Линктер

дүйшөмбү, 21-май, 2018 Бишкек убактысы 07:22

Кытайда жапырт куугунтукталып жатат деген этникалык казактардын көйгөйү Астанада өкмөттүк саатта көтөрүлдү.

Бул маселе боюнча тышкы иштер министринин орун басары атайын Үрүмчүгө жөнөп жатканын билдирди. Казакстанга көчүп келген кытайлык казактар туугандарын кытай өкмөтү куугунтуктап жатканын былтыртан бери айтып келүүдө. Кытайда казактарды жикчилдикке айыптап, ашынган динчилдерге, согушкерлерге катышы бар деп кармаган учурлар бар.

Камоого себеп болгон каттоо

16-апрелде парламенттеги өкмөттүк саатта кытай казактарынын маселесин депутат Бекболат Тлеухан көтөрдү. Ал өкмөттөн "Кытайдагы оор жагдайга кабылган кандаштарыбыздын маселесин Тышкы иштер министрлиги аркылуу эл аралык эрежелерге таянып чечүүгө болбойбу” деп сурады.

Буга жооп берген тышкы иштер министринин орун басары Мухтар Тлеуберди Казакстанга келип оралман макамын алган казактар Кытайда туруктуу каттоодон чыкпай, Бээжин өкмөтүнүн жеңилдиктерин алып келгени көйгөй жаратып жатканын айтты:

- Казактар бизге келип жеңилдик аркылуу жарандык алышкан. Андан кийин кытай элчилигине барып паспортторун тапшырышкан. Бирок Үрүмчү жакка кайтып барган кезде алар туруктуу каттоодон чыкпагандыгына байланыштуу кармалып жатат. Себеби алар туруктуу каттоодон чыкпагандыктан социалдык төлөмдөрдү алып келишкен. Жергиликтүү бийлик азыр буга тыюу салган. Ушундай маселелер туулуп жатат. Ошондуктан биз жеңилдиктерди бергенде караштырып, Кытайдагы талаптарга каршы келбей тургандай жасашыбыз керек. Бул боюнча кытай өкмөтү менен жолугушуу өткөрүп жатабыз. Мен эртең өзүм Үрүмчүгө жолго чыгам. Ал жактагы казак диаспорасынын маселелерин талкуулоо үчүн барам.

Муктар Тилеуберди.
Муктар Тилеуберди.

Кытайдагы этникалык казактардын жапырт кысымга кабылып, кармалып жатканы тууралуу кабарлар 2017-жылдын апрель айында чыга баштаган. Кармалгандардын ичинде көбүнчө тарыхый мекенине көп каттагандар же Казакстанга көчүп кеткен туугандары барлар экени айтылып келет. Ал гана эмес казак жарандыгын алгандардын да камалганы кездешет. Аларды кытай өкмөтү “идеологиясы бузулган” деп эсептеп, “тарбиялоо үчүн саясий лагерлерге” жөнөтөрү айтылууда. Ошондой лагерде жатып келген кытайлык казак абалды мындайча сүрөттөдү:

- Казакстандын маалымат каражаттарына кабар бергенден кийин менин үй-бүлөмдөн апамды, карындашымды да кармап кетти. Ал жакта абал оор. Лагерлер аз сандагы улуттарды жок кылууга багытталгандай. Ал жердеги кысымдарды көргөндө адамдар чыдабай турган абалга жетет. Кантип сүрөттөп айтышты да билбейм. Адамды мал сыяктуу, малдан да төмөн даражада кармаганды кантип сөз менен айта алам...

Кытай мемлекеттик желегине урмат көрсөтүү иш-чарасы. Көк-Токой району, Алтай аймагы, Кытай.
Кытай мемлекеттик желегине урмат көрсөтүү иш-чарасы. Көк-Токой району, Алтай аймагы, Кытай.

Камакта отуруп кайтып келгендер

​Ал арада 16-апрелде Кытайда камакта отурган бир нече казакстандык үйлөрүнө кайтып келгени маалым болду. Бул тууралуу “Азаттыктын” казак кызматына "Ата-Журттун эрктүү жаштары" маалымат борборунун өкүлү Кыдыралы Оразулы кабарлаган. Анын айтымында, Кытайда қамакта отурган сегиз жарандын алтоо Казакстанга кайтып келген. Алар - Көксебек Орынбек, Мукаш Еркеш жана Талдыкоргон шаарында жашаган жубайлар. Оразулы дагы Аман жана Арман деген эки адам келгенин кошумчалаган.

Көксебек Орынбектин тууганы иниси Кытайда төрт ай "саясий тарбия берүү" борборунда отуруп келгенин билдирген.

- Ден соолугу анча эмес. Азырга чейин башынан өткөн окуялар тууралуу эч нерсе айткан жок.

Кайтып келген дагы бир адам "саясий тарбия берүү борборунда" 20 күн отурган.

Назарбаевге жеткен кытай казактарынын муңу

Кытайдагы казактардын жапырт куугунтукка алынып жатканы тууралуу маселе биринчи жолу жогорку деңгээлде былтыр июнь айында Астанада өткөн Дүйнө жүзүндөгү казактардын бешинчи курултайында көтөрүлгөн. Президент Нурсултан Назарбаев да катышкан жыйында бул маселени Германиядан келген делегат Өмирхан Алтын айтып чыккан.

- Кытай өкмөтү өзүнүн негизги мыйзамдарына, эл аралык мыйзамдарга, эл аралык адам укуктарына каршы иштерди жасап, агайындарыбыздын укуктарын тебелеп, кыйнап-кыстап жатат. Ал жакта агайындарыбыз чырылдап жатат. Ушундай чоң жыйында азыркы кезде да чырылдап жаткан агайындарыбыздын жагдайын эске алып койсок.

Казак президенти курултайда Кытайдагы казактардын оор абалы тууралуу биринчи жолу угуп отурганын айтып, тиешелүү министрликтерге тапшырма берерин билдирген:

- Шинжаңда ар кандай жагдайлар бар. Терроризм да бар, сепаратизм да бар. Бирок казактарга жасалып жаткан кыянатчылыктар тууралуу мага жеткен жок. Эгер ошондой нерсе бар болсо, элчилик, Тышкы иштер министрлиги аркылуу тийиштүү көңүл бурабыз.

Нурсултан Назарбаев.
Нурсултан Назарбаев.

Кытайдагы туугандарынан кабар алып жаткан казактардын айтымында, бир жыл ичинде алардын абалы жакшырган жок. Алар Астана бийлигинен Кытайда калган туугандарына жардам берүүсүн сурап, бир канча жолу маалымат жыйындарын уюштуруп, акцияларды өткөрүүгө аракет кылды.

Кытайда казактар негизинен Шинжаң-Уйгур автоном районуна караштуу Иле-Казак автономдуу аймагында, Алтай, Тарбагатай жана башка аймактарда, Үрүмчү шаарында жашайт. 2000-жылдагы эл каттоого ылайык, алардын саны бир миллион 250 миңге чамалайт. Казактардын өздөрү Кытайдагы санын эки миллионго жетет деп санашат.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG