Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Декабрь, 2021 бейшемби, Бишкек убактысы 19:29

COP26: Дүйнөдө токойдун үчтөн бири жоголууда


Иллюстрациялык сүрөт.

Глазгодогу БУУнун 26-климаттык саммити (COP26) 3-ноябрда каржылык маселелер боюнча уланды. Ага эл аралык каржылык уюмдар жана финансы министрлери катышып, токойлорду сактап калууга каражат бөлүү маселеси каралды.

3-ноябрда саммитке катышкан тараптар жер кыртышын жана токойлорду коргоо, метан газынын абага бөлүнүп чыгуусун азайтуу жана жашыл технологияга өтүүнү тездетүү боюнча милдеттемелерди алышты.

Дүйнөнүн 114 өлкөсү 2030-жылга чейин кыртыштын бузулуусун токтотуп, токойлорду сактап калууну көздөйт. Бул үчүн климаттын өзгөрүүсүн каржылоого жооптуу мамлекеттерден 12 миллиард АКШ доллары, ал эми менчик каражаттан 7,2 миллиард АКШ доллары бөлүнөрү белгилүү болду.

Саммиттин жүрүшүндө токойлорду сактап калуу, кыртышты туура пайдалануу боюнча орток декларация кабыл алынды. БУУнун маалыматы боюнча, көмүртек газынан улам жыл сайын дүйнөдөгү 4 миллиард гектар токойдун үчтөн бир бөлүгү жоголууда.

Отуздан ашуун глобалдык уюмдар токойду кыюуну токтотууга багытталган инвестициялык программаларды ишке ашыруу милдетин алды.

Метан газы боюнча глобалдык макулдашууга кол коюлду. Аны 35 дүйнө лидери колдоп, жакынкы он жылда таза энергия булактарын киргизүү иштерин аткарышат. Бул макулдашууга АКШ, Индия, Евробиримдиктин өлкөлөрү жана айрым өнүгүп келе жаткан мамлекеттер кошулду. Каржылык жоопкерчиликти Евробиримдиктин айрым өлкөлөрү, Канада, Британия, Франция алды.

Дүйнөнүн 190 өлкөсү жана бир катар ишканалар көмүрдөн баш тарта турганын убада кылды.

Кыргызстандын милдеттемеси

Кыргызстан 2015-жылы БУУнун Париж келишимин кабыл алган 195 мамлекеттин катарында турат. Ага ылайык, бардык мамлекеттер Жер планетасындагы абанын температурасын эки градустан ашык жогорулатууга бөгөт коюу максатында тиешелүү чара көрүүгө милдеттүү.

Экология, табигый ресурстар министрлигинин Климаттык каржылоо борборунун директору Дастан Абдылдаев эл аралык коомчулуктун жардамы менен гана Кыргызстан мерчемделген пландарга жете аларын айтты.

“Мерчемделген иш-чаралар жана улуттук максаттардын баары эл аралык уюмдар жана өнүккөн өлкөлөрдүн каржылык колдоосу менен ишке ашат. Ал эми Кыргызстан тарап берилген каржыны максаттуу, ырааттуу багыттарга бөлүп, эң маанилүү делген иштерди аткарууга даярдыгыбызды билдирдик. Приоритеттүү тармактар болуп, энергетика, транспорт, айыл чарбасы, суу чарбасы саналат. Бул тармактарда көптөгөн структуралык реформаларды ишке ашыруу менен көздөгөн максатка жетерибизди эл аралык деңгээлде Глазгодогу саммитте президент да баса белгилеп өттү. Андан сырткары, Париж келишиминин алкагында кабыл алынган Кыргызстандын климаттын өзгөрүүсүнө карата улуттук салымы боюнча документте да бул иштер белгиленген”.

Каражаттар кантип келет?

Глазгодогу глобалдык саммитке Кыргызстандан Садыр Жапаров барып катышып, 2-ноябрда сөз сүйлөдү. Ал Борбор Азиядан бул иш-чарага барган жалгыз лидер болду.

Жапаров өз сөзүндө климаттык өзгөрүүлөргө ыңгайлашуу жана Кыргызстандагы экосистема менен биотүрдүүлүктү сактап калуу үчүн жалпы 7 миллиард доллар каражат керек экенин айтты.

Президенттин саммиттеги кайрылуусу Кыргызстандагы жашыл экономика жана климат боюнча эксперттер тарабынан талкууланып жатат. Жашыл экономика боюнча эксперт Умбриэл Темиралиев президенттин Глазгодогу саммитке катышуусу Кыргызстан сыяктуу чакан өлкө үчүн өтө маанилүү экенин белгилеп, анын кайрылуусу тууралуу ой бөлүштү.

“Президенттин Глазгого барып, жогорку трибунадан кайрылуу жасаганын чоң жетишкендик катары баалайм. Экинчиден, анын кайрылуусу да жөндүү болду. Албетте, өлкө башчысы сөзүн жалгыз эле ГЭС куруу зарыл деген сыяктуу чакырыктар менен эмес, дагы конкреттүү маселелер менен күчтөндүрсө да болмок. Жапаровдун сөзүндөгү 3 жана 7 миллиард доллардык каражат керек деген болжолдуу санак. Бул каражатты өлкөгө тартып келиш үчүн мамлекет эки нерсени ишке ашыруусу керек. Биринчиден, казынадан финансы, чоң долбоорлорду ишке ашырууга балким, жер бөлүп берүүгө, өнөктөштөр менен тең ата иштөөгө даяр болушу керек. Экинчиден, биздин жеке ишкердик сектор да климаттык саясатка белсенип киришүүсү зарыл. Себеби, биздин мамлекет бай эмес, өзү жалгыз эл аралык деңгээлде каржылоого катыша албайт. Негизи биргелешкен улуттук саясат болмоюн, президент айткан миллиард долларлык каржы булагын алып келүү өтө кыйын. Донорлор көп учурда бир нече миллиондук эле суммада грант берип коёт. Андай аз акча климаттын өзгөрүүсүнө багытталган улуттук салымдарды ишке ашырууга мүмкүн эмес”.

Глазгодогу конференция климат боюнча эң масштабдуу иш-чара болуп саналат. Кыргызстан климат боюнча сүйлөшүүлөргө улуттук милдеттенмесин жакында аныктаган.

Саммит учурунда британ өкмөтү өнүгүп келе жаткан өлкөлөрдүн жашыл экономикага өтүүсүн колдоо иретинде 576 миллион фунт стерлинг бөлөөрү белгилүү болду.

Глазгодогу саммиттеги негизги убадалардын бири – токойлорду кыйганды токтотуп, метан газынын абага бөлүнүп чыгуусун азайтуу болду. Бирок муну жетишкендик катары баалоого болбойт дейт серепчилер. Кеп убадалардын аткарылышында. Токойлор тууралуу 2014-жылы дагы милдеттемелерди алышкан. Бирок андан бери токойлорду кыюу кайра көбөйгөнү байкалган.

  • 16x9 Image

    Бактыгүл Чыныбаева

    “Азаттык” үналгысынын Бишкектеги кабарчысы, журналист, котормочу, илимий кызматкер. Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин жана Лондондогу эл аралык Кэмбриж академиясынын бүтүрүүчүсү.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG