Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 23:07

Бишкек-Анкара: кызматташтыктын жаңы тепкичи


9-июнда президент Садыр Жапаров Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган менен бетме-бет сүйлөшүп, ФЕТО кыймылы менен күрөш, кыргыз-тажик чек ара маселеси жана эки өлкө ортосундагы учак каттамдары боюнча билдирүү жасашты.

Президент Садыр Жапаров Түркияга расмий сапарынын алкагында президент Режеп Тайып Эрдоган менен эки өлкө ортосундагы Стратегиялык кызматташуунун жогорку кеңешинин 5-жыйынын өткөрүштү.

Кыргыз-түрк президенттери баштаган делегациялардын Анкарадагы сүйлөшүүсү үч саатка созулду. Анда эки өлкө ортосундагы жана чөлкөмгө байланыштуу бардык маселелер талкууланганын түрк президенти Режеп Тайып Эрдоган маалымат жыйынында айтты.

Ал кыргыз-тажик чек арасындагы 50дөн ашуун адамдын өмүрүн алган жаңжал тууралуу да сөз кылды.

Садыр Жапаров жана Режеп Тайып Эрдоган. 9-июнь, 2021-жыл. Анкара шаары.
Садыр Жапаров жана Режеп Тайып Эрдоган. 9-июнь, 2021-жыл. Анкара шаары.

"Эки бир тууган өлкөнүн ортосунда чыккан бул окуя бизди кайгыртты. Бул мүмкүнчүлүктөн пайдаланып каза болгондордун жакындарына көңүл айтам. Эки өлкