Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Февраль, 2023-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 00:13

"Өлүмдөн башкасынын баарын көрдүм". Шинжаңдык казак аял жардам сурады


Жанаргүл Жуматай (архивдик сүрөт)

Кытайдын Шинжаң провинциясынын миллиондон ашуун тургуну, көбү түрк тектүү мусулмандар 2016-жылдан тартып лагерлерге мажбурлап жайгаштырылып келген. Мындай лагерлердин биринде кармалып чыккан казак улутундагы Жанаргүл Жуматай эл аралык коомчулукка жардам сурап кайрылды.

Ал 47 жашта. Үрүмчү шаарында жашаган Жанаргүл кесиби боюнча журналист жана музыкант. Өткөн аптада жергиликтүү коопсуздук кызматтарынын кысымы жөнүндө ачык айтып чыкты.

Жанаргүл өзүнүн аянычтуу тагдырына эл аралык коомчулук көңул буруп, Казакстанга өтүп кетишине мүмкүнчүлүк болуп калаар деп үмүт артып отурат. Анткени ал бир кезде өзүнүн тарыхый мекенинде “Казакстан” мамлекеттик каналында иштеп, жашап кетген.

"Дүйнө коомчулугу баарын билиши керек"

“Эгер мен жоголуп кетсем же өлүп калсам, бул үчүн ким жооптуу экендигин дүйнө жүзүндөгү адамдар билишин каалайм”, – деди Жуматай даниялык академик, Шинжаң боюнча эксперт Рун Стинберг менен 2-январда телефон аркылуу сүйлөшкөн учурда.

Кытайдын түндүк-батышындагы Шинжаң – дүйнөдөгү эң катаал тескелген аймактардын бири. Акыркы жылдары бул аймак “окуу борборлору” деп аталган мекемелерде түрк жана мусулман азчылыктарынын 1 миллиондон ашуун өкүлүнүн түрмөгө камалгандыгы менен атагы чыкты. (Айрым көз карандысыз маалыматтарга ылайык, камакка алынгандар чындыгында мындан эки эсе көп).

Кашкардын түндүгүндө Артукс шаарында жайгашкан кайра тарбиялоо лагери делген мекеме. 2019-жыл
Кашкардын түндүгүндө Артукс шаарында жайгашкан кайра тарбиялоо лагери делген мекеме. 2019-жыл

Кытайдагы бул мекемелер “кайра тарбиялоо лагерлери” деп айтылып келет. Чындыгында мурдагы туткундардын, анын ичинен бир катар этникалык казактардын көрсөтмөлөрүнө карасак, ал жердеги адамдар тир укмуштай таш боор мамилеге кабылып жатканын билебиз.

Жанаргүл Жуматайдын ушул мекемелердин биринде кармалып турганы, ал 2017-жылы камакка алынганы Кытайдын полициясынын ачыкка чыгып кеткен документтери менен тастыкталган.

Чехиядагы Оломоуц шаарындагы Палацкий университетинде иштеген Стинберг “Азаттыкка” 2-январдан бери күн сайын Жанаргүл Жуматай менен сүйлөшүп жатканын айтып берди.

Анын билдирүүсүндө, Шинжаңда жарандардын телефонунда чет элдик тиркемелердин табылышы да алардын түрмөгө отуруп калышына себеп болот. Шинжаңда мамлекеттик кысым жөнүндө чет элдиктерге коркпой кабарлагандар “өтө сейрек” кездешет. Өзүн кандай коркунучка күтүп турганын, тагдыры эмне болорун жакшы билсе да Жанаргүл тобокелге бел байлаган.

Полициянын Шинжаңдагы жабырлануучулар жөнүндө Интернетке чыгып кеткен документтеринде Жанаргүл Жуматайдын камалышына анын телефонунан "туура эмес" программа табылгандыгы, анын “башка өлкөлөргө” барып келгендиги себеп болгону белгиленген.

Жуматай Стинбергге Үрүмчүдөгү жергиликтүү бийлик аны АКШда жашап жаткан белгилүү казакстандык активист Серикжан Билаш менен байланышы үчүн жакын арада камакка алабыз деп коркутуп жатканын айтты.

“Бийлик өкүлү эгерде сен тирүү калгың келсе, бүгүн кечинде өз ыктыярың менен психиатриялык ооруканага барып жатышың керек деп айтты”, – деп билдирген Жанаргүл Жуматай.

Ал лагерде эки жыл жүрүп, “өлүмдөн башканын баарын көргөнүн, азыркыга чейин тахикардия (жүрөктүн ашыкча тез кагышы) менен жабыркап жатканын да маалымдаган.

Стинбергдин Жанаргүл менен маеги Кытай режиминин курмандыктарын иликтеген Шинжаң жабыркоочулардын маалымат базасында да жарыяланды.

Полиция кызматкерлери № 3 Үрүмчү убактылуу кармоочу жайынын кире беришинде турушат. 2021-жыл
Полиция кызматкерлери № 3 Үрүмчү убактылуу кармоочу жайынын кире беришинде турушат. 2021-жыл

Стинбергдин айтымында, Жанаргүл Жуматай ага 5-январда Казакстандын Бээжиндеги элчилиги менен байланышканын билдирген.

"Элчилик Казакстанга кирүү үчүн документтерди беребиз деп айтышыптыр... Канчалык кубанса да, ал буга толук ишене албай турат. Ал [Кытайдын Коомдук коопсуздук бюросу] же жергиликтүү шаар администрациясы Казакстандын элчилигине эч кандай көңүл бурбай эле камакка алышы мүмкүн деп кооптонуп жатат", – деди Стинберг.

Казакстандын Тышкы иштер министрлиги бул маалыматтын аныктыгы жөнүндөгү суроо-талапка жооп берген жок.

“Акыркы күндөрү ал энесинин батиринен чыкпай калды. Эжеси аларга азык-түлүк ташып турат”, – деп кошумчалады Стинберг.

КЫЙЧАЛЫШ ЖАГДАЙ

Азыр Казакстандын бийлигине кыйчалыш кырдаал түзүлүп турат. Анткени, Шинжаңда уйгурлардан кийин эле экинчи чоң түрк тилдүү калк болгон этникалык казактардын абалына тынчсызданат. Экинчи жагынан, Кытай менен соода мамилеси тез өнүгүп жатат, экономикалык жактан Бээжинге байланган.

Астана 2019-жылдын башында Кытайдан 2000ден ашуун этникалык казакты чыгарып алууга жетишкенин жарыялаган.

Бирок Бээжиндин аймактагы саясатын эл аралык коомчулук айыптаганда, казак өкмөтү ага кошулган эмес. Ошол эле жылы Казакстандын тышкы иштер министри Мухтар Тлеуберди Кытай бийлигинин мындай лагерлерде этникалык казактар жок деген ырастоолорун кайталаганы талкууга түштү.

Шинжаңдагы саясаттан жабыркагандардын базасын түзгөн Жин Бунин мурдагы лагерлердеги туткундардын көпчүлүгүнө ар кандай айып коюлуп, узак мөөнөткө камалганы же үй камагында катуу көзөмөлдө жатканы тууралуу далилдерди келтирди.

"Жапырт камакка алуу өнөктүгү азыр басаңдаган болушу мүмкүн, бирок бийликтегилердин кимди кааласа ошону эч кандай далилсиз камап салуу мүмкүнчүлүгү дале жогору", - деди ал “Азаттыкка”.

Алматы шаарынын тургуну Онгарбек Усубулла Шинжаңдагы этникалык казактарды колдоого чакырган баннерди кармап турат. Алматы. 9-декабрь, 2022-жыл.
Алматы шаарынын тургуну Онгарбек Усубулла Шинжаңдагы этникалык казактарды колдоого чакырган баннерди кармап турат. Алматы. 9-декабрь, 2022-жыл.

Казакстандын бийлиги Шинжаңга байланышкан нааразылык акцияларын бир нече ирет басып салган. Сентябрь айында полиция Кытайдын лидери Си Цзинпин келип кетер алдында ушул маселе боюнча чуу салгандыгы үчүн Шинжаңда кармалгандардын эки тууганын камакка алды.

Мындан он жыл мурун Кытайдан көчүп барган жарандык активист Серикжан Билаш Казакстандан чыгып кетүүгө мажбур болду. Анын “Ата Журт ыктыярчылары” деп аталган уюму негизинен лагерлердеги туткундардын абалдарын жарыялап, Кытайдын саясатын ачыкка чыгарууда орчундуу роль ойноду.

2019-жылы ал өзү социалдык чыңалууну козуткан деген айып менен камакка алынып, коомчулук каршылык билдиргенден кийин гана бошотулган.

Бээжин. Чоң экрандан Кытайдын төрагасы Си Цзинпиндин Шинжаң-Уйгур автоном облусуна болгон сапары жөнүндө жаңылык көрсөтүлүүдө. 2022-жыл, 15-июль
Бээжин. Чоң экрандан Кытайдын төрагасы Си Цзинпиндин Шинжаң-Уйгур автоном облусуна болгон сапары жөнүндө жаңылык көрсөтүлүүдө. 2022-жыл, 15-июль

"Азаттыктын" кабарчысына телефон аркылуу берген маегинде Серикжан Билаш Жанаргүл Жуматай Шинжаңдагы казак малчыларынын укугун коргоп чыккандыгы үчүн жазаланган болушу ыктымал экенин айтты.

Ал Жуматайдын тагдырын Шинжаңдан Казакстанга качып, чек арадан мыйзамсыз өткөн, 2018-жылы сотто Кытайдагы лагерлер тууралуу ачык айтып чыккан этникалык казак Сайрагүл Саутбайдын иши менен салыштырды.

Казакстан Саутбайды Кытайга кайра чыгарып ийбесе дагы, ага жарандык бере алган жок. Азыр ал үй-бүлөсү менен Швецияда жашайт.

Серикжан Билаштын пикиринде, "Сайрагүл Казакстанда эл алдында чыгып сүйлөгөн, Жанаргүд Жуматай болсо Кытайдын өзүндө туруп куугунтук тууралуу айтып жатат".

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG