Бишкектин Иса Ахунбаев көчөсүндө жайгашкан Энвер Гареев атындагы Ботаникалык бактын бир четине эки кичи футбол аянтчасы жана балдар ойноочу жай жана башка курулуштар түшөт деген кабарга шаардыктардын пикири ар кандай.
Фаризат: Ботаникалык сейил багы ушул бойдон эле калышы керек. Футбол аянтчасынын кереги жок. Аны башка жакка деле салса болот. Бул жер балдар менен сейилдегенге ошол бойдон калышы керек.
Кызбурак: Бизге балдар менен барып сейилдегенге жакшы болот эле.
Нурлан: Бул жерге жакын үйлөрдө футбол аянтчасы жок, болсо жакшы болот эле.
Майрам Керимкулова: Бул эс алуу багына адамдар аябай каттайт. Бул жерге карылар, жаштар, балдары менен адамдар келишет. Эс алуучу бакка футбол аянтчасынын кереги жок. Бул жер футбол үчүн ылайыктуу эмес. Анткени бул жерге эс алуу үчүн келишет, ошого ылайыктуу эле шарттар түзүлүшү керек.
Экологдор шаардын “өпкөсү” деп атап, өзгөчө корголуучу жаратылыш аймагы макамын алган ботаникалык бактын аянтында Президенттин иш башкармалыгы эки кичи футбол, балдар аянтчалары жана башка курулуштарды курары белгилүү болду.
"Бул жердеги жалпы аянт 40 гектар. Ахунбаев көчөсүнөн кире беришинде эле бош аянтчабыз бар болчу. Ал жер, мындайча айтканда, таштак. Ал жерге 20 жылдан бери көчөттөрдү отургузуп, өстүрө албай келгенбиз. Ошондуктан ушул жерди туура пайдаланалы деген чечимге келдик. Ал жердин, керек болсо катмары жок болуп, жалаң таштын үстүнө салынып жатат. Бул долбоорду жасап жатканда алар (Президенттин иш башкармалыгы - ред.) менен чогуу кеңештик", - деди ботаникалык бактын жетекчисинин орун басары Нурлан Албанов.
1938-жылы негизделген Ботаникалык бак институтунун жалпы аянты 170 гектар. Анын 150 гектары Иса Ахунбаев көчөсүндө, 20 гектары Максим Горький көчөсүндө жайгашкан. Горький көчөсүндөгү бөлүгү буга чейин реконструкцияланган.
Үч жыл мурун жазында президент Садыр Жапаров ботаникалык бакка барып, ошол учурдагы абалын көрүп, аны реконструкциялоону тапшырган жана илимий жагында көңүл буруу тууралуу айткан эле.
Парламенттин 14-январдагы жыйынында депутат Дастан Бекешев өлкө президентине кайрылып, бактын бир четине чакан футбол аянчаларын куруу демилгесин токтотуп калууга чакырды.
"2022-жылы ботаникалык бактарды сактоо жана өнүктүрүү чаралары тууралуу" атайын токтом кабыл алганбыз. Токтомдо ботаникалык бактарды өнүктүрүү жолдору көрсөтүлгөн. Бизде болсо футбол талаасын куруп жатышат. Мен футболду өнүктүрүүнү колдойм. Бирок ботаникалык бакта эмес. Бул бак бишкектиктерге эле керек эмес, жалпы Кыргызстанга керек. Бүгүн ботаникалык бакка адамдар сейилдегени, эс алганы келишет. Бизде футбол аянттары үчүн жер толтура. Президенттен да буга көңүл буруусун суранам. Ал жакта футбол талаасынын кереги жок".
Президенттик администрациянын маалымат саясат кызматынын башчысы Дайырбек Орунбеков парламенттин трибунасында көтөрүлгөн маселеге Фейсбук баракчасы дароо жооп кайтарды.
“Ботаникалык бактын абалы мурда кандай эле? Кароосуз калып, бактары куурап, сугат системасы иштен чыккан, ичинде жырткыч жаныбарлар, чөөлөр аралап, сейилдеп баса турган жолдору караңгы, кечкисин кылмыштуу окуялар катталган аймакка айланып калбады беле? Президентибиздин тапшырмасы менен азыр оңдолуп жатат. Сейилдеп басып жана чуркай турган тротуарлар курулуп, бактын ичи жарыктандырылып, видео байкоолор, 8,5 чакырым болгон веложол бар. Үч скважина казылып 270 метрден суу чыгарылды. Учурда бактарды тамчылатып сугаруу системасы коюлуп жатат. Куурап калган бактарды калыбына келтирүү, өсүмдүктөрдү өстүрүү, коргоо жана функционалдык милдеттерине зарыл болгон муктаждыктардын баары жасалууда. 147 гектар болгон ботаникалык бактын тосмосу толук жаңыланды. Шаардыктардын суранычы эске алынып, таштак, эч кандай бак өспөгөн жерине ден соолукту чыңдоочу аянтча курулууда. Анын ичинде мини футбол аянтчасы дагы бар. Дастан Бекешев мына ушуну айтып, каршы чыгып жатат. Мини футбол аянтчасына жаштар келип машыгат, ойнойт, андан түшкөн каражат кайра эле ошол бакчаны тейлөөгө кеткен муктаждыктарга жумшалат. Буюрса, жай айына чейин бүтөт, ошондо мурдагы абалы менен, кийинки жыйынтыгын салыштырып көрүп, анан баа бересиздер. Ага чейин жумурткадан кыр издеп каршы чыга берген орунсуз деп эсептейм”, -деп жазды.
"Илимге көбүрөөк ыкташыбыз керек"
Экологдор болсо Бишкекте барган сайын калктын саны көбөйүп, жашыл аянттар кыскарып баратканын коңгуроо кагып келүүдө. Эколог Дмитрий Переяславский бул багытта "Азаттыкка" кыска маек курду.
- Бул аймакта өсүмдүк-канаттуулардын саны, түрү көп болчу, курт-кумурскалар да бар. Шаарда бул бак чынында биотүрдүүлүктүн булагы катары саналгандыктан калаа тургундары жөн гана сейилдебестен, жаратылыштын көп түрдүүлүгүн жакындан көрө алчу. Азыр анын аймагындагы бак-дарактарды алып, тазалап жаткандыктан бул ботаникалык бак мурдагыдай экологиялык кызмат аткарбай калды. Чынында буга чейин ботаникалык бакты реконструкциялоо, аны өнүктүрүү боюнча кандайдыр бир эскиздик сунуштар болгон. Чуркоо үчүн атайын жолдор деген сыяктуу маселелер көтөрүлүп келгени менен футбол аянтчаларын куруу тууралуу демилге болгон эмес. Анткени мунун ботаникалык бак менен байланышы жок, такыр башка тармак. Биз илимге көбүрөөк ыкташыбыз керек. Өлкө көз карандысыздык алгандан бери илимге мамлекеттик буйрутмалар болгон эмес. Жыл өткөн сайын илимдин мааниси, орду төмөндөй берди. Айрыкча ботаникалык бак өсүмдүктөрдү акклиматизациялоо жана аларды шаардын шартында өстүрүү менен түздөн-түз алектенет. Алардын сунуштары шаарды жашылдандыруу, көрктөндүрүү иштеринде колдонулушу керек болчу. Кесипкөй адистердин саны азайгандан улам, шаарды жашылдандырууда каталар кетип, анын кесепети айрым учурларда миллиондогон чыгымдарга алып келүүдө. Ошондуктан ботаникалык бакты биз бир гана биотүрдүүлүктүн аймагы катары кабылдабай, илимий мекеме катары да кабыл алып, тийиштүү адистерди түптөп, кадрдык таңкыстыкты алдын алуу керек эле. Биз азыр чоң долбоорлорду ишке ашыруу үчүн тийиштүү адистерди сырттан чакырып келүүгө аргасызбыз. Бул өз кезегинде интеллектуалдык кызматтардын импортуна алып келгендиктен бул мен үчүн чоң жоготуу.
"Азаттык": Маселе парламентте да көтөрүлүп, депутат Дастан Бекешев бийлик өкүлдөрүн мындай демилгеден баш тартууга чакырды. Негизи бул демилге адистер менен, экологдор менен талкууланды беле? Мисалы, сиздер сунуш-пикир айта алдыңыздарбы?
- Жок, бизге кайрылуу болгон эмес. Биз – экологдор ботаникалык бакты Улуттук илимдер академиясынын карамагында деп билебиз. Ал эми анын аймагында кандайдыр бир спорттук мекемелердин курулушу анын багытын академиялык чөйрөдөн кандайдыр бир спорттук тармакка өзгөртүүгө алып келет. Бул жерде курулуш жүргүзүүгө болот деп да айтууга болбойт. Бирок чечимдер коомдук талкуусуз, коомчулуктун ою эске алынбай эле кабыл алынып келатканын көрүп жатабыз. Мен албетте биздин ботаникалык бактын келечеги жана тагдыры Алматыныкындай болсо дейт элем. Ал жакта реконструкция иштери жүргүзүлгөндө абалы биздикине окшош болчу. Азыр болсо ага рекреациялык функцияларды кошуп, шаардын кандайдыр бир майрамдарын өткөрүүгө ылайык келген жайга айлантып коюшту. Эң башкысы – Алматынын ботаникалык багында илимий кызматкерлер андагы биотүрдүүлүктү изилдеп, аларга байкоо сала алышат. Шаар тургундары үчүн агартуучулук программалары да көп. Дал ушул жагдай биздеги ботаникалык бакты да элди өзүнө тарткан жайга айлантышы мүмкүн. Биздин ботаникалык бактын бир өзгөчөлүгү бар – ал өлкө эгемендик алгандан бери өз аймагын ошол бойдон сактап калды жана Борбор Азия өлкөлөрү арасында эң чоң болуп саналат. Менимче, биз ушуну сактап калып, аны Кыргызстандын артыкчылыгы катары колдонсок, аны менен сыймыктансак болмок.
"Азаттык": Ботаникалык бактын жетекчилиги футбол аянтчалары жана башка курулуштарга бөлүнүп жаткан жер аянты анча деле чоң эмес экенин белгилеп, бул өз кезегинде бакты сактап калууга шарт түзөрүн белгилеп жатат. Сиз бул жүйөгө кандай карайсыз?
- Бул жер чектелүү гана багытта колдонуларын, ал Илимдер академиясынын карамагына кирген Илимий изилдөө институту экенин билгенибиз жакшы. Ошондуктан футбол аянтчасы жана башка курулмалар анын аймагына шайкеш келбейт. Мисалы, чакан спорт аянтчалары же болбосо чуркоо, басуу үчүн атайын жолдорду жасаса болот, ал мурда эле талкууланып келген. Бирок чоң объектилерди, тагырагы мини футбол аянттарын куруу демилгеси – шаарда тыгыз жайгашкан курулуштардан улам жер жетишпей жатканы тууралуу кабар берет. Мындан улам багыты ага туура келбесе да, илимге тиешелүү болгон республикалык маанидеги ботаникалык бактын ичинде курулуш иштерин жүргүзүү башталды. Өзүңүздөр билгендей буга чейин шаардын башкы планы талкууланган. Жаңы планга ылайык, ботаникалык бакты жалпы пайдаланууга ылайык келген аймакка – сейил бактарга кошуп койгон. Бул эмнеден кабар берет? Демек шаарда жашыл аймак жетишсиз. Туура келсе да, туура келбесе да азыр бул ботаникалык бакты кадимки эле сейил бакка айлантуу боюнча бардык аракет көрүлүп жатат. Бирок бул илим, аны өнүктүрүү абдан маанилүү. Биздин мамлекет интеллектуалдык менчикти экспорттойбуз деген багыт алган, демек, ботаникага, ботаникалык бакка тиешелүү көңүл бурулбаса, колдоо болбосо, биз дайыма башкы план өңдүү документтерди башка өлкөлөргө, башка мекемелерге буйрутма берип жасатып, өзүбүздү көз каранды кылабыз. Мен биздин өлкө жетекчилигинин бул жаатта көз карашы бир аз болсо да өзгөрүп, анын негизинде илимге тиешелүү көңүл бурулат деп ишенем. Илимдин кадыр-баркы өтө жогору болушу керек. Анткени азыр биздин илим өтө алсыз болгондуктан жаш адистер окуп, бул жаатта билим алуу үчүн чет өлкөлөргө барууга аргасыз болууда. Мен тескерисинче дал ушул илимдин өнүгүүсүнө чоң маани бермекмин.
"Азаттык" микрофон сунган айрым шаар тургундары ботаникалык бакты өз багыты менен иштетүү керек деген оюн билдиришти. Алардын бири Алышбай Кыдыралиев.
"Бул жерде жалаң эле асфальт. Эми тууган-урук, бала-чака менен кыдырып, таза абада басышыбыз керек. Эми стадион да керек, бирок кары-картаң, бала-чакага ботаникалык бак сөзсүз керек. Муну жайына деле коюп койсо болмок. Илгери Бишкек шаары жашыл шаар эле, азыр эми жашыл шаар тарый баштады. Ушундай эле жерлер калды, калганы жок деле болуп калды", - деди ал.
"Азаттыктын" кабарчысы сөз болуп жаткан жерге барып, курулуш түшөт деген аянт тазаланып, жөө адамдар басуучу жолдор курулуп жатканына күбө болду.
Былтыр жайында ботаникалык бактын кызматкерлери "Азаттыкка" комментарий берип, бактын каралбай калуусуна кызматкерлердин жетишсиздигин жүйө келтирген.
Шерине