Линктер

дүйшөмбү, 18-декабрь, 2017 Бишкек убактысы 01:36

КЭРдин ШУАР аймагын байырлаган жергиликтүү этностордун бири - кыргыздардын айрым өкүлдөрү жергиликтүү бийлик тарабынан куугунтукка кабылганы айтылууда. Жалпысынан, КЭРдеги кыргыздар улуттук-маданий өнүгүү үчүн бийликтин жардамын да алып келет.

КЭРдин Шинжаң-Уйгур автоном районуна караштуу Кызыл-Суу Кыргыз автоном аймагынын мурдагы тургуну, былтыр Кыргызстандын жарандыгын алган Турдакун Абылеттин жакындары анын Кытайда бейкүнөө камакка алынганын айтышып, кыргыз бийликтерине жардам сурап кайрылышты.

Алар 34 жаштагы Турдакун Абылет Кыргызстандын жарандыгын алганы үчүн камалды деп, өз жаранын коргоодо бийликтер чабалдык кылып жатканын белгилешүүдө. Кыргыз бийлиги болсо муну Турдакун Абылет кыргыз паспортун алардан мурун Кытайдын жарандыгынан чыкпаганы менен байланыштырды. Ал тапта Кытайдан Кыргызстанга көчүп келген айрым кыргыздар КЭРдин Шинжаң-Уйгур автоном районуна барган туугандары, тааныштары четинен камакка алынып жатканын жана ал жакта басым күчөгөнүн маалымдап жатышат.

Бишкектин тургуну Муслихидин Салимов жакын досторунун бири, кытайлык кыргыз Турдакун Абылет төрт айдан бери дайынсыз болуп жатканын билдирди. Анын белгилешинче, Турдакун Абылет эки жыл мурда Кызыл-Суудан Кыргызстанга келип, былтыр 25-октябрда кыргыз паспортун алган. Ошондон кийин анын Кызыл-Сууда калган атасы белгисиз себеп менен камакка алынганы маалым болгон.

Кызыл-Суудан туугандары, укук коргоо органдары Абылет менен байланышып, Кытайга кайра барса атасы камактан чыгарын айтышкан. Ошондон улам Кытайга жол тарткан Абылетти быйыл апрелде чек арадан өтөрү менен кармап кетишкен. Кетер алдында кокус камап койсо өзүнөн кабар алууну суранып, Кытайдагы туугандарынын телефон номурларын калтырып кеткен экен.

Бирок Муслихидин Салимов досунун Кызыл-Суудагы туугандарына чалып, оңчулуктуу жооп ала албай койдум дейт:

- Ал жакта биздегидей сөз эркиндиги жок экен. Телефон чалып сурасам “ооба же жок” дегенден башка кепти айтышпайт. "Келди же келген жок, тигилер кармашты, тиги жакта камалып турат" деген нерселерди тактай албадым. Такыр сөз айтышпайт. Жагдайлары ошондой экен, ачык сүйлөшө алышпайт. Текшерүүлөр болуп, кысым аябай күч экенин байкадым. Тигилердин абалын түшүнүп туруп, аларга залака тийбесин деп мен да телефон чалып, досум тууралуу так маалымат сурай албай атам.

Муслихидин Салимов кытайлык досунун кабарын билгенге жардам берүү өтүнүчү менен Кыргызстандын Тышкы иштер, Ички иштер министрликтерине, Консулдук кызмат департаментине кайрылган. Аталган мекемелер Турдакун Абылет кыргыз паспортун алардан мурун Кытай жарандыгынан чыгуу жараянынан өткөн эмес деген жооп кайтарышкан. Буга Абылеттин Салимов баштаган санаалаштары ынанган жери жок:

- Болгон маселе жарандык алганда тиги жактан каттоодон чыкпай калганы үчүн камап койгон болушу мүмкүн деп жатышат. Жарандык берилерден мурун кыргыз тарап Кытайга кат жиберип, ал жактан Турдакундун паспорт алса болору тууралуу жооп келген да. Ошого жөн эле шылтоо кылып жатышат. Камай турган эч бир негиз жок эле. Анын чек арадан кармалганы тууралуу гана маалымат бар. Атасы былтыр ал кыргыз жарандыгын алгандан кийин кысымга кабылган. Ага чейин тынч эле болчу.

