Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:47

Казакстандагы кытай заводдоруна нааразылык


Нур-Султан шаарындагы активисттер.
Нур-Султан шаарындагы активисттер.

Казакстанда үч күн катары менен кытай ишканаларынын салынышына каршы нааразылык акциялары өтүп жатат.

Бул акция алгач Казакстандын Жаңы-Өзөн шаарында башталган. Ал эми 4-сентябрда Нур-Султан, Алматы, Чымкент, Актөбө шаарларында да «кытай заводдорунун салынышына каршы» деп аталган митингдер болду.

4-сентябрда Казакстандын борбору Нур-Султан шаарында Жаңы-Өзөндүн тургундарынын «кытай заводдорунун салынышына каршы» акцияларын колдогон ондогон адам чыкты. Аларды полиция тарап кетүүгө чакырды.

Кийин көчө аралап, ураан чакырган активисттер акимчиликке келишти. Нур-Султан шаарында активисттер кытай долбоорлоруна гана каршы эмес, социалдык көйгөйлөр, Орусия колдонуп келе жаткан полигондор маселеси тууралуу да айтып жатышты.

Ушундай эле нааразылык акциясы 4-сентябрда Алматы шаарында да өттү. Шаардын акимчилигине чогулган 30дай адам «Казакстанда кытай заводдорунун салынышына каршы» нааразылык акцияларын өткөргөн жаңыөзөндүктөрдү колдой турганын билдирип, атайын резолюция да кабыл алышты. Ага саясий талаптар да кошулду:

Эгер бүгүнтөн тартып бошотулбаса, биз «Нур-Отан» партиясына жана президент Токаев мырзага ишенбейбиз.


«Казак жеринде кытай заводдорунун курулушуна тыюу салынсын, кооптуу Кытай мамлекетине байланыштуу Казакстандын саясаты өзгөрүлсүн, Кытайдын саясий жана экономикалык экспансиясына жол берилбесин. Саясий туткундар бүгүнтөн тарта бошотулсун. Эгер бошотулбаса, биз «Нур-Отан» партиясына жана президент Токаев мырзага ишенбейбиз. Биздин жерде да концлагерлер бар».

Кытайдын экономикалык саясатына каршы нааразылык акциялары Чымкент, Актөбө шаарларында да болду.

Актөбөдө жергиликтүү убакыт боюнча таңкы саат 10до облустук имараттын алдына жүздөй киши жыйналып, кытай долбоорлорунан баш тартууну талап кылышты. Алар «Экспансияга жол бербейбиз», «Кытай заводдору салынбасын!» деп кыйкырып жатышты. Алардын алдына шаар акиминин орун басары Марат Тогжанов чыгып, бул уруксат берилбеген жыйын экенин эскертип, элди тарап кетүүгө чакырды.

4-сентябрда Чымкент шаарынын мэриясына 30дай киши топтолуп, жаңы-өзөндүктөрдү колдоп, «Кытай экспансиясына каршылык» билдиришти. Чымкент шаарынан жана Түркстан облусунан келген жарандар Казакстандын бийлигин сындап, андан кытай долбоорлорунан баш тартууну талап кылышты.

Кытай заводдоруна каршы нааразылык акциясы Казакстандын Маңгыстау облусуна караштуу Жаңы-Өзөн шаарында үч күн мурда башталган. Ал арада 4-сентябрда Жаңы-Өзөндүн акими алмашканы белгилүү болду. Акимдин алмашуусу шаарда кытай заводдоруна байланыштуу нааразылык акциялары болуп жаткан учурга туш келди. Соңку эки жылдан бери шаар башчысы болуп иштеп жаткан Адилбек Даулбаевдин ордуна Максат Ибагаров дайындалды. Ал «Өзенмунайгаз» мунай компаниясынын башкы директорунун орун басары болуп иштечү.

Акыркы кезде «Кытай Казакстанда 55 завод куруп жатыптыр» деген маалыматтар айтылууда. Расмий Бээжин да, казак өкмөтү да өз ара кызматташуу, анын ичинде 50дөн ашык биргелешкен ишкана куруу планы эки тарапка тең пайда алып келерин билдирүүдө.

Быйыл апрель айында Казакстандын мурдагы президенти, Коопсуздук кеңешинин төрагасы Нурсултан Назарбаев Кытай телеканалынын журналисти менен болгон маегинде 55 долбоордун 15и ишке киришкенин, дагы 11 бизнес быйыл ишин баштай турганын айткан.

Нурсултан Назарбаев.
Нурсултан Назарбаев.

«Эгер 55 ишкананы ишке киргизсек, анда анын Казакстанга пайдасы өтө чоң болот. Миңдеген адамга жумуш берилет. Биз мунай, газ жана металл сыяктуу байлыгыбыз менен гана тиричилик кылып келе жатабыз. Бизге башка да өндүрүш керек. Азыр ошону ойлонуштуруп жатабыз. Аны Кытай Эл Республикасы менен бирге ишке ашырабыз жана ал пайдалуу болот», - деп билдирген Нурсултан Назарбаев.

Жалпысынан Кытай Казакстанга эң көп инвестиция салган төрт мамлекеттин, ошондой эле эң көп карыз берген үч өлкөнүн бири. Расмий маалымат боюнча, Казакстандын Кытайга төлөй турган карызы 12 миллиард доллардан ашат. Кытайдан карыз алуу да эл сындап келе жаткан иштердин бири.

Казакстандагы Кытайдын экономикалык долбоорлоруна каршы нааразылык президент Касым-Жомарт Токаевдин Бээжинде өтө турган сапарынын алдында болуп отурат.

Токаев 11-12-сентябрдагы сапарында Кытайдын башчысы Си Цзиньпиң менен жолугуп, эки тараптуу кызматташтыкты талкуулайт.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG