Линктер

жума, 18-октябрь, 2019 Бишкек убактысы 07:52

Шинжаңдан кайткан казак келиндин азабы


Гүлзира Могдин.

Казак жаранына турмушка чыккан кытайлык казак келин Гүлзира Могдин 2017-жылы мекени Шинжаңга барганда бийлик өкүлдөрү боюндагы баласын алдыртып, өзүн мажбурлап кургак учук оорусунан дарылашканын айтат. 

Шинжаң-Уйгур автоном облусунда туулуп-өскөн Гүлзира Казакстанга 2017-жылы июлда көчүп келген. Көп өтпөй Алматы облусундагы Каракастек айылында казак жараны Аман Ансаганга күйөөгө чыккан. 37 жаштагы келиндин мурунку күйөөсү каза болуп, ал эки баласы менен жесир калган экен.

Казакстанга аттанып баратканында Шинжаңдагы Бурылтогай райондук полиция бөлүмүндө ага эки айдан кийин кайтып, документтерге кол коюу керек экенин эскертишкен.

«Сиз эч жакка барбайсыз, азырынча бул жакта болосуз» дей башташты.


- Күзгү каникулда эки баламды алып Кытайга жөнөдүм, - дейт ал. - Айылыма барсам эле полиция кызматкерлери келип документтерибизди, телефонумду алып кетип, 24 сааттан кийин кайтарышты. «Казакстанга кетерде документтерди аласың» дешкен, кийин мен кайрылганда «сиз эч жакка барбайсыз, азырынча бул жакта болосуз» дей башташты.

Гүлзиранын айтымында, полиция кызматкерлеринин баарын анын телефонундагы «WhatsApp» тиркемеси кооптонтуп, аны суракка алышкан.

Шинжаңда жүргөндө Гүлзира ооруканага барып, боюна бүтүп калганын билгенден кийин дарыланган. Ошондо жергиликтүү бийлик өкүлдөрү Кытайдын «Калк жана пландуу төрөт жөнүндө» мыйзамы боюнча үчүнчү баланы төрөөгө тыюу салынганын айтып, баланы боюнан түшүрүшү керек экенин айта башташкан.

Гүлзира боюндагы баласынын атасы Казакстандын жараны экенин, ал Казакстанга барып төрөй тургандыгын, казакстандык күйөөсүнүн макулдугу болмоюнча боюнан алдырбай турганын айтып, баш тарткан.

Ал жакта агам отурган экен. Менин көзүмчө ага басым кылышты.

- Алар күн сайын келип, мени көндүрүүгө аракет кылышты, - дейт ал. - Мен макул болгон жокмун. Ошондо алар менин жалгыз агамды чакырышты. Ал жакта полиция күндүз эмес, түнкү 12ден кийин иштей баштайт. Бир жолу түнкү 12ден кийин келип, мени бөлүмгө алып барышты. Ал жакта агам отурган экен. Менин көзүмчө ага басым кылышты. Агам аларга «карындашым айткандарды аткарбаса, жоопкерчиликти мен алам» деп тилкат жазып берди. Андан кийин алар мени үйгө алып келишти, бирок жеке күбөлүгүмдү алып кетишти. Бул документсиз ал жакта дүкөнгө да барууга болбойт. Мен макул болууга мажбур болдум.

Гүлзира бийлик өкүлдөрү аны ооруканага алып барып, ошол жакта боюнан алдырышканын айтууда. Бир жумадан кийин Гүлзира эстен танып, ооруканага түшкөн. Ошондо аны «кургак учук менен ооруйсуң» деп дарылай башташкан.

– Ал жакта мен бир жума жаттым, - дейт Гүлзира. - «Сизге суук тийген, эч коркунуч жок» деп коюшту. Ийне сайып, дары берип жатышты. Ооруканадан чыккан соң бир нече күндөн кийин алар келип, мен кургак учук менен ооруй турганымды айтышты. «Эмне үчүн ооруканада жатканымда айткан жоксуңар?» деп, мен алар менен бир жакка баруудан баш тарттым. Алар ой-боюма койбой ооруканага алып барып, ал жакта текшерүүдөн өттүм, акчасын өздөрү төлөштү. Алар кагазды казак дарыгерге көрсөтүштү, ошондо ал «бул кургак учук эмес, өпкөгө суук тийген» деди. Ошондон кийин гана алар мени үйгө жеткиришти.

Полиция кызматкерлери улам үйгө келип, суракка чакыра бергендиктен, үй-бүлөдөн кошуналары, туугандары да качып калган. 27-январда Бурылтогай районунун полициясы агасын камакка алып, аны саясий лагерге жөнөткөн. Кийин Гүлзиранын сиңдиси да куугунтукка кабылган.

Мага кургак учуктан дары берип жатып, атайлап ооруну козгошту.

- Сиңдим кош бойлуу болчу. Ага кысым көрсөтүшүп, ал чыдабай ыйлап, болбой калды. Анан мен барып, ооруканага жаттым. Балдарыма жолуктурушпады. Өзүнчө бөлмөдө жатам, үч маал тамак беришет. Эшиктин алдына видео камера коюп коюшкан, ким киргенин карап турушат. Он күн жаттым. Мага кургак учуктан дары берип жатып, атайлап ооруну козгошту. Муну өздөрүнүн аракеттерин жашырыш үчүн жасашты.

Ооруканадан кийин Гүлзира Могдин алты ай Кокагаш айылында үй камагында болуп, Казакстанга 2018-жылдын май айында кайткан. Гүлзиранын айтымында, жарым жыл бою анын артынан машинеде бирөөлөр көзөмөл салып жүргөн. Кызы болсо интернатка берилип, ал эми уулун көзү өтүп кеткен мурдагы күйөөсүнүн ата-энеси багып алган.

Гүлзира болгон окуяны айтып бергенден кийин Алматы облусундагы Аман Ансаган Кытайдын Астанадагы элчилигине, Казакстандын президентине, Тышкы иштер министрлиги менен бир катар эл аралык уюмдарга арыз менен кайрылган.

- Кытай бийлиги аялымда кургак учук оорусун атайылап козгогон. Казак бийлиги менин кайрылуумдан кийин гана кийлигишип, аялымды кайтарып беришти, - деди ал.

Гүлзира Могдин азыр Алмата облусундагы Жамбыл райондук ооруканасында каттоодо турат. Дарыгер Мариямхан Елебаева Гүлзаданын кургак учук оорусу бар экенин ырастады, бирок анын боюнан атайлап түшүрүлгөнүн аныктоого мүмкүн эмес экенин айтты.

Кытайда казактар менен уйгурлар кысымга кабылып, алар «саясий тарбия лагерлерине» жөнөтүлүп жатканы 2016-жылы айтыла баштаган. Эл аралык укук коргоо уюмдары менен дүйнөлүк басылмалар Кытайда аз улуттардын өкүлдөрү массалык камалып жатканын сындап келатышат.

Расмий Бээжин «саясий тарбия лагерлериндеги» кыйноо тууралуу айыпты четке кагууда.

«Борбордо эч кандай кысым жок. Алар квалификациясын жогорулатып, тренингдерден гана өтүшөт. Кийин жакшы жумуш таап, биздин башкы мыйзамдарды билип калышат» деген Кытайдагы адам укуктары боюнча бюронун өкүлү Ли Сяоцзюнь 13-сентябрда «Reuters» агенттигиндеги маегинде. Кытайдын Улуу Британиядагы элчиси Лю Сяомин да «Шинжаңда аз улуттардын өкүлдөрү кысымга кабылып жатат» деген маалыматтарды четке каккан. Кытайдын Казакстандагы элчилиги арыздар боюнча бир да расмий билдирүүгө жооп берген эмес.

Казакстандын тышкы иштер министри Кайрат Абдрахманов Астана менен Бээжиндин ортосунда кытайлык казактар менен казак жарандарын абактан бошотуу боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатканын бир нече ирет айткан.

Расмий Астана «Шиңжаңдагы жагдай - Кытайдын ички маселеси» деген позицияда турат. Шиңжаңдагы кытайлык казактардын абалы Казакстанда Кытайга каршы маанайдын күчөшүнө себеп болуп жатканына карабай, президент Касым-Жомарт Токаевдин Кытайда сентябрда өткөн сапарында бул маселе көтөрүлгөн эмес.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Лазат Жаныбек кызы

    "Азаттык" радиосунун Москвадагы кабарчысы. К.Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетин жана Орусиядагы Улуттук изилдөө университетинин Экономика жогорку мектебинде магистратураны бүтүргөн.

Пикирлерди көрүңүз (3)

XS
SM
MD
LG