Климат: 50 жылда майда мөңгүлөр жоголот
Советтер Союзунун Илимдер Академиясы 1940-70-жылдары Борбор Азиядагы мөңгү системасын изилдеп, 1976-жылы 22 томдон турган мөңгүлөрдүн каталогун жарыялаган. Анда Кыргызстандагы мөңгүлөрдүн жалпы аянты 8076 чарчы чакырым деп көрсөтүлгөн. Каталог 2013-жылдан кийин гана жаңыланып, соңку 50 жылда мөңгүлөрдүн аянты 6683 чарчы чакырымга же 16-17% кыскарып кеткени белгилүү болду. Гляциологдор алдыдагы 50 жылда майда мөңгүлөр эрип жоголуп, чөлкөмдө кургакчылык болот деп коңгуроо кагып жатышат.
Тектеш
Чыгарылыштар
-
Июнь 27, 2026"Өңүм грек, дилим кыргыз". Таластык гректер
-
Июнь 22, 2026“Аксакалдын көз жашы мени киши кийикке айлантты"
-
Июнь 09, 2026Зардалыдагы турмуш: жол салынды, интернет жетти
-
Июнь 02, 2026Лейлек: Эски темир жол, ээн калган Кольцо
-
Апрель 11, 2026Токойду куураткан курттар