Салимов теңтушунун камалышын Кытайда кыргыз, уйгур, казак тектүүлөргө диний экстремизмге байлаган кысымдар көбөйүп жатат деген жоромолго көбүрөөк байланыштырууда. Турдакун Абылеттин чоо-жайын билүү үчүн Кытайдын Кыргызстандагы элчилиги менен "Азаттыктын" кабарчысынын байланышуу аракетинен майнап чыкпады. Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги болсо кыргыз жарандыгын алган бул адамдын Кытайда камакка алынышынын себептери иликтене баштады деп билдирди:

- Турдакун Абылет уулу мурда кытай жараны болгон. Бирок кыргыз паспортун алганга чейин кытай атуулдугунан чыгуу жараянынан өткөн эмес. Иш жүзүндө КЭРдин жараны болгондуктан, мындай учурда Кыргызстан Кытайдын ички ишине кийлигише албайт. Ушундай абал түзүлгөнүнө карабай, Тышкы иштер министрлиги Турдакундун укугун коргоо багытында иштерди аткаруу боюнча Кытайга расмий кайрылды. Азыркы учурда Кытайдан жооп күтүлүп жатат, - деди Тышкы иштер министрлигинин расмий өкүлү Айымкан Кулукеева.

Турдакун Абылетке берилген кыргыз паспорту.
Турдакун Абылетке берилген кыргыз паспорту.

Кыргызстандын мыйзамдарына ылайык, чет жактан келген кыргыз тегиндегилерге паспорт берүүдө айрым жеңилдиктер каралган. Алар берген арызынын негизинде Кыргызстанга келгенге чейин жашаган мамлекеттин жарандыгынан чыкпаса деле атуулдукка кабыл алынууга тийиш.

Ал тапта Кытайдан Кыргызстанга көчүп келип жашап калган бир катар кыргыздар да КЭРдин Шинжаң-Уйгур автоном районунда "басым күчөдү, туугандарыбыз, тааныштарыбыз камалып жатат" деп билдиришүүдө. Бирок коопсуздукка шек келет деп, бир тобу аты-жөнүн жана оюн ачык айтууну каалашкан жок. Ысымын жарыялабай эле коюуну өтүнгөн атуулдардын бири алардын атынан маек берүүгө макул болуп, мындай маалыматтар менен бөлүштү:

- Кытайда кыргыздар негизинен Кызыл-Суу Кыргыз автоном облусунда жашашат. Турмуш-шарты Кытайдын өсүшү менен бирге жакшырып келе жатат. Бирок былтыркы жылдан тарта, айрыкча дин тутууга жана эркиндикке оор чектөөлөр пайда болду. Андан мурда бул азыраак эле. Мисалы, ондогон кыргыз жаштарын 2016-жылы июндан тарта түрмөгө камашты. Шылтоолор деле түшүнүксүз, эч бир мыйзамга төп келбейт, үйүнөн жайнамаз же Куран китеп чыкты, сакал койду, айт намазга же жума намазга, ажыга барды, Кыргызстанга чыгып келди деген сыяктуу жок шылтоолор. Мисалы, Сулайман Орозо деген жигитти Кыргызстанга чыгып келди деген шылтоо менен беш жылга отургузушуптур. Абуталип деген бала “сакал койдуң” деген жүйө менен 17 жылга соттолгон. Нурмамбет деген жигитти былтыр “намазга баргансың” деп 13 жылга кескен. Мындай жок шылтоолор менен дагы ондогон кыргыз жаштар азыр түрмөдө отурушат. Арасында жашы 60-70тен ашкандар да бар. Алардын эч биринин Кытайдын мыйзамына каршы иштери жок экени ачык. Анан дагы Кызыл-Сууда “тарбиялап өзгөртүү борборлору” деген жайлар ачылган. Кээ бир үй-бүлөдөн эрезеге жеткендердин баарын ошол жайга камап алган. Эч ким менен көрүштүрбөйт же эмне күнөөсү бар экенин айтпайт. Кыргызстанда Кызыл-Суудан келишкен ондогон студенттер билим алып жаткан эле. Быйыл каникулда алардын бирин да койбой мажбур чакыртып алышты. "Барбайм" дегендердин ал жактагы ата-энесине катуу кысым жасап, камаганга чейин барган. Анан студенттер кетишти. Алар чек арадан өтөрү менен үйүнө да баргызбай күч органдары жыйнап алып “тарбиялоо борборлору” деп аталган жерге камакка камап салышканын уктум. Өздөрү ошентип тарбиялайбыз, мээлерин жууйбуз деп айтышат экен. Анткени, сыртка чыгып келгендер диний же сөз эркиндиги боюнча ой-кыялдардан толук арылмайынча ал жактан чыгарбайт. Эми сентябрь келип калды, окуу башталса алардын канчасын кайра чыгарат же чыгарбайт белгисиз.​Сырттан, үйлөрүнөн азык-түлүк же кийим-кече киргиздирбейт. Тууган-уруктары менен көрүшүүгө да эч мүмкүн эмес. Кыскасы, кыйноо же чоң репрессия болуп атат.

Аты-жөнүн жашырган кытайлык кыргыз Кытайда былтыртан бери "басым" күчөгөнү себептүү ал жактагы ата-эне, бир туугандары өзү менен байланышуудан, сүйлөшүүдөн качып, оолактап жатканын айтып берди:

- Мен дагы ал жакта туугандарым менен кабарлашпайм, байланыш жок. Карым-катыш үзүлдү. Бул жакка телефон чалып же интернеттен жазып байланышууга алар үчүн көп учурда тоскоолдуктар бар. Аңдып эле турушат. Он үйгө бирден кароолчу коюп койгон айылдарда. Биз көбүнчө бул жактан чалып калабыз. Ошондо да коркуп турушат сөз айта албай чоочуп. Анткени, четтен тууганыңар чалыптыр деп күч органдары тактап суракка алышат экен. Кээде такыр эле телефон уланбай жабык болуп калат.​ Чет жакта дегенде, айрыкча Кыргызстанга чыгып, кайра киргендер азыр катуу кысымга кабылып атат. Бул былтыртадан баштап болуп жатат. 2016-жылы колунда паспорту барлардын паспортторун дээрлик жыйнап алган. Азыр чанда гана адамда, мисалы, кытай күч органдары менен тыгыз кызматташууга макул болуп, алар менен иштешкендерде гана паспорттору болбосо, башка эч бир кишиде паспорт койбой чогултуп алган. Кыргызстанга эч ким чыга албайт азыр. Кытайдагы уйгурларда гана өз алдынча өлкө болобуз деген талап болсо болгондур, ал жактагы кыргыздар менен казактар өтө тынч жашаган эл болгонуна карабастан, оор кысым башталып жатканын эч түшүнө албайм.

Негизи Кытайдын ички жагында бир топ эле эркиндик бар, бирок Чыгыш Түркстан тарабы үстү ачык түрмө болуп калды. Мындан тышкары, окуу жана өкмөттүк иштердин баарында бир гана кытайча колдоносуң деп катуу талап коюла баштады. Жаш балдардын тили тегиз кытайча чыгып атат. Азыр Кытайда кыргыздардын жерлерин, мал баккан жайлоолорун акырындап кытайлар менчикке ала баштады. Жер титирөөгө каршы бекем үйлөрдө жашайсыңар деп бетондон коендой окшош үйлөрдү салып, кыргыздарды жайлоодон мажбурлап түшүрүп, киргизип жатат. Кышында суугун айт, ал үйлөр эч жылыбайт.

Быйыл 31-мартта "Эл аралык мунапыс" укук коргоо уюму (Amnesty International) Кытай бийлиги Шинжаң-Уйгур автоном районундагы дин тутуу эркиндигин мурдагыдан да чектеп жатканын, аймакта сакал койгон, жабык кийинген, же ашыкча динчил адамдар тууралуу бийликке маалымдагандарга 290 доллардай сыйлык каралганын жарыялаган. Кытай бийликтери адатта Шинжаңдагы кыянатчыл көрүнүштөрдү, кол салууларды уйгур жоочуларынан көрөт. Бир катар эл аралык укук коргоо уюмдары да Кытай бийлигин башкача ой жүгүрткөн, бөлөк көз караштагы уйгур тектүү жарандарга жасаган терс мамилеси үчүн сынга алышкан.

Шинжаң-Уйгур автономиясындагы уйгурлар укуктары корголбой, Кытай жетекчилигинин дискриминациялык саясатынан жабыркап жатканын билдирип келишет. Кытай бийлиги болсо Шинжаңда репрессиялар бар деген дооматты четке кагып жүрөт.

Артур Медетбеков. 11.7.2010.
Артур Медетбеков. 11.7.2010.

Кыргызстандык коопсуздук боюнча адис, мурдагы чекист Артур Медетбеков Шинжаңдагы уйгурлардын өз алдынча болуу аракеттери ал жактагы башка улуттук азчылыктарга кедергисин тийгизип жатат деген пикирде.

Анын баамында, 2016-жылы 30-августта Кытайдын Бишкектеги элчилигиндеги уйгур тектүү киши ишке ашырды деген жардыруу да расмий Бээжиндин катаал мамилесине түрткү болду:

- Кытайдагы уйгурлар менен Кытай бийлигинин ортосунда көп учурда карама-каршылык жарала баштады. Уйгурлар келечекте өз алдынча мамлекет болобуз деген ураандарды чакырып жатышат. Албетте мындай чакырыктар, жикчил ураандар кытай бийлигине жакпайт. Бийлик өзүнүн Конституциясына ылайык буларга каршы катаал күрөш жүргүзүп, репрессиялык чаралардын планын түзүүдө. Экинчиден, уйгур улутундагы кээ бир улан-кыздар террордук-экстремисттик идеяларга берилип, радикал кадамдарга барган учурлар бар. Үчүнчүдөн, уйгур улутундагы жаштар диний-экстремисттик идеяларга алданып, исламды жамынган "Ислам мамлекети", "Жабхад ан-Нусра", Түркстан ислам кыймылы, "Ал-Каида" сыяктуу чоң террордук уюмдарга кошулуп кетти. Көп учурда Кытайдан чет мамлекеттердеги элчиликтерин жардырууга, жарандарын өлтүрүүгө чейин барып жүрүшөт. Аймакта уйгурлардан тышкары исламды карманган кыргыз, казак, түркмөн, өзбек азчылыктары жашайт. Мындан тышкары көп учурда уйгур улутундагы кээ бир жаштар кыргыз, казак, өзбек улутундагылардын аттарын алып, мамлекеттен чыгып кетүүдө же жашынып калып, кандайдыр бир радикал кадамдарга барууда. Ушул нерсе башка улуттук азчылыктарга тескери таасирин берүүдө.

Буга чейин Казакстандагы Чыгыш Теңир-Тоодон көчүп келген казактар арасында динден улам Кытайдагы туугандары кысымга алынып жатат деген нааразылык чыккан. Маселе эки ай мурда Астанада президент Нурсултан Назарбаев катышкан казактардын бүткүл дүйнөлүк курултайында да көтөрүлүп, кытайлык казактардын көйгөйүн чечүүгө Астана киришкени маалымдалган.

Ал эми Шинжаңдагы кыргыздардын укуктарын коргоо багытында кыргыз бийлиги кандай аракеттерди көрүп жатат деген суроого Тышкы иштер министрлигинин расмий өкүлү Айымкан Кулукеева минтип жооп берди:

- Эл аралык укуктук-нормаларга ылайык кыргыз тегиндегилер өздөрү жашаган мамлекеттердин атуулдары болгондуктан, Кыргызстан Кытайдын ички ишине кирише албайт. Ал эми Кытайда кыргыз тегиндегилерге намаз окуганы же ислам дининин жөрөлгөлөрүн карманганы үчүн басым күчөгөнү тууралуу министрликке эч ким кайрылган эмес. Кыргыз тегиндегилер көп учурда өздөрү жашаган чет мамлекеттердин жарандары болгондуктан, дипломаттардын мүмкүнчүлүктөрү чектелүү.

Азат Эркебаев. 4.1.2012.
Азат Эркебаев. 4.1.2012.

Чет өлкөлөрдөгү жергиликтүү кыргыздар өздөрү жашаган мамлекеттин жарандары болгондуктан көйгөйдү көтөрүүдө кылдат мамиле керектигин мурда Кытайда дипломат болуп иштеген Азат Эркебаев да белгилейт. Ал бул маселени дипломатиялык жол-жоболор менен чечүүгө аракеттенүүнү сунуштап, Кытай бийлиги башка улуттук азчылыктарга караганда кыргыз улутундагыларга бир топ жеңилдиктерди бергенин да эске салды:

- Кыргыз боордоштордо кадрдык көтөрмөлөө бар. 10-20 жылга караганда акыркы кезде кыргыз улутунан чыккан кадрлардын көбөйүп жатканы бир чети жакшы жышаан деп ойлойм. Шинжаңда да мамлекеттик органдарда кыргыздар көбөйүп жатканын билем. Кыргыз боордошторго социалдык-экономикалык жактан шарттарды жакшыртуу аракеттери болуп жатат.

Ошентип, азырынча Турдакун Абылеттин эмне себептен камалганы жана Кытайдагы кыргыздарга карата күчөгөн басым тууралуу расмий маалымат жок.

Кыргызча "Көркөм Кызыл-Суу" жыйнагы. 1988.
Кыргызча "Көркөм Кызыл-Суу" жыйнагы. 1988.

Кытайда бир нече ирет илимий сапарда болгон кыргызстандык тарыхчы, этнограф, тилчи, адабиятчы окумуштуулардын айтымында, жалпысынан, КЭРдеги кыргыздар улуттук-маданий өнүгүү үчүн расмий Бээжиндин кыйла жардамын алып турат. Маселен, алардын автономиялык аймактары бар, андан тышкары кытайлык кыргыз манасчыларга айлык төлөнөт, кыргызча басылмаларга дотациялык көмөк көрсөтүлөт, кыргыз тилинде иш алып барган илимий-маданий мекемелер дурус каржыланат.

Кыргызстан менен Кытайдын Шанхай Кызматташтык Уюму сыяктуу эл аралык уюмдардын жана эки тараптуу кызматташтыктын алкагындагы дурус мамилелери да КЭРдеги кыргыздардын акыбалына карата жагымдуу таасир тийгизүүдө. Үрүмчү менен Бээжинде кыргыз тегиндеги илимпоздор менен айдыңдар да көбөйүүдө.

Улуу-Чат шаарындагы Манастын айкели. КЭР. 08.7.2014.
Улуу-Чат шаарындагы Манастын айкели. КЭР. 08.7.2014.

КЭРдин Шинжаң-Уйгур автоном районуна караштуу Кызыл-Суу Кыргыз автоном районунда 160 миңге жакын кыргыз жашайт.

Кытайлык кыргыздардын 20-30 миңге чукулу Иле Казак автоном облусун байырлайт. Бул аймакка таандык Текесте кыргыз автоном айылдары бар. Чыгыш Памир менен Хотанда да кыргыз автоном айылдары орун алган. Тибетке карай кетчү тоом жолдогу Шайдылда Базар айылы да кыргыздардан турат (бул айыл Хотанга карайт). Үрүмчүдөгү кытайлык кыргыздардын саны 3 миңдин тегерегинде. Жалпысынан, ШУАРда 202 миңден ашуун кыргыз бар.

Андан тышкары, Түндүк Кытайда (Манчжурияда) Хэйлуңжаң вилайетин фу-йү кыргыздары байырлашат.

Алар Эне-Сайдан Ички Азия аркылуу көчкөн жана теңирчилик менен шаманчылыкты карманышат.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG