Линктер

ишемби, 16-декабрь, 2017 Бишкек убактысы 05:46

Кытайдын Казакстандагы элчиси Чжан Ханьхуэй этникалык казактарга Кытайда көрсөтүлүп жаткан кысым боюнча биринчи жолу үн катты. Кытайда камакка алынган казактардын туугандары элчинин убадасынан кийин кырдаал өзгөрөт деп үмүт кылышат.

Өзүнүн чын атын жашырып коюуну суранган Санкей Адал Кытайдагы Үрүмчүдө жашаган этникалык казак.

Ал Казакстанга 20 күн мурда келген. Соода-сатык менен алектенген Санкей Кытайдан араң чыкканын айтып отурду. «Кан жана бармак издеримди тапшырып, өзүм жөнүндө маалыматтарды берип, ишкердик келишимдерин көрсөтүүгө туура келди», - дейт ал.

- Жакында аялым Үрүмчүдөн чалып, кайтып келишимди суранды. Чет жакта бир айдан ашык жүрсөң, суракка чакырып, «башка өлкөнү жакшы көргөндүк үчүн» деп айыптап, камап коюшу мүмкүн. Мындай камалгандарды саясий тарбиялоо борборуна алып барып, үч айдан жарым жылга чейин камашат. Ошондуктан иштерим бүтпөсө деле кайтууну туура көрүп турам. Бирок кайтканда деле ар кандай шылтоо менен камап салышы мүмкүн.

Санкейдин айтымында, Шинжаңда жашаган бардык мусулман калкы азыр тыкыр көзөмөл алдында.

- Бир айылдан экинчи айылга барууга уруксат керек. Мамлекеттик кызматкерлердин паспортторун чогултуп алган. Эгер алар чет жакка чыгам десе, жогорку өкмөткө арыз жазып, уруксат алышы керек. Уруксат болсо чыгат, болбосо калат. Диний кызматкерлер өзгөчө кысым алдында.

Санкей Үрүмчүдөгү казактарга WhatsApp мессенджерин колдонууга жана ал аркылуу чет өлкөлөргө чалууга тыюу салынганын айтууда. «Азыркы саясат – бул ырайымсыз башкаруу, тагыраак айтканда, ыкчам сокку уруу. Кармалгандарды дароо камакка алышат», - дейт Санкей Адал.

Кытайдын Казакстандагы элчиси Чжан Ханьхуэй 31-октябрда Астанада журналисттер менен жолугуп, «мындай мыйзамсыз иштер болгонун» моюнга алган.

- Шинжаң-Уйгур автономдук районунда Коммунисттик партиянын 19-съезди өткөндө, казактар гана эмес, кытайлар жана башка улуттар дагы катуу текшерилген. Жер-жерлерде күч органдарынын кызматкерлери ашыкча иш-аракеттерди жасаган, мындай окуялар бар. Алар съездди тынч өткөрүү боюнча жогорку жактан келген тапшырманы аткарышкан. Биздин элчиликтин дипломаттары дагы Үрүмчүгө барып, мейманканага токтой алган эмес. Алардан паспорт талап кылынган, биздин кызматерлерде бир гана дипломаттык күбөлүктөр болгон. Пекинден атайын телефон чалышкандан кийин гана кызматкерлерибизге мейманканадан орун берилген.

Бул биздин өлкөнүн саясаты эмес, бул айрым мамлекетик кызматкерлердин аша чапкандыгы. Ошон үчүн мындай окуялар болуп жатса, мага кабарлагыла. Маалымат менен ойноого болбойт. Эки өлкөнүн ортосунда түшүнбөстүк жаралышы мүмкүн. Мыйзамсыз иштер болуп жатса бизге кайрылсын, мындай фактылар менен мен өзүм иштейм, - деди элчи.

Бул Кытай тараптан этникалык казактарга көрсөтүлгөн кысымдар боюнча биринчи жолу айтылган расмий жооп.

Алматыдагы Тышкы иштер министрлигинин сыртында турган кытайлык казактар.
Алматыдагы Тышкы иштер министрлигинин сыртында турган кытайлык казактар.

Кытайдан көчүп келип, Казакстанда жарандык алган активист Кыдырали Оразулы азыр конкреттүү фактылар тууралуу элчиликке арыз даярдап, эки-үч күндө жөнөтүшөрүн билдирди:

- Биз мурдатан Кытайдын элчилигине арыз менен кайрылуудан коркчубуз. Анткени, биздин Кытайда соттолгон туугандарыбыз жаза тартат деп кооптончу элек. Өткөн жумада Казакстандын Тышкы иштер министрлигине ушул маселе менен кайрылганбыз. Алар арызды кабыл алып, Кытай өкмөтүнө жеткирерин айтышты. Кытай элчисинин дагы айтып чыккандары ушуга байланыштуу болсо керек.

Казакстандын тышкы иштер министри Кайрат Абдрахманов чет жактагы казак диаспораларынын кызыкчылыктарынын маанилүү экенин баса белгилейт.

– Чет жактагы казак диаспораларынын кызыкчылыктары биздин тышкы саясий кызматтар үчүн башкы орунда. Укук бузуу боюнча кандайдыр бир маалымат түшсө эле, биз бул суроолорду Кытай тараптын алдына коебуз.

Кытайда этникалык казактарга кысым көрсөтүлүп жатканы тууралуу жай айларында айтыла баштаган. Астанада өткөн казактардын Дүйнөлүк курултайында бул маселе биринчи көтөрүлгөн. Анда Омирхан Алтын казак президенти Нурсултан Назарбаевге кайрылган.

- Кытайдан көп нерсе сураган жокпуз. Өлкө ичиндеги жарандарга кандай мыйзамдар болсо, чек арада жашаган казактарга дагы ошондой мамиле кылышсын.

Казактардын дүйнөлүк курултайы.

Нурсултан Назарбаев бул көйгөй тууралуу мурда билбегенин, эми маселе көзөмөлгө алынарын убада кылган.

- Бүгүнкү күндө Казакстан менен Кытайдын мамилеси өтө жакын, ортодо сый бар. Шинжаңда силер билгендей, бир катар жагымсыз жагдайлар бар. Терроризм да, сепаратизм да бар. Бирок мен казактар ал жакта кысымга алынганын уккан эмесмин. Эгер болсо, элчиликтен билип, Тышкы иштер министрлиги аркылуу тийиштүү иш-чараларды жүргүзүп, көзөмөлгө алабыз.

Кытайда мурдатан уйгурлар жашаган аймактарда диний жана саясий көз караштары өзгөчөлөнгөндөрдү жерип, аларды сот жообуна тарткан окуялар катталып келген. Көз карандысыз байкоочулар азыр ушул ыкма Шинжаңда жашаган этникалык казактарга дагы колдонулуп жатканын айтып келишет.

Этникалык казактар Шинжаңдын Или-Казак аймагындагы айыл-кыштактарда, Алтай жана Тарбагатайда, Үрүмчү менен Кытайдын дагы бир катар райондорунда жашап келишет. 2000-жылы жүргүзүлгөн каттоодо Кытайдагы этникалык казактардын саны 1 миллион 250 миң экени маалым болгон.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Лазат Жаныбек кызы

    "Азаттык" радиосунун Москвадагы кабарчысы. Орусиядагы Улуттук изилдөө университетинин Экономика жогорку мектебинде окуйт. К.Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университетин бүтүргөн. 

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG