Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
жума, 13-декабрь, 2019 Бишкек убактысы 20:02

«Кытай лагерлери ишенимди күчкө салат»


Кытайда камакка алынгандардын туугандары. Алматы. 16-август, 2019-жыл.

Кытайдын Шинжаң-уйгур автоном районунда адамдарды күчтөп кармаган лагерлер тууралуу ондогон жашыруун документтер жарыяланды.

Журналисттердин иликтөөсүндө ал лагерлер уйгурларды жана башка аз улуттарды күчкө салып ассимиляция кылуу максатында түзүлгөнү айтылат.

Кытайдын бийлиги айтылган дооматтарды четке кагып, лагерлерди «тил жана кесип үйрөтүүчү борборлор» деп атап келе жатат.

Журналисттик иликтөөчүлөрдүн эл аралык консорциуму кытай бийлигинин аз улуттар жана мусулмандар кармалган лагердеги жетекчилеринин буйруктары, он жылга соттолгон уйгур эркектердин өкүмдөрү тууралуу жашыруун документтерди алышкан. Алар дүйнөдөгү 17 маалымат каражаты менен бирге ал документтерди изилдеп чыгып, 24-ноябрда атайын иликтөөсүн жарыялашты.

«Кытай тору» деп аталган баяндамада лагерлердеги тартипти Шинжаңдын коопсуздук кызматынын жетекчиси өзү түздөн-түз көзөмөлдөп, анда кармалып тургандардын чачтары кыркылып-кыркылбаганына, эшиктер жабылып-жабылбаганына чейин карап турары айтылат. Укук коргоочу уюмдар лагерлер уйгурларды жана башка аз улуттарды күчтөп ассимиляция кылууну, алардын диний ишенимин өзгөртүүнү көздөй турганын белгилешкен.

- Мында эң маанилүүсү – Кытай өкмөтү чынында анын ичинде эмне кылып жатканын даана түшүнгөнүбүздө. Бул «Кесиптик даярдык лагерин сиз кандай башкарышыңыз керек?» деген эреже. Анын жыйынтыгы – бүтүндөй бир улуттук азчылыкты өзгөртүү. Бул маданий геноцид жана социалдык өзгөрүүнү күч менен жасоо, - дейт иликтөөчү Адриан Зенс.

Журналисттердин колуна тийген маалыматтарга ылайык полиция жана атайын техникалык каражаттар камактагы адамдарды катуу көзөмөлдөп, алар тууралуу маалыматтарды чогултушат. Иликтөөчүлөр Бээжиндин «ага динчил адамдар көз карашын өзгөртүш үчүн өз ыктыяры менен жазылат» дегени да чындыкка коошпой турганын белгилешкен. Лагерлерде соттун чечими жок эле кармалып турган жарым миллиондон киши болсо, анын көпчүлүгү уйгурлар.

- Биз эртең менен ойгонуп, мамлекеттик гимнди ырдагандан кийин «Си Цзиньпиңге рахмат!», «Жашасын Си Цзиньпиң!» деген сыяктуу сөздөрдү айтчубуз. Ошондон кийин гана бизге тамак беришчү. Сабак учурунда алар бизге динге ууланганыбызды, ислам дини оору экенин, ал чет өлкөдөн келген дин экенин айтышчу. Эгер Кытайда дин боло турган болсо, ал буддизм гана болушу керек экенин айтып, биз башка бир да динге ишенбешибизди талап кылышчу, - деди камакта отуруп чыккан уйгур Зумрат Даут.

Кеңсеси Вашингтондо жайгашкан «Чыгыш Түркстан» улуттук козголуш кыймылы (ETNAM) Кытайда мусулман азчылыктар кармалып турган 500гө жакын лагерь жайгашкан жерлерди таап чыкты. Аталган уюм 12-ноябрда ушундай 182 жай туралуу алгачкы маалымат таратты. Ал калган 209 түрмө менен 74 эмгек лагери тууралуу кийинчерээк айтыларын билдирди.

Бээжин анын дарегине айтылган дооматтарды четке кагып, лагерлерди «тил жана кесип үйрөтүүчү борборлор» деп атап келе жатат. Кытай бийлиги Шинжаңдагы чараларды чөлкөмдө коопсуздукту камсыз кылуу аракети менен түшүндүргөн.

Кытайдын Борбор Азиянын үч өлкөсү менен чектешкен Шинжаң районунда уйгур, кыргыз жана казак ж.б. мусулман коомчулугунун өкүлдөрүнүн эркиндиги чектелип, укуктары одоно бузулуп жатканы бир нече жылдан бери кабарланып келет.

«Human Rights Watch» сыяктуу эл аралык уюмдар кеминде 1 миллион уйгур Шинжаңдагы саясий лагерлерде негизсиз кармалып, Коммунисттик партиянын идеологиясын жана кытайча үйрөнүүгө мажбур болуп жатканын белгилешкен. Муну чет өлкөлөргө, анын ичинде Казакстан жана Кыргызстанга чыгып кетүүгө үлгүргөн шинжаңдыктар да ырасташкан.

Казакстандагы кытайлык казактар Шинжаңда калган жакындарын лагерлерден бошотуп берүү тууралуу өтүнүч менен соңку эки жыл ичинде бир нече жолу казак бийлигине кайрылышкан. Былтыр Кыргызстандагы кытайлык кыргыздардын өкүлдөрү да Шинжаңдагы жакындары кармалып жатканын айтып чыгышкан.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Пикирлерди көрүңүз (3)

XS
SM
MD
LG