Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 08:47

Ишкерлерди чочуткан камоолор


Иллюстрациялык сүрөт
Иллюстрациялык сүрөт

Өткөн жылдын октябрь айынан бери кылмыш иши козголуп, камакка алынган чиновниктер менен катар ишкерлер дагы Улуттук коопсуздук комитетинин (УКМК) “кустуруу” жараянынын алкагында жоопко тартылып жатат. Бул тапта Кыргызстанга келген түз инвестициянын көлөмү 24 % кыскарып, Кыргызстандан инвестициянын чыгып кетиши өстү.

Айрым укук коргоочулар ишкерлерге болуп көрбөгөндөй кысым башталганын айтууда.

Акчасын төккөн ишкерлер

Алдамчылыкка шектелип кармалган “Карвен групп” компаниялар ассоциациясынын ээси, ишкер Генрих Балян мамлекетке 60 миллион сом төгүп, үй камагына чыкты.

Ага чейин мамлекеттик органдар компанияларын текшерүүгө алган ишкер Сергей Ибрагимов 100 млн сом мамлекетке өз эрки менен берген.

Кылмыш иштери кыскарган Өмүрбек Бабанов ошол эле күнү мамлекетке 100 млн. сом жардам кылган. Бирок кийин Кумтөр иши менен камакка алынды.

Мыйзамсыз баюуга шектелген Жогорку Кеңештин депутаты Марат Аманкулов 50 млн сом мамлекетке төгүп берди. Аскер прокуратурасы коррупцияга шекшип, “Элит Хаус” компаниясынын негиздөөчүсү Тимур Файзиевге издөө жарыялады.

“Адилет” укуктук клиникасынын директору Чолпон Жакупова акыркы камоолордон кийин укук коргоо органдары тарабынан ишкерлерге басым-кысым күч алганын айтып чыкты.

Чолпон Жакупова
Чолпон Жакупова

“Мени камоолорго карата жарандардын мамилеси кооптондурат. Алар бай адамдар, бизнесмендер, элдин канын сорду, кустурсун, отургузсун деп табасы кангандар бар. Биз алар менен байланышта экенибизди түшүнүшүбүз керек. Бизнесмендер көп фактордон көз каранды болгондой эле, биз бизнесмендерден түздөн-түз дагы көз карандыбыз. Анткени алар жумушчу ордун түзөт, салык төгөт, экономиканы көтөрөт. Кылмыш-процессуалдык кодексинде кайсы учурда камаса болору так жазылган. Бардыгын эле күчкө салып камай берген болбойт. Мен дайыма өткөндү эмес келечекти ойлоого чакырып келем. Мен элдин нааразычылыгын түшүнөм. Элдин канын соргондор бар, уурулар бар. Бирок, бул эмне менен бүтөт? Таразанын бир тарабында экономикалык туруктуулук турат. Кустуруу иши түбөлүк болбойт. Ишкерлердин түбүнө жетебиз, бюджетке салык төккөн адам калбай калат”.

Ишкерлерди ким коргойт?

Президент Садыр Жапаров бийликке келгенден бери ишкерлерди коргоого байланыштуу бир канча жарлыкка кол койгон. Инвестиция тартуу, ишкерликти колдоо үчүн атайын министрлик дагы түзүлгөн.

Деген менен Кыргызстандагы ири курулуш компанияларынын кожоюндарынын бири, Жогорку Кеңеш депутаты Айбек Осмонов ишкерлерге басым-кысымдын күчөгөнүн байкабаганын айтат.

Айбек Осмонов
Айбек Осмонов

“Президенттин ишкерлерди жана инвесторлорду коргоо, колдоо боюнча жарлыгы бар. Азыркы учурда Министрлер кабинетинин мүчөлөрү жеке ишкерлерди кабыл алып, жакшы иштеп жатат. Кыргызстандын ички ишкерлерине кысым деле болгон жок. Өкмөттүн ишинин үзүрүн бир жылдан кийин көрөбүз”.

Атайын кызмат кылмыш ишин козгоп, камакка алган чиновник, ишкерлерге жазаны акчага айырбаштаган "тергөө менен кызматташуу" деген ыкманы кеңири колдонуп жатат. Коомчулукта мындан күмөн санагандар арбын.

Берилген акча, күмөн-күдүк ойлор

Буга чейин депутат Ирина Карамушкина Министрлер кабинетинен УКМК кармаган чиновниктердин кимиси канча акча төлөгөнү, мамлекеттик бюджетке канча акча түшкөнү тууралуу маалымат берүүнү талап кылган.

Мурдагы экономика министри Эмил Үмөталиевдин айтуусунда, кылмыш иши козголгон чиновниктерден, ишкерлерден миллиондорду өндүрүүнүн эрежеси ачык болбой, күмөн ойлордун жаралышына жол берилип жатат.

Эмил Үмөталиев
Эмил Үмөталиев

“Бул абдан карама-каршы ой пикирди жараткан процесс болуп жатат. Бир четинен бул кишилерге болушкан жарандардан кайдыгер мамиле кылгандар көп экени билинип турат. Бул кишилердин бийлик менен аралашып, коррупцияга жакын болушу, элдин жаман көңүлүнө илинип калганы ошондой маанайды жаратышы мүмкүн. Эгер бул иштерде ачык процесс болуп, кайсы мыйзамды бузганы үчүн кармалып жатканын элге ачыктап берсе, элдин колдоосуна көбүрөк ээ болот эле жана үлгү болот эле. Эң негизгиси ылдыйкы катмарга, ишкерчилик менен алектенген адамдарга кандай үлгү берери да түшүнүксүз болуп турат. Кайсы эрежени кармануу керек, коррупцияны жоюуга мисал катары таанылабы же бийликтегилер менен жаңы байланыштарды издегенге түрткү кылабы? Азырынча бийликтин ниети тунук болбой жатат”.

Айрым ишкерлер бийликтеги адамдар менен жакшы мамиледе болуп, ар кандай коррупциялык иштерге барган, салык жашырган учурлар дагы жок эмес дегендер дагы бар.

Көз карандысыз эксперт, юрист Айдар Мамбеткадыров мамлекеттин бул багыттагы саясатын колдоорун билдирди.

“Кыргызстанда биринчи жолу мындай темп менен иш болуп жатат. Чиновниктерге, ишкерлер уурдаган акчаларын, төлөбөй келген салыктарын төгүп жатат. Бул албетте жакшы нерсе. Мисалы, акыркы эле "Карвендин" ээси махинация жасап, мамлекеттик банктан алган акчасын төкпөй коюуга жасаган аракети ачыкталбадыбы. Мындай көрүнүштөрдү көргөндө ишкерлер элди алдап, салык төкпөй келген турбайбы деп ойлойт экенсиң. Бирок экинчи жагы укук коргоо органдарында бул практика калып калбаш керек. Салык жашырган ишкерлер чексиз эмес, түгөнөт. Мыйзамдуу, системалуу жолго түшүшүбүз керек.

Инвестиция кыскарды

Улуттук статистика комитети ушул жылдын январь-март айында өткөн жылга салыштырмалуу Кыргызстанга чет жактан келген түз инвестициянын агымы 24,4% кыскарганын билдирди. Ошол эле кезде Кыргызстандан инвестициянын чыгып кетүүсү 16% көбөйгөн.

Бизнес акыйкатчы Робин Орд-Смит акыркы учурда өлкөдөгү ишкерлик менен инвестициялык кырдаалга байланыштуу түзүлгөн абалды кооптуу деп баалады.

Робин Орд-Смит
Робин Орд-Смит

"Бизнес лидерлер мага өз ишкердигин өнүктүрүүнүн келечегин көрбөй калганын айтып жатышат. Чет элдик инвесторлор бул жактагы туруксуз абалдан улам инвестиция салуудан чочулоодо. Жергиликтүү жана башка жактан келген инвесторлор өлкөдө адилет, мыйзам чегинде иш алып барууну көздөшөт. Алар инвестициясынын коопсуздугун каалашат. Тилекке каршы, азыркы тапта ишеним жок болуп жатат. Экономикалык оор кырдаалдан чыгуу үчүн тез арада ишенимди калыбына келтирүү зарыл".

Бизнес акыйкатчы укук коргоо жана бюджет толтуруучу органдарды ишкерлерге басым жасоону токтотууга чакырды.

Камоолор кайда алып барат?

“Ишкерлер бирлигинин” төрагасы Аскар Сыдыков өлкөдөгү инвестициялык абалдын начарлашынын себептери катары буларды айтты.

Аскар Сыдыков
Аскар Сыдыков

“Абал чындап эле оор, кыйын. Статистикада көрсөтүлгөн маалымат чын. Буга себеп, коопсуздук, ишкерлерге козголгон кылмыш иштери, жеке менчикти коргоо маселеси. Анан өкмөттөгү туруксуздук дагы таасир этүүдө. Анан албетте, экономиканы тейлеген кызматкерлердин деңгээли аксап турат”.

Экономика жаатындагы эксперт Эсен Момункулов Кыргызстандан инвестициянын чыгып кетип жатышын укук коргоо органдарынын ишкерлерге жасап жаткан мамилесинин жыйынтыгы деп эсептейт.

Эсен Момункулов
Эсен Момункулов

“Дүйнө жүзүндө инвесторлорго жеңилдик берилип, шарт түзүлүп жатса, Кыргызстанда мамлекеттик чиновниктер бүтүп, эми бизнесмендерге кол салуу кооптондурат. Азыр азык-түлүк кымбаттады деп жатышпайбы, бизнесмендерди кысымга алуу баанын өсүшүнө алып келет. Ишкерлерди отургузганда баары сүйүнүп кол чаап жатат, мыйзамыз камоолор элдин чөнтөгүнө таасир этет. Анткени ишкерлер коомдун кыймылдаткыч бөлүгү.

Атайын кызматтын төрагасы Камчыбек Ташиев март айында кылмыш иши козголгон чиновниктер, ишкерлерден төрт млрд. сом бюджетке түшкөнүн билдирген. Ташиев ар бир коррупционер, салык жашырган ишкер мамлекетке келтирген зыяны так аныкталып жатканын айткан.

  • 16x9 Image

    Марат Тагаев

    Марат Тагаев – “Азаттык” радиосунун кабарчысы. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин, Кыргыз Республикасынын Президентинин алдындагы Башкаруу академиясында магистратураны бүтүргөн.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG