Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Декабрь, 2022 шаршемби, Бишкек убактысы 15:22

Орусия климат жана коопсуздук документин четке какты


Иллюстрация сүрөт. Климаттагы өзгөрүүнү кесепети, Африка.

Орусия климаттагы өзгөрүүлөр менен глобалдык коопсуздукту байланыштырган резолюцияны четке какты. Климаттын өзгөрүшү коопсуздукка кандай залакасын тийгизерин карап чыгуу чакырыгы камтылган документти Нигер жана Ирландия иштеп чыккан.

13-декабрда Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Коопсуздук кеңешинде колго салынган резолюция долбоорун 15 мүчө-мамлекеттин 12си колдоду. Вето укугуна ээ Орусия менен катар Индия каршы добуш берип, Кытай калыс калды.

Документтин авторлору БУУнун баш катчысы ​Антониу Гутерришке кайрылып, жаңжалдарды алдын алуу жана тынчтыкты сактоо стартегиясында климатка байланышкан коопсуздук маселелерине көбүрөөк көңүл бурууга үндөшкөн.

АКШнын БУУдагы элчиси Линда Томас-Гринфилд Твиттерге: “Орусия кеңештин көпчүлүгү колдогон резолюцияга вето коюу менен бүтүндөй дүйнөнүн үмүтүн актаган жок”, - деп жазды.

Ирландиянын элчиси Жералдин Байрн Нэйсон ушул өңдүү резолюцияны иштеп чыгууга эбак эле убакыт келгенин, бул багытта “алгачкы чакан кадам” ташталганын билдирди.

Документке авторлош чыккан Нигердин БУУдагы миссиясынын башчысы Абду Абарри резолюцияга каршылыкты “көрөгөчсүздүк” деп атады.

“Жериндеги изилдөөлөр жана фактылар климаттын өзгөрүп жатышы бейстабилдүлүккө алып келип, коопсзудукка коркунуч жаратканын көргөзүүдө. Коопсуздук кеңеши бүгүнкү реалдуулукка ыңгайлашпаса, эч качан эл аралык тынчтыкты жана коопсуздукту сактоо мандатын аткара албайт. Бул орган дүйнө туш болуп жаткан азыркы учурдагы коркунучтарга жооп берүү жолдорун чагылдырууга тийиш”.

Добуш берүүдөн кийин Нигер менен Ирландиянын өкүлдөрү Коопсуздук кеңешиндеги вето укугун бөлүштүрүү тартибин сындап, муну эскиден калган көрүнүш – анахронизм деп аташты. Экинчи дүйнөлүк согуштан кийин андай укук туруктуу мүчөлөр – АКШ, Британия, Франция, Орусия жана Кытайга берилген.

Долбоорго каршы чыккандар БУУда климаттагы өзгөрүүлөр менен алектенген орган бар экенин айтып, маселе кеңештин күн тартибине киргизилсе, ашыкча саясатташтырылып кетет деген аргументин келтиришти.

Орусиянын БУУдагы миссиясы резолюция жаңжалдарды жана коопсуздукка жаралган коркунучтарды “климаттын призмасынан” кароону “таңуулайт” деп билдирди. Миссиянын көз карашында сунуш башка жагдайларды көз жаздымда калтырып, климат менен коопсуздукту автоматтуу түрдө байланыштырууга үндөйт.

Элчи Василий Небензя климат маселесине келгенде эл аралык коомчулуктун бөлүнүп-жарылганын байкаса болорун, андайга Глазгодо күбө болушканын белгиледи:

Василий Небензя. Архивик сүрөт
Василий Небензя. Архивик сүрөт

“Текстке кошулбаган 80 өлкөнүн оюн көз жаздымда калтырып, климаттын өзгөрүүсүнө каршы күрөшкөн активисттердин пикирин таңуулоо аракети демократияга жатпайт”.

БУУнун маалыматына ылайык, дүйнө жүзүндөгү качкындардын 90 процентин климаттын кыйраткыч кесепеттеринен жабыркаган өлкөлөрдүн жашоочулары түзөт.

Алардын көбү ошондой эле жапа чеккен коңшу мамлекеттерге баш паана издеп агылат. Калктын бакубат жашоосу суу, түшүмдү мол берчү жер өңдүү жаратылыш ресурстарынан көз каранды өлкөлөрдө ошол ресурстар азайганы, чыңалууга, түрдүү жаңжалдарга, кагылыштарга алып келет.

Алсак, Улуттар Уюмунун эксперттери Сомалиде кургакчылык жана суу ташкындары элди түшүмсүз калтырып, уруулар ортосунда азык-түлүк үчүн атаандаштык жана тиреш ого бетер күчөрүн аныкташкан.

Климаттык апааттан кайда качабыз?
please wait

No media source currently available

0:00 0:04:15 0:00

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG