Линктер

дүйшөмбү, 21-октябрь, 2019 Бишкек убактысы 15:49

Токаевдин сапары, Шинжаң казактарынын үнү


Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев Бээжин аэропортунда. 11-сентябрь, 2019-жыл.

Казакстанда «кытай долбоорлоруна» каршы акциялар күчөп жаткан шартта президент Касым-Жомарт Токаев Бээжинге мамлекеттик сапары менен барды. Антикытайлык маанай күткөн акциялардын катышуучулары Кытайдын Шиңжаңдагы казактарга карата саясатын да айыпташууда.

11-сентябрда Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаевдин Кытайдагы алгачкы мамлекеттик сапары башталды. Президенттин басма сөз кызматынын кабарына караганда, эки күндүк сапарында Токаев Кытайдын мамлекет башчысы Си Цзиньпиң, премьер-министри Ли Кэцян жана башка расмий өкүлдөр менен жолугушат. Бээжинде өтүүчү казак-кытай бизнес форумунун 6-отурумунун ачылышына катышат. Мындан тышкары сапар алкагында Токаев Кытайдын Ханчжоу шаарына да барары айтылууда.

«Кытай - биздин стратегиялык өнөктөш»

Мамлекеттик сапарынын алдында Касым-Жомарт Токаев Кытайдын CCTV телеканалына казак жана кытай тилдеринде маек куруп, Кытай Казакстандын стратегиялык өнөктөшү экенин билдирген:

«Кытай менен стратегиялык кызматташтыкты өөрчүтүү Казакстан үчүн өтө маанилүү. Биз өзүбүз жактан казак-кытай кызматташтыгынын ойдогудай бекемделип, өнүгүшүнө терең көңүл бурабыз».

Токаевдин сапарын Мажилистин айрым депутаттары өлкөнүн экономикалык тагдырын чечүүчү мүнөзгө ээ деп сыпатташты. Алардын бири Бакытжан Ертаев ортодогу алака ушул сапардан кийин ого бетер чыңдалат деген пикирде.

«Токаев - дипломат адам, Кытайда да буга чейин көп жолу болгон. Бул жолугушууда эзелтен коңшу жашаган эки өлкөнүн кызматташтыгын арттыруу аракети болот деген пикирдемин. Чек арабыз бир, саясий жагынан да, экономика жагынан да биздин достук-ынтымак мамилебизди чыңайт деп ишенем», - деди ал.

Алматыдагы «кытай экспансиясына» каршы акция. 4-сентябрь, 2019-жыл.
Алматыдагы «кытай экспансиясына» каршы акция. 4-сентябрь, 2019-жыл.

«Антикытай» акцияларынын артында ким турат?

Токаевдин сапары Казакстанда «кытай долбоорлоруна» каршы акциялар күчөгөн учурга туш келди. Өткөн аптадан тартып өлкөнүн бир катар шаарларында «Кытай экспансиясына» каршы нааразылык акциясына чыккандар бийликти Кытайдын заводдорун жабууга жана президент Токаевден Бээжинге барчу сапарынан баш тартууга чакырышкан.

Казак өкмөтү Кытайдын инвестициясы экономиканы өнүктүрүш үчүн маанилүү экенин билдирип, биргелешкен долбоорлордун алкагында жогорку технологиялык ишканалар курулуп, казакстандыктарга жаңы жумуш орундары ачыларын маалымдаган. «Кытай экспансиясына» каршы акцияларды бийлик өлкөдө туруксуздук болушун көксөгөн чагымчылдар уюштуруп жатканын билдирип, бирок алар ким экенин ачыкка чыгарган эмес.

Кытайдын Нур-Султандагы элчиси Чжан Сяо да бул акциялардын артында элди дүрбөтүп, «эки тараптын достук, кызматташтык карым-катышына каршы болгон адамдар турат» деп билдирген.

Казакстандык саясат таануучу Азимбай Гали бул күчтөр Орусияга ыктагандар болушу мүмкүн деп эсептейт.

«Же оппозиция же Орусия турушу мүмкүн, - деди ал. - Анткени Казакстандын Кытай менен ысык мамиледе болушун Орусия каалабашы мүмкүн. Батыштын да буга көзү түз эмес. Анткени баарыбызга АКШ менен Кытайдын ортосундагы экономикалык мамиле сууп баратканы белгилүү».

Шиңжаңдагы казактардын туугандары Алматы шаарында басма сөз жыйынын өткөрүп, алардын жакындары Кытайдагы лагерлерде кармалып турушканын билдиришкен. 12-сентябрь, 2018-жыл.
Шиңжаңдагы казактардын туугандары Алматы шаарында басма сөз жыйынын өткөрүп, алардын жакындары Кытайдагы лагерлерде кармалып турушканын билдиришкен. 12-сентябрь, 2018-жыл.

Токаев Шиңжаңдагы казактардын тагдырына кайрылабы?

Токаевдин Бээжиндеги сапары тууралуу таратылган расмий маалыматта Кытайдын түштүк-батышындагы Шиңжаң аймагында турган казактар маселеси жөнүндө кеп-сөз жок. Шиңжаңдагы башка аз улуттар менен кошо кытайлык казактар да бийликтин кысымына туш болушканы тууралуу кабарлар 2017-жылдан бери тарап, бул Казакстанда Кытайга каршы маанайдын күчөшүнө себеп болгон. Казакстандагы кээ бир уюмдар казак бийлигинен жана эл аралык уюмдардан Шиңжаңдагы казактарды куткарууну өтүнүп, жардам сурашкан.

Бирок айрым серепчилер Казакстандын жетекчилиги «Шиңжаңдагы жагдай - Кытайдын ички маселеси» деп санаган Бээжиндин пикири менен эсептешүүгө мажбур, ошондуктан, бул маселени так кесе коё албайт деген пикирлерин айтышууда.

Борбор Азиядагы Демократиялык өнүгүү фондунун жетекчиси Толгонай Умбеталиева Казакстан бардык маселеде, анын ичинде Шиңжаң казактары боюнча да Бээжин менен эсепетешүүгө аргасыз деген оюн айтты:

«Казакстан Кытайга көп карыз, бул өлкөдөн инвестиция келип жатат. Кытайдан качып өткөн Сайрагүлгө качкын макамы бериле турган болсо, анда Бээжин Нур-Султан менен кызматташуудан баш тартарын айтып, шарт койгон болуш керек».

Шиңжаңдагы казактарга жасалып жаткан кысым жана алардын «тарбиялоочу лагерлерге» мажбурлап жайгаштырылып жатышы тууралуу алгачкы маалыматтар 2017-жылы жазында айтыла баштаган.

Былтыр БУУ Шиңжаңдагы миллиондогон уйгурлар жана башка аз улуттар «экстремизмге каршы күрөш борборлорунда» кармалып турушканын, миллионго жакын адамдар «кайра тарбиялоочу лагерлерге» жайгаштырылып жатканы тууралуу маалымдаган. Кытай башында лагерлер тууралуу маалыматтарды төгүндөп чыккан. Бирок кийинчерээк бул лагерлер экстремизмге жана терроризмге каршы «кесип үйрөтүүчү борборлор» экенин жарыялаган.

Быйыл март айында Казакстандын тышкы иштер министри Бейбут Атамкулов жыл башынан бери Кытайда казак жана кытай паспортторун алып жүргөн 33 адам кармалганын билдирген. Алардын ичинен 20сы Казакстанга кайтып келген. Атамкулов дипломаттардын жардамы менен Кытайда кармалган казактардын саны 80 пайызга азайганын белгилеген.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG