Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:33

Кытай Орусияга курал береби?


Кытайдын тышкы иштер министри Ван И Орусиянын президенти Владимир Путин менен, 22-февраль, 2023-жыл.
Кытайдын тышкы иштер министри Ван И Орусиянын президенти Владимир Путин менен, 22-февраль, 2023-жыл.

Кытайдын башкы дипломатынын Москвадагы сапары маалында орус-кытай алакасынан тышкары Украиндагы кырдаал да талкууланды. Бээжин ошондой эле АКШнын "Кытай Орусияга кыргын салуучу курал берүүнү караштырып жатат" деген маалыматын четке какты.

Украинадагы уруштун бир жылдыгын утурлай, Кытайдын башкы дипломатынын Москвага келиши Орусия менен Кытайдын жакындыгын дагы күбөлөндүргөндөй болду. Бул Вашингтондун тынчсыздануусун жаратарын АКШнын Мамлекеттик департаментинин өкүлү Нед Прайс шаршембиде билдирди.

"Бул эки өлкөнүн жалпы бир багытты карманганы бизди чочулатат" деген Прайс чоң державалар чакан өлкөлөргө үстөмдүк кылып, чек аралар күч менен бузулганын ишарат кылды. Ал азырынча Вашингтон Кытай Орусияга "кыргын салчу курал жагынан жардам" берерин бышыктай албай турганын, бирок бул маселе Москва менен Бээжиндин күн тартибинен түшө электигин белгиледи.

Москвада Кытайдын тышкы иштер министри Ван И Орусиянын президенти Владимир Путин, тышкы иштер министри Сергей Лавров, коопсуздук кеңешинин катчысы Николай Патрушев менен жолукту. Эки өлкөнүн алака-катышынан сырткары эл аралык стратегиялык кырдаал, анын ичинде Украина маселеси талкууланды.

Путин Бээжин менен мамилени жогору баалап, "Бардыгы ырааттуу өнүгүүдө, биз жаңы чектерди багынтабыз", - деди. Ал Кытай менен соода-сатык жакында жылына 200 миллиард долларга чыгарын белгиледи.

23-февралда Кытайдын тышкы иштер министрлиги Вашингтондун "Бээжин Москвага кыргын салчу курал-жабдык берет" деген маалыматын "чайкоочулук" деп четке какты.

"Украинада кризис башталганы кырдаалды сүйлөшүүлөр аркылуу жөндөө үчүн Кытай диалогдун жана тынчтыктын тарабында туруп, жоопкерчиликтүү жана конструктивдүү роль ойноп жатат" - деди Кытайдын тышкы иштер мекемесинин өкүлү Ван Вэнбинь.

Вашингтон-Бээжин алакасы

Буга чейин Вашингтон Кытай Орусияга "Украиндагы согушка колдонуу үчүн курал-жадбык берүү жолдорун караштырып жатыптыр" деген маалыматты чалгын кызматтарына таянып билдирген. Бул учурдагы чыңалган кырдаалда Орусия-Кытай союзу менен Украина-НАТО биримдигинин конфронтациясына жеткириши мүмкүн экенин эскерткен.

"Кытай Орусияга риторикалык, саясий жана дипломатиялык жактан колдоо көрсөтүп жатканына жакындан көз салуудабыз. Алар Москвага Украинага каршы колдонуу үчүн кыргын салчу курал берүү мүмкүнчүлүгүн караштырып жатканы тууралуу маалымат бизди кооптондурат",- деген мамлекеттик катчы Энтони Блинкен Мүнхен конференциясында.

Эки чоң державанын башкы дипломаттары Мүнхенде өзүнчө жолугушту. Блинкен кызматташы Ван Иге эгер Бээжин Москвага кыргын салчу курал бере бурган болсо "кытай-америка алакасына катуу залакасын тийгизерин" так билдиргени кабарланды.

Вашингтон-Бээжин алакасындагы чыңалуу АКШнын аба мейкиндигине кирген Кытайдын "тыңчы шарын" америкалыктар атып түшүргөндөн кийин күчөдү.

Эксперттер белгилегендей, Вашингтон-Бээжин тиреши Украинада согуш башталгандан бери Батыш өлкөлөрү Кытайдын реакциясына кылдат көз сала баштаганда да курчуду.

The Wall Street Journal өз булагына таянып жазганына караганда, Кытай лидери Си Цзинпин келерки айларда Москвага барат. Маалыматта кездешүү Украинада тынчтык орнотууну көздөгөн көп тараптуу сүйлөшүүлөрдү өткөрүү аракеттеринин бир бөлүгү болору, кытай лидери Кремлди өзөктүк куралды колдонбоого чакырары айтылат.

20-февралда украин президенти Владимир Зеленский немистердин Die Welt басылмасына берген маегинде Бээжин Москва менен өнөктөштүк курса, дагы бир дүйнөлүк согуш тутанарын, Кытай аны түшүнөт деген оюн айткан.

“Биз үчүн бул согушта Кытайдын Орусияны колдобогону маанилүү. Иш жүзүндө мен Кытайдын биз тарапта болуусун каалайт элем”, - деп айткан Зеленский.

Былтыр Орусия Украинага кол салардын жуп алдында Москва Бээжин менен "чексиз кызматташуу" тууралуу келишимге кол койгон. Кытай Москвага салынган эл аралык санкцияларга кошулган эмес. Уруш уланып жаткан бир жылда орус-кытай соодасы кыйла өсүп, Кытай Орусиянын энергоресурстарынын негизги экспорттоочусуна айланды.

  • 16x9 Image

    Гүлайым Ашакеева

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист. Кыргыз улуттук университетин, Коста Рикадагы Улуттар Уюмунун университетин аяктаган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG