Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Сентябрь, 2021 ишемби, Бишкек убактысы 09:03

Ишкерлерди текшергендердин кыскарып-кыскарбаган тизмеси


Иллюстрациялык сүрөт.

Экономика жана финансы министрлиги ишкерлерди текшерүүгө укуктуу мамлекеттик органдардын жаңы тизмегин сунуштады. Ага сегиз мекеме кирди.

Мындай укукту Ички иштер министрлигине берүү же бербөө маселеси али чечиле элек. Мурдараак бул демилге бизнес коомчулуктун нааразылыгын жараткан, президент да каршы пикирин билдирген.

Текшерүүчүлөрдүн тизмеги

“Ишкердик субъекттерге текшерүү жүргүзүүгө укугу бар ыйгарым укуктуу органдардын тизмегин жактыруу жөнүндө” токтом долбоору Министрлер кабинетинин (өкмөт) сайтына жарыяланды. Документти Экономика жана финансы министрлиги иштеп чыкканы менен ал өкмөттүн төрагасы Улукбек Мариповдун кол койгондон кийин кабыл алынат.

Демек, долбоорго ылайык бизнес чарбаларды сегиз мекеме текшере алат. Алар:

  1. Экономика жана финансы министрлиги;
  2. Энергетика жана өнөр жай министрлиги;
  3. Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги;
  4. Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлиги;
  5. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги;
  6. Транспорт жана жолдор министрлиги;
  7. Экология жана климат боюнча мамлекеттик комитети;
  8. Министрлер кабинетинин астындагы Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба агенттиги.

Экономика жана финансы министринин ишкерчилик тармагын тескеген орун басары Жарасул Абдураимов жаңыртылган тизме жөнүндө “Азаттыкка” буларды билдирди:

Жарасул Абдураимов
Жарасул Абдураимов

“Бул токтом кабыл алына элек. Ошондуктан муну акыркы тизме деп айта албайбыз. Ар бир мамлекеттик орган “биз ишкерлерди текшеришибиз керек эле” дей берет, кээ бирлериники жүйөлүү, айрымдарыныкы орунсуз. Ошолорду азыр карап жатабыз. Мисалы, ветеринардык, санитардык сыяктуу текшерүүлөр сөзсүз керек. Бирок жөнү жок эле текшерүүлөр болбойт. Мен мурда өндүрүштө иштеген киши катары айтарым, текшерүүдөн эч качан коркпош керек. Эгер ишкердик чарбада бардыгы жайында болсо, күнүнө он жолу текшерсе деле эч нерсе таба албайт. Ызылдап чуу кылып аткандардын демек кандайдыр бир жашырган нерселери болушу мүмкүн”.

Мурдараак ишкерлерди текшерүүчү органдардын катарына Ички иштер министрлигин киргизүү да каралып жаткан. Тагыраагы участкалык милиция кызматкерлери фирмаларды, дүкөндөрдү, күркөлөрдү жана башка жайларды жайгашкан жеринде катталганы боюнча геолокациялык гана маалыматтарын тактап коёру кабарланган. Буга байланыштуу ИИМ өз алдынча мыйзам долбоорун даярдап жаткан.

Жарасул Абдураимов азырынча бул маселе чечиле электигин айтты:

“Негизи участкалык милициялар боюнча сунушта башкача ой бар болчу. Ал болгону туура эмес кабылданып, тескери маанай жаралып калды. Азыр ИИМ өзүнүн функцияларын тактап, далилдеп берсе, балким бир тарабы кириши мүмкүн. "Көрүнгөн эле жерди барып милиция текшерип жатып калат" деген туура эмес, алардыкы зарыл болсо кайсы бир функциялары кирет. Бирок дагы белгилеп коёюн, алардыкы азырынча чечиле элек. Бардыгы дыкаттык менен каралып чыгат”.

Соңку демилге кезинде бизнес коомчулуктун арасында катуу нааразылыктар менен кабылданган. Ондогон ассоциациялар Министрлер кабинетине кайрылып, милиция кызматкерлерине текшерүүчү укугун берүү идеясынан кайтууну талап кылышкан.

Экономика жана финансы министрлигиндеги жыйындардын биринде ишкер Гияс Халилов мындай деген.

Кыргызстандын милициясы
Кыргызстандын милициясы

“Бизге, ишкерлерге пандемия кыйла сокку урду. ЕАЭБдин курамында экенибизге карабай Казакстан чек араны жаап салууда. Орусия болсо чийки заттарга бааны көтөрүп жиберүүдө. Биз бул боюнча Соода палатасы аркылуу Минскидеги сотко кайрылганбыз. Орусиялык компаниялардын баалары бир баада, биздин товарлардын өздүк наркы башка баада чыгып калып жатканы туура эмес атаандаштыкка алып келүүдө, бизди банкрот кылып жатат. Азыр эми ушундай кырдаалда бизди эмне көп кыжырдантып жатат? Анткени, сиздер участкалык милиция кызматкерлерин ишкерлерди текшерүү укугун берүүнү карап жаткан экенсиздер. Бул бизди кемсинтет. Маселен, менин ишканам эч качан салык жашырбайт, акыркы тыйынына чейин мыйзамдуу иштейбиз. Анан ушундай кырдаалда токсонунчу жылдардагы жагдайга кайтып барабызбы? Мен башкалардан айырмаланып, муну жакшы билем, ал кезде биз укук коргоо органдарына караганда бандиттерге көбүрөөк ишенчүбүз. Ошондуктан муну жокко чыгарышыңыздарды талап кылам”.

Президенттик администрация 13-августта мамлекет башчы Садыр Жапаровдун ушул тема боюнча позициясын жарыялап, ал милиция кызматкерлерине ишкер чарбаларды текшерүү укугун берүүгө каршы экенин билдирген.

Аткаруу жана андагы алешемдиктер

Ишкерлерди текшерүүгө укуктуу мамлекеттик органдардын тизмеси акыркы жолу 2016-жылы ошол кездеги премьер-министр Сооронбай Жээнбековдун токтому менен бекитилген. Анда жалпы 11 мекеме бар эле. 2017-жылы андан Өнөр жай, энергетика жана жер казынасынын пайдалануу мамлекеттик комитети жана Экономика министрлигине караштуу Метрологиялык көзөмөл боюнча мамлекеттик инспекция алынган. Бирок бир орган кайра кошулуп, кайра онду түзгөн.

Натыйжада текшерүүчүлөрдүн катарында Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматы, Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттиги, Отун-энергетикалык комплексин жөнгө салуу боюнча мамлекеттик агенттик, Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекция, Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекция, Социалдык фонд, Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаменти, Дары-дармек менен камсыздоо жана медициналык техникалар департаменти, Баалуу металлдар департаменти, Этил спиртин, алкоголдук жана спирт камтуучу продукцияны өндүрүүнү жана жүгүртүүнү жөнгө салуу жана көзөмөлдөө боюнча башкармалыгы калган.

Жаңы тизмеде булар алынган деле жок. Болгону өкмөт Министрлер кабинети болуп өзгөрүп, түзүмү реформалангандан кийин алардын көбү ар кайсы министрликтерге кошулуп кеткен. Ошол себептүү текшерүүчүлөрдүн саны ондон сегизге түшкөндөй көрүнгөнү менен мекемелердин ичиндеги органдардын саны мурдагыдай эле.

“Кыргызстандагы базарлардын, соода ишканаларынын жана тейлөө кызматтарынын ассоциациясынын” аткаруучу директору Артур Ташибеков буларга токтолду.

Артур Ташибеков
Артур Ташибеков

“Текшерүүчүлөрдүн тизмеси көп деле өзгөргөн жок. Башкы суроо “Текшерүү кантип аткарылат?” дегенге келип такалууда. Ишкер текшерүү кайсы нормативдердин, кандай критерийлердин негизинде өтөрү тууралуу маалымат алышы керек. Башкача айтканда, текшерүүчү келген учурда мыйзамды өзү каалаганындай чечмелеп, баштан аяк тинтип кирет. Бул толтура убакытты алат жана ишкананын ишин токтотуп коёт. Текшерүү жалпы жонунан жазалоочу мүнөздө гана болот, тиешелүү адис эптеп бирдеме таап, айыппул салып, бюджетти толтурууну гана максат кылат. Жыйынтык айыппул менен өлчөнөт. Ишкер эмне текшерилерин, кайсы талаптар коюларын билбегени жана текшерүүчүнүн ушундай аракети соңунда коррупцияны жаратат. Жыйынтыгында текшерүүлөр жакшы нерсеге алып келбейт жана эреже бузуулар жоюлбайт. Ошондуктан биз текшерүү чараларын киргизүүдө бир топ реформаларды сунуштаганбыз. Тилекке каршы, өкмөт өз алдынча бир тараптуу гана чечимдерди кабыл алууга өтүп алды”.

Былтыр мартта пандемия башталганына байланыштуу ошол учурдагы өкмөт 2022-жылдын 1-январына чейин бир катар текшерүүлөргө мораторий киргизген. Иш жүзүндө бул чектөө азыр деле күчүндө.

Бирок ошондон бери деле ассоциациялар жана жеке ишкерлер текшерүүлөр уланып келгенин кабарлап жатышты. Кийин президент Садыр Жапаров да, Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов да тиешелүү мамлекеттик органдарга текшерүүлөрдү азайтуу боюнча тапшырмаларды бергенин айтышкан.

“Бизнес-ассоциациялардын улуттук альянсынын” катчылыгынын жетекчиси Искендер Шаршеев мындай деди:

Искендер Шаршеев
Искендер Шаршеев

“Текшерүүлөр азыр азайды деп айта албайм. Биздин мүчөлөр салыктарды өз убагында төлөп, мыйзамдарды максималдуу түрдө бузбаганга аракет кылганы үчүн текшерүү көбөйүп жатканын даттанышкан жок. Бирок уюмдан сырткары алганда ошондой маалыматтар чыгып жатат. Азыр Кылмыш кодекси, Кылмыш-процессуалдык кодекстери жана башка мыйзамдарды жаңылоо аракеттери болуп жатпайбы. Мына ошолордо туура эмес нерселер кирип калса, текшерүүлөр дагы көбөйүп кетиши мүмкүн деген кооптонуулар бар”.

Улуттук статистика комитетинин маалыматына ылайык, Кыргызстандын экономикасы былтыркы жылы 8,6% төмөндөө менен чыккан. Быйыл алгачкы айлардын көрсөткүчтөрү да ушуга жакындап барып, алты айдын жыйынтыгында гана түзөлдү. Бирок баары бир төмөн – жарым жылда ички дүң өнүм 1,7% түшкөн.

  • 16x9 Image

    Эрнист Нурматов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кабарчысы. 2010-жылдан 2017-жылга чейин Ош облусунда кабарчы болуп иштеген. Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG