Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:08

БУУ Кытайдын мусулмандарга каршы саясатын айыптады


Түркиядагы уйгурлар Кытайдын Шинжаңдагы саясатына каршы нааразылык акциясында.
Түркиядагы уйгурлар Кытайдын Шинжаңдагы саясатына каршы нааразылык акциясында.

Кытай бийлигинин Шинжаңдагы уйгурларга жана башка мусулман азчылыктарына жасаган мамилеси "адамзатка каршы кылмышка" барабар болушу мүмкүн. Мындай кортунду Бириккен Улуттар уюмунун (БУУ) Адам укуктары боюнча башкармалыгынын көптөн бери күтүлүп жаткан баяндамасында чыгарылган. Бээжин отчетту "жалган маалыматтын топтому" деп атады. Кытай буга чейин документтин жарыяланышына караманча каршы чыгып келген.

31-августта жарык көргөн документте БУУнун Адам укуктары боюнча башкармалыгы расмий Бээжинди соңку жылдары Шинжаңда адам укуктарын олуттуу бузганы үчүн айыптаган. Анда Кытай бийлиги уйгур, кыргыз жана башка мусулман азчылыктарын күчтөп камап, кыйноого алганы белгиленет.

Иликтөөчүлөр камактагылардын айрымдарына сексуалдык жана гендердик зомбулук көрсөтүлгөнүн, бийлик төрөттү көзөмөлдөө максатында күчтөп дарылаганы тууралуу кынтыксыз далилдерди табышкан.

48 барактан турган баяндама буга чейин укук коргоочулар жана башка эл аралык уюмдар айтып келген билдирүүлөрдү ырастагандай болду.

"Бул отчет Шинжаңдагы адам укуктарынын бузулушу боюнча фактылардын олуттуулугун жана масштабын ачыктайт. Буга чейин Эл аралык мунапыс жана башка уюмдардын баяндамаларын жана уйгурлар 2017-жылдан бери айтып келген маалыматтарды ырастайт", - деди Эл аралык мунапыс уюмунун Австралия бөлүмүнүн өкүлү Никита Уайт.

БУУнун Адам укуктары боюнча башкы комиссары Мишель Бачелет май айында Шинжаңга барып кеткен. Анын сапарын жергиликтүү аткаминерлер коштоп жүргөн. Бирок бир катар укук коргоо уюмдары Бачелеттин бул сапарын сынга алып, Бээжинге Шинжаңдагы укук бузууларын ого бетер жаап-жашырууга мүмкүнчүлүк берүүчү визит катары мүнөздөшкөн.

Батыш дипломаттары жана Улуттар Уюмунун расмий адамдарынын айтымында, отчеттун даярдалганына бир нече ай болсо да, Бачелеттин ыйгарым укуктарынын аякташына бир нече мүнөт калганда гана жарыяланды.

Уйгурлардын дүйнөлүк конгресси жана башка уйгурлардын кыймылдары отчетту кубаттап, эл аралык коомчулукту тез реакция жасоого чакырышты.

Отчет мурда камалып чыккандар жана ал жактагы шарттар менен тааныш адамдардын маектерине жарым жартылай негизделген.

Авторлор белгилегендей, Кытай көп суроолорго комментарий берүүдөн баш тарткан. Улуттар Уюмунун Адам укуктары боюнча башкармалыгы өз отчетунда дүйнө коомчулугун Кытайдагы адам укуктарынын бузулушуна көңүл бурууга, ал эми Бээжинди баардык камалгандарды бошотуп, дайынсыз жоголгондор тууралуу маалымат берүүгө үндөгөн.

Кытай "жалган маалыматтардын топтому" деп атады

Расмий Бээжин бир нече айдан бери бул отчеттун чыгышына кескин каршылыгын билдирип келген. 1-сентябрда Кытайдын Тышкы иштер министрлигинин атайын өкүлү Ванг Венбин баяндаманы Батыш державалары уюштурган Бээжинге каршы өнөктүктүн бир бөлүгү деп атады.

"Отчет деп аталган бул нерсени АКШ жана Батыш күчтөрү уюштуруп, чыгарышты. Ал толугу менен мыйзамсыз жана чындыкка коошпойт. Бул жалган маалыматтын топтому. Ал АКШ менен Батыштын атайылап Кытайды ооздуктоо үчүн Шинжаңды колдонуу менен жасалган саясий куралы".

Бээжин ошондой эле Улуттар Уюму "Шинжаңдагы баардык этникалык топтор менен жетишилген" адам укуктары жаатындагы ийгиликтерди эске албаганын билдирди.

Шинжаңдагы мусулмандар. 21-апрель, 2021-жыл. Үрүмчү.
Шинжаңдагы мусулмандар. 21-апрель, 2021-жыл. Үрүмчү.

Кытай Шинжаңдын тургундары диний же саясий көз карашы үчүн куугунтукталып жатканын четке кагып, алар кармалган лагерлерди кесипке үйрөтүүчү борборлор катары мүнөздөп келет.

Жакында эле Бээжин "Шинжаңдагы террорчулукка жана экстремизмге каршы күрөш: чындык жана фактылар" деген 122 барактан турган өз аброюн коргогон отчет чыгарды. Бул документти Улуттар Уюму өз отчету менен кошо таратты.

Бээжин лагерлердин көбү жабылганын билдиргени менен дагы эле күмөндүү айыптар менен жүз миңдеген адамдар камалып турганы кабарланып келет. Буга чейин АКШнын өкмөтү, Британиянын, Нидерланддын, Канаданын, Франциянын парламенттери Кытайдын аракеттерин геноцид деп таанып, санкцияларды киргизген.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG