Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:46

"Кытайдын медиасы Орусиянын жалган маалыматтарын таратууда"


Орусия менен Кытайдын мамлекеттик желектери. Иллюстрация.
Орусия менен Кытайдын мамлекеттик желектери. Иллюстрация.

Маалымат согушунда Кремлди колдогон Кытай

Кытайдын маалымат каражаттары жана өкмөт өкүлдөрү Украина согушунда Москваны колдоп, ал өлкөнүн жалган маалымат кампаниясын андан ары жайылтып сүрөөнгө алууда. Мындай бүтүмгө Маршалл фондунун Демократияны бекемдөө альянсы жарыялаган көлөмдүү материалдын авторлору келди. Талдоочулар Бээжин былтыр февралда Орусиянын ыкчам жеңишин, анын арты менен Европанын бөлүнүшүн күткөнүн, иш жүзүндө Европа тескерисинче күчтөнгөнүн, АКШ авторитаризмге каршы турумга көбүрөөк көңүл бурганын жазышат.

“Стратегиялык көз караштан алганда Орусиянын кол салуусу Москва жана Бээжин үчүн чоң катастрофага айланды”, - деген жыйынтык жасашкан авторлор.

Иллюстрациялык сүрөт
Иллюстрациялык сүрөт

Талдоочулардын пикиринде, муну менен бирге Кытайдын маалымат каражаттары Кремлдин риторикасын алга жылдырып, АКШ Украинадагы биологиялык лабораторияларды каржылайт деген өңдүү дезинформация кампаниясын колдоодо, урушта Путиндин позициясынан чагылдырууда.

“Бул Кытайдын Кошмо Штаттар менен гана эмес, Европа менен да алакасы үчүн терс көрүнүш”, - деген ой менен уланат макала.

Андан ары конкреттүү изилдөөлөргө, Кытайдын медиасына, социалдык тармактарга чыккан маалыматтарга таянып, алдыда айтылган сөздөргө далилдерди келтиришет.

Алсак, Кытайдын мамлекеттик маалымат каражаттары жана өкмөт өкүлдөрү Украинадагы согушту сүрөттөөдө Орусиянын терминдерин пайдаланышат. “Басып кирүү”, “кол салуу” деген сөздөрдүн ордуна “атайын аскердик операция” дегенди окууга болот. Былтыр 24-февралдан 12-мартка чейин Кытайдын Твиттердеги аккаунттарында “атайын операция” же “атайын аскердик операция” деп 180 жолу жазылган экен. Ошол эле маалда “басып кирүү” тууралуу 145 жолу айтылганы менен, анын үчтөн бир бөлүгү АКШнын Ирактагы согушу өңдүү буга чейинки жаңжалдарга тиешелүү контекстте пайдаланылган.

Талдоочулар Кытай Кремлдин согушту актоо үчүн колдонгон негизги тезистерин, өзгөчө Америкага, НАТОго каршы ойлорун сүрөгөнүнө токтолуп, Батышты ишенимдүү эмес өнөктөш деп сүрөттөгөнүн белгилешет. Мисал катары алар кытайлык булактардын Украинадагы неонацисттердин таасири, Орусияга каршы кутум, "украин президенти Польшадагы элчиликте жашырынууда" деген чындыкка коошпогон жалган маалыматтарды таратканын келтиришет.

Макалада айтылгандай, андан тышкары Орусия менен Кытай Батыштын эки жүздүүлүгүн, АКШ менен Европанын Сербия, Ооганстан, Ирак, Ливия жана Йемендеги согуштарга аралашканын сөз кылганды жакшы көрүшөт.

2014-жылдан бери Орусия Украинаны фашисттик жана неонацисттик мамлекет деп сыпаттаган идеяны активдүү жайылтып келет. Бирок былтыркы февраль айына чейин кытайлык булактарда андай нарратив дээрлик жок болчу. Ал эми Путин согушка негизги шылтоо катары “денацификацияны” атагандан бери байкоого алынган Твиттердеги кытайлык аккаунттар Украинадагы улутчулдар жөнүндө 100дөн ашык жолу жазып, айрым учурда орусиялык мамлекеттик чиновниктерди жана орус мамлекеттик маалымат каражаттары менен байланышы бар адамдардын айткандарын эселеп жайылткан.

Талдоочулар Кытайдын мамлекеттик маалымат каражаттары Орусиянын аткаминерлери, расмий медиасы согушка чейин жана анын жүрүшүндө жасаган билдирүүлөрүн активдүү бөлүшүп, аларга байма-бай шилтеме кылганын белгилешет.

Кардарларга чийки мунай издеген Казакстан

Bloomberg агенттиги 7-марттагы макаласында Казакстан Европаны чийки мунай менен камсыз кылуу үчүн жан үрөп жатканын жазды.

Маалыматка караганда, Германия ушул кварталда ал өлкөдөн 40 миң тонна мунай алууну көздөөдө. Баштапкы планга караганда бул 90% аз.

Макалада айтылгандай, Казакстандын Энергетика министрлиги жана мамлекеттик «КазМунайГаз» компаниясы журналисттердин комментарий берүү өтүнүчүнө дароо жооп берген жок.

Казакстандагы мунай кени
Казакстандагы мунай кени

Казак өкмөтүнүн маалыматына ылайык, мунай казуунун көрсөткүчү февралдын этегинен бери 100 миң баррелге түшүп кетти. Тенгиз кенин иштеткен «Тенгизшевройл» компаниясы техникалык ремонттон улам мунайдын агымы азайтылганын бышыктады.

Bloomberg жазгандай, Казакстан Каспийдеги мунай куур консорциуму аркылуу эл аралык кардарларга жана мунай сактоочу жайларга чыга алат. Былтыр декабрда Евробиримдик Орусиядан мунайды деңиз жолдору менен импорттоого тыюу салганы менен Германия, Польша, Венгрия, Словакия жана Чехияга “Дружба” кууру менен кара майды алууну улантууга уруксат берген.

Буга чейин Казакстандын энергетика министри Болат Акчулаков өлкөнүн жылына 6 миллион тоннага чейин мунай экспорттоо мүмкүнчүлүгү бар деп билдирген. Бирок макалада Германияга жеткирилчү 20 миң тонна араң табылганы айтылат.

"Чөнтөк телефондор тери астындагы чип түрүндө болот"

La Stampa гезити алгачкы чөнтөк телефонун ойлоп тапкан инженер, 94 жаштагы Марти Купердин жакында Барселонадагы эл аралык конгрессте сүйлөгөн сөзүн басып чыгарды. Айтмакчы, зымсыз биринчи телефон мындан 50 жыл мурун 1973-жылы Нью-Йоркто сунуш кылынган.

Басылма жазгандай, мобилдик телефондордун “атасы” азыркы смартфондор барган сайын татаалдашканына, алар эргономикалык эмес же адам баласынын дене түзүлүшүнө ыңгайлаштырылбаганына нааразылыгын айтты. Купер заманбап технологиялар бул чөйрөдө өзгөртүүлөргө барууга тийиш деп эсептейт.

"Бүгүнкү күндө телефондордун формасы оптималдуу эмес”, - деп айткан ардагер инженер келечектин смартфондорун адамдын дене терисине тигилген атайын датчиктер менен коштолгон чип түрүндө элестетерин ортого салды.

“Биз тамак жеген сайын энергия жаратабыз, демек телефонду дүрмөттөөнүн кереги жок болот”.

Гезит адамдын башына же денесине имплантацияланган телефон өңдүү жабдыкты илимий фантастикада көп жолуктурса болорун жазат. Купердин футуристтик идеясы жеке маалыматтардын купуялуулугун сактоо маселесинен алып караганда өтө кызыктуу.

Ал айрыкча ден соолук жана оорулардын алдын алуу чөйрөсүндө технологиялар дагы эле көп нерсе сунуштай алат деген ойдо.

"Мен адамзатка бекем ишенем. Мен тарыхка жана технологияларга ишенем", - дейт Купер.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG