Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:06

Жапаров инвесторлорду чакырды, журтташтарга жолукту


Президент Садыр Жапаров ТОВВ университетинде сүйлөп жатат. 10-июнь, 2021-жыл.
Президент Садыр Жапаров ТОВВ университетинде сүйлөп жатат. 10-июнь, 2021-жыл.

10-июнда Түркиянын Палаталар жана биржалар биримдигиндеги жыйында сөз сүйлөгөн президент Садыр Жапаров түркиялык инвесторлорго ачык бизнес жүгүртүү кепилдигин берди. Ал oшондой эле Түркияда жашап-иштеген кыргызстандыктарга жолугуп, алардын виза алуудагы маселесин укту.

Жапаровдун убадасы

Түркиянын баш калаасы Анкара шаарында жайгашкан ТОББ университетинде уюштурулган бизнес-форумга президент Садыр Жапаров, эки өлкөнүн министрлери жана ишкерлери катышты.

Анда Жапаров ишкерлерге кайрылып, жаңы Конституцияга инвестиция боюнча атайын берене киргенин белгилеп, Кыргызстанда чет өлкөлүк ишкерлерге таза бизнес жүргүзүүгө толук кепилдик берилерин убада кылды.

"Жаңы түзүлгөн инвестициялар министрлиги потенциалдуу инвесторлор үчүн бирдиктүү терезе принцибинин алкагында кызмат көрсөтүп, жеңилдиктерди камсыз кылат. Мен мамлекет башчысы катары сиздердин инвестицияларды ишенимдүү жумшоого жана ишканалардын мүлкүнүн сактыгына кепилдик берем. Урматтуу ишкерлер, инвестициялык потенциалы чоң Кыргызстан ЕАЭБ өлкөлөрүнө, Кытай рыногуна эркин чыгууга терезе болуп берүүгө даяр".

Жолугушууда Түркиянын Соода палаталары жана товардык биржалары биримдигинин өкүлдөрү үстүбүздөгү жылдын 9-июлунда өтө турган Ысык-Көл бизнес-форумуна катышууга ниеттенип жатышканын билдиришти.

Анкара шаарындагы бизнес форум. 10-июнь, 2021-жыл.
Анкара шаарындагы бизнес форум. 10-июнь, 2021-жыл.

Бизнес-форумда каралган келишимдер

Белгилей кетсек, бейшембидеги бизнес-форумга түркиялык эң ири компаниялардын өкүлдөрү катышты. Алар энергетика, жеңил өнөр жайы, тамак-аш өнөр жайы, нанотехнология, фармацевтика, айыл чарба, логистика, машина куруу жана башка чөйрөлөрдө иш алып барат.

Экономикалык кызматташтык боюнча сөз Жапаров менен Эрдогандын 9-июндагы жолугушуусунда да айтылган.

Анда Режеп Тайып Эрдоган товар жүгүртүүнүн көлөмүн 1 миллиард долларга жеткирүү тууралуу бир топ жылдан бери айтылып келген планды кайталап, Кыргызстан менен Түркиянын ортосунда учак каттамдары көбөйө турганын жарыялаган.

Түрк президентинин расмий сайты Жапаров менен Эрдогандын сүйлөшүүлөрүнөн кийин жети маанилүү келишимге кол коюлганын жазды.

Алар маданият, билим берүү, айыл чарба, логистика, саламаттык сактоо жаатында кызматташуу жөнүндө келишимдер жана меморандумдар экени жарыяланган. Бирок экономикалык жардамдар жана аскердик кызматташуу багытында келишим болгону же болбогону белгисиз бойдон калды.

Жапаров мигранттардын арыз-муңун укту

Президент Садыр Жапаров 10-июнда Түркияда жашап, эмгектенип жүргөн кыргызстандыктар менен да жолукту.

Эмгек миграциясында жүргөн мекендештер президентке жана аны коштоп барган тышкы иштер министри Руслан Казакбаевге эмгек визасын алуудагы көйгөйлөрүн айтышты.

"Түркияда иштеп жүргөн кыргызстандык мигранттар "кара тизмеге" түшүп депортация болуп кайра Түркияга кире албай жатат. Визаны алуу үчүн ири өлчөмдө акча берүүгө туура келип жатат. Ушул көйгөйдү бир карап берсеңиз", - деди Анкара шаарында көп жылдан бери иштеп жүргөн Нуржамал.

Мигранттардын бул суроосуна тышкы иштер министри Руслан Казакбаев жооп берди. Ал эмгек визасы боюнча расмий сапарда эки өлкөнүн лидерлери жарандарга ыңгайлуу эрежелерди талкуулаганына токтолду.

"2011-жылга чейин Кыргызстан менен Түркиянын ортосунда визасыз жүрүү мөөнөтү бир ай болчу. Эми үч айга чейин визасыз жүрө алабыз. Кечээ жолугушууда эки президент 90 күндүк визасыз жүрүү эрежесин дагы узартууну жана эмгек визасын алуу жараянын жеңилдетүү боюнча суроолорду талкуулады. Түркиянын президенти пандемияга байланыштуу бир аз убакыт берүүнү өтүндү. Ички жана сырткы коопсуздукту эске алып, кийинки жолугушууга чейин бул маселе боюнча бир чечимге келүүнү сүйлөштүк", - деди Казакбаев.

Жолугушууда тартылган сүрөт.
Жолугушууда тартылган сүрөт.

Түркиянын ири шаарларынан барган кыргызстандыктар жүз миңдеген мекендештер дүйнөнүн төрт бурчунда миграцияда жүргөнүнүн себеби эмнеде экенин президенттен сурашты.

"30 миң адам Түркияда жүргөнүн айтып жатасыздар. Миллиондой мекендештер Казакстан жана Орусияда, ары жагы Европа, Америкада жүрөт. Бул биздин экономикабыздын төмөндүгү. Жумуш ордуларынын жоктугунан 30 жылдан бери миллион адам сыртка чыгып кетти", - деп жооп берди президент Жапаров.

Президент Анталияда Кыргызстандын башкы консулдугун ачуу боюнча иштер жүрүп жатканын, Түркиянын мекендештер көп жашаган райондорунда дипломатиялык жана консулдук өкүлчүлүктөрүн кеңейтүү боюнча иштер улантыларын кошумчалады.

Жыйынга Түркияны байырлаган вандык кыргыздар да катышты. Улуу Памир айылынын башчысы Эйүпхан Ватансевер президент менен жолугушууга атайын келгенин билдирип, айыл аксакалдарынын салам дубайын айтты.

Учурда Түркияда расмий 25 миңден ашык кыргызстандык катталган. Бирок бул өлкөдө эмгек миграциясында жүргөн алатоолуктардын саны кыйла көп экени айтылып келет. Түркиядагы кыргызстандык мигранттар негизинен Стамбул, Анкара, Измир жана Анталия баштаган ири шаарларда жашап, эмгектенишет.

Бишкек-Анкара: ниет бар, натыйжа жок
please wait

No media source currently available

0:00 0:44:41 0:00

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG