айга эмне кийип учат?

Астронавт Базз Олдрин Айдын үстүндө. Архивдик сүрөт
Астронавт Базз Олдрин Айдын үстүндө. Архивдик сүрөт

Le Monde гезити 15-мартта Техастагы космос борборунда НАСА Айга уча турган астронавттар үчүн жасалган скафандрларын сунуш кылганын жазды.

Келечек муундун скафандрларын Axiom Space компаниясы иштеп чыккан. Акыркы варианты күн нурларын сиңирип албасын деп ак түстө болмокчу. Анткени Жердин жандоочусундагы көлөкөдөгү кратерлерде температура -180 градус болушу мүмкүн. Ал эми Күндү карап турганда 120 градуска чейин жогорулайт.

Мындан 50 жыл илгери “Аполлон” миссиясынын мүчөлөрү пайдаланган скафандрлардан айырмаланып, бул жолу астронавттардын кийими жеңил, ийкемдүү болмокчу жана башындагы шлем жарык берчү система, видео жана сүрөт тарта турган камера менен жабдылат.

Ачык космоско чыкканда скафандр температура менен басымды бирдей кармап турууга тийиш. Ошондой эле костюмдун кычкылтек жана суу менен камсыз кылуу функциясы бар.

«Артемида» долбоору былтыр ноябрда ишке ашырыла баштаган.

План боюнча анын 3-баскычында гана Айга эки америкалык астронавт конмокчу. Анын бири сыягы аял болот. Тарыхый учуу 2024-жылдын ноябрына мерчемделүүдө. Айрымдар бул жадыбалды сактоо кыйын болорун айтышат.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG