Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:39

Бишкек: Жашыл шаардан такыр шаарга же төрт кишиге бир дарак


Курулуштардын курчоосунда калган Бишкектеги Энвер Гареев атындагы ботаникалык бак.
Курулуштардын курчоосунда калган Бишкектеги Энвер Гареев атындагы ботаникалык бак.

Миллиондон ашуун киши жашаган Бишкек шаарында болгону 250 миңдей гана бак-дарак бар. “Арча демилгелери” коомдук фонду 2014-жылдан 2021-жылга чейин баш калаада 479 гектар жашыл аймак жоголгонун изилдеп чыккан. Адистер буга шаардагы мыйзамсыз курулуштар, инфратүзүмдүн өзгөргөнү, суунун жетишсиздиги жана бак-дарактардын каралбай калганы себеп дешет.

Жашыл шаардан - такыр шаарга

Интернеттен белгилүү советтик режиссер Изя Герштейндин 1980-жылы тартылган “Фрунзе шаары” (“Город Фрунзе”) даректүү тасмасын таба аласыз. Шаардын турмушу, экономикасы, маданияты, архитектурасы жөнүндө баяндалган тасмада ал кездеги Фрунзенин дүпүйгөн бактары дароо көзгө урунат. Анда Фрунзе шаарынын 540 миң тургунуна 700 миң түп бак-дарак туура келчү экен.

Урбанист, шаар пландоочу Атай Самыйбек уулу Бишкек жарым чөл жерде жайгашкандыктан шаарды жашылдандырууда анын географиялык өзгөчөлүгүнө көңүл буруу керектигин эскертет. Ал азыркы калаанын аймагына келген алгачкы агрономдор дал ушул себептен улам ошол кездеги Пишпекти, андан кийинки Фрунзени жапырт жашылдандырууга киришкенин айтат.

Шаарда бак тигүү стратегиялык иш катары бааланып, бул жаатта илимий изилдөөлөр жасалган.

Атай Самыйбек.
Атай Самыйбек.

“Ушундай чоң иштердин аркасы менен Эркиндик бульвары, Жаш Гвардия бульвары, Кара-Жыгач багы (Карагачевая роща), азыркы Ататүрк паркы, Анкара жана 7-апрель көчөлөрүндөгү ботаникалык бактар пайда болду. Алар нымдуулукту камсыздап, жарым чөл шартындагы шаарда ыңгайлуу жашоого шарт түзгөн”, - деди ал.

Өткөн кылымдын этегинде жашыл шаар атка конгон Фрунзе кийин эгемен өлкөнүн баш калаасы Бишкек болуп өзгөргөндөн тарта бул макамынан ажыроо жолуна түшкөн.

Буга калаанын инфрастүзүмүнүн өзгөргөнү жана шаардын жашыл аймактарынын курулушка берилип кеткени себеп болду. Муну менен катар эле мурдагы жаш көчөттөрдү отургузуп, бак-дарактарга системалуу кам көрүү иши үзгүлтүккө учурап калды.

“Арча демилгеси” коомдук фондунун билим берүү, изилдөө программаларынын координатору Дмитрий Переяславский бул постсоветтик өлкөлөрдөгү жалпы көрүнүш болгонун айтууда.

Дмитрий Переяславский.
Дмитрий Переяславский.

“1990-жылдары постсоветтик чөлкөмдөгү мамлекеттерде шаарды жакшыртып, көрктөндүрүүгө аз эле акча бөлүнүп калган бир учур болду. Бактарды өз убагында жаңыртып, көчөт отургузуу иши жүрбөй калды. Мисалы, Жаш Гвардия бульварында карт дарактарды курт жеп, илдетке чалдыгып жатканын аныктаганбыз. Аларды кыйып, ошол эле учурда жаңыларын отургузуу керек. Бирок анда бульвар такырайып, ысып, сейилдөөгө мүмкүн болбой калат. Бул эмнеден кабар берет? Бак отургузууну өз учурунда, такай жүргүзүп туруу керек болчу. Ал иш токтоп калганда, картаң бак-дарак көбөйдү. Азыр эми биринчи кезекте дарактарды инвентаризациялап, көп жыл мурун тигилгендерин аныктап, бак отургузууга милдеттүү муниципиалдык кызматтарга сунуш берилиши керек. Биздин фонд ыктыярчылар менен ушул ишти жасап жатат”.

Жарандар жер тилкелерине, бак-дарактарга байланыштуу укук бузуулар боюнча кат менен Бишкек мэриясынын Муниципиалдык мүлктү башкаруу боюнча департаментине кайрылганда, алар Жер кодексинин 119-беренесине ылайык доо арызын демилгелөө боюнча тиешелүү чараларды көрүшү керек.

Ушул тапта мындай мазмундагы канча арыз каралып жатканын, курулушка берилип кеткен канча жашыл аймак муниципиалдык мекеменин балансына өткөнүн департамент тактаган жок.

Изилдөө: Жети жылда 500 гектар жер такырайды

“Арча демилгеси” коомдук фонду спутниктен алынган сүрөттөрдүн, жашыл аймакты таанып, аныктаган жасалма интеллекттин жана NDVI (Өсүмдүктөрдүн демейки, салыштырмалуу индекси) технологияларын колдонуп, изилдөө жүргүзүшкөн.

Анын натыйжасында Бишкектеги жашыл аймак 2014-2021-жылдар аралыгында 479 гектарга кыскаргандыгы аныкталды. Миллиондон ашуун жашоочусу бар Бишкек шаарында ушул тапта болгону 250 миңдин тегерегиндеги гана бак-дарак бар. Бул ар төрт кишиге бир дарак туура келет дегенди билдирет. Бул шаардын жалпы аянтынын 10 пайызына да жетпейт. Жаан-чачын аз катталган жылдары бул көрсөткүч 5 пайызга чейин түшүп кетет.

Төмөндөгү картада 2014-жылдан 2021-жылга чейинки Бишкектеги жашыл аймактын аянты көрсөтүлгөн. Картада жашыл менен бак-дарактар, кызыл түс менен соңку мезгилде кыйылган бак-дарактар жана көк түс менен жаңы тигилген бак-дарактар көрсөтүлгөн:

2014-2021-жылдардагы Бишкектеги жашыл аймактын абалы
2014-2021-жылдардагы Бишкектеги жашыл аймактын абалы

Ушул эле изилдөөнүн алкагында Бишкектеги сейил бактардын аянты шаардын 3 пайызын гана ээлеп, ал эми сейил бакка айлантууга ылайыктуу жерлер борбор калаанын 1 пайызын (0,6%) дагы түзбөй турганы аныкталган.

Бишкекти жай мезгилинде адаттан тыш аптап каптаганы бак-дарактардын, сейил бактардын аздыгы менен түздөн түз байланыштуу.

Төмөндөгү биринчи картадан 2014-2021-жылдарда Бишкектеги абанын табынын орточо трендин көрүүгө болот.

Бишкек шаарынын 2014-2021-жылдардагы аба температурасынын орточо тренди
Бишкек шаарынын 2014-2021-жылдардагы аба температурасынын орточо тренди

Ал эми экинчи картада Бишкектин 2019-жылдагы орточо аба температурасынын спутниктен алынган сүрөтү:

Бишкектин 2019-жылдагы орточо аба температурасынын спутниктен алынган сүрөтү
Бишкектин 2019-жылдагы орточо аба температурасынын спутниктен алынган сүрөтү

Шаардын жашыл картасы менен аба температурасынын карталарын салыштырсак, бак-дарак аз жерде абанын температурасы жогору экени байкалат.

Изилдөө жасаган коомдук фонддун билим берүү, изилдөө программаларынын координатору Дмитрий Переяславский муну сандар менен көрсөтүп берди:

“Салыштыруу үчүн биздин спутниктин негизиндеги изилдөөдөн дагы бир мисал. Эгер шаарда абанын температурасы 38 градус болсо, бак-дарак өскөн жерде 30, ал эми ачык, асфальт төшөлгөн жерде 48 градуска чейин жетерин байкадык”.

“Бакка суу жетпейт”

Бак-даракка кам көрүү, бутап-сугаруу, жаңысын отургузуу, картайган дарактарды кыюу милдети Бишкектин “Жашыл чарба” муниципиалдык мекемесине жүктөлгөн. Аталган мекеме шаардагы 833 гектар жашыл аймакты тейлейт. Бул аймакка 12 сейил бак, 50 сквер, Эркиндик жана Жаш Гвардия бульварлары кирет.

Жыл сайын аталган мекеме отургузула турган көчөттөрдү, гүлдөрдү эсептеп, алдын ала план түзөт. Быйыл 10 200дүн тегерегинде жазы жалбырактуу, 4400дүн тегерегинде ийне жалбырактуу бак-дарак отургузулду. Мындан тышкары бир жылдык жана көп жылдык гүлдөр эгилди. Бирок тигилген тал-теректин баары эле көктөп кетпейт. Маселе суунун жетишсиздигине келип такалат.

“Жашыл чарба” муниципиалдык мекемесинин башкы агроному Жаныбек Жумалиев суу көйгөйү соңку жылдары курч болуп жатканын айтат.

"Тилекке каршы, акыркы төрт-беш жылда суу маселеси курч болуп жатат. Сугаруу мезгилинде суу тартыштыгы сезиле баштайт. Суу айлап келбей калган учурлар да болду. Андыктан биз иш-аракеттерибизди алдын ала пландаштырып, "Суу чарбасы" мекемеси менен биргеликте скважиналарды көбөйтүү үстүндө иштеп жатабыз. Андан тышкары суу жетпеген жерлерге автоунаа менен ташып, түнкү сугат иштерин жүргүзөбүз".

“Бишкек суу чарбасы” Аламүдүн дарыясындагы “Асанбай” каналынан жана Ала-Арча дарыясындагы “Киргизия” каналынан секундасына 800 литр суу агып жатканын билдирди.

Аталган мекеменин директору Радик Жумабек уулу алдыда күтүлүп жаткан суу тартыш маселесин чечүү үчүн жаңы скважиналар керектигин айтууда.

Радик Жумабек уулу.
Радик Жумабек уулу.

"Эң негизги биздин каналдардан: Ала-Арча, Аламүдүн дарыясынан, Чоң Чүй чыгыш каналынан азыр суу толук өлчөмдө келип жатат. Жер алдындагы сууларды, карамагыбызда турган 19 скважинаны кошумча сугат системасына кошуп, суу түтүктөрү менен жеткирүү ишин жүргүздүк. Жыл сайын жер алдындагы сууларды көтөрүп, скважиналарды көбөйтүп жатабыз. Жылдын аягына чейин алты скважинаны бургулоо иштери пландалган".

“Сандан сапатка өтүү керек”

Климаттын өзгөрүшү менен мөңгүлөр тез эрип, суу запастары жылдан жылга азайып жатканын эскерткен адистер мындай шартта сууну туура пайдаланууга өтүү кажет дешет.

“Арча демилгеси” коомдук фондунун билим берүү, изилдөө программаларынын координатору Дмитрий Переяславский Бишкектин ирригациялык абалы боюнча бир гана кагаз жүзүндө эмес, геомаалыматтык системаларды колдонуп, толук талдоо жүргүзүү керектигин айтууда.

“Биздеги арыктар арык эмес. Алар шаар боюнча суу жеткирүү милдетин аткарбай эле, жаан-чачын топтогуч (ливневка) болуп калды. Менимче, азыркы эле сууну туура пайдалансак, шаарды сугарууга жетиштүү болмок”.

Ал эми урбанист, шаар пландоочу Атай Самыйбек уулу шаарды жашылдандыруунун атайын стратегиясын ар тармактагы адистерди тартуу менен иштеп чыгуу зарылчылыгын айтып, отургузулуп жаткан бактардын касиетине маани берүү керектигин кошумчалады.

Мисалы, шаарды салкын кармоого ийне жалбырактуу бак-дарактар анча таасир эте албайт. Самыйбек уулу мамлекет эл аралык уюмдар, бейөкмөт уюмдар, көз карандысыз адистер жасаган изилдөөлөргө көңүл бурушу керектигин белгиледи.

"Көбүнчө чарба маселеси менен эле алек болуп жатабыз. "Мынча бак тиктик, 50 миң жоогазын тиктик" деп эле сандарга басым жасашат. Сандан сапатка өтө турган мезгил келди. Сапатка өтүш үчүн алгач изилдөөлөр жүргүзүлүшү керек. Тилекке каршы, бизде мамлекет изилдөөлөргө каражат бөлбөйт. Бөлсө да аз бөлөт. Изилдөөлөрдү эл аралык институттар, демөөрчүлөр, мамлекет жамандаган бейөкмөт уюмдар жасашат. Бирок аларга мамлекеттик мекемелердеги, стратегиялык мааниге ээ болгон чечимдерди кабыл алган адамдар көп деле баа бербейт".

Адистердин айтканына таянсак, эреже боюнча бир кишиге 7м2 жашыл аянт керек. Ушул тапта Кыргызстандын баш калаасынын бир тургунуна 3м2 гана жашыл аянт туура келет.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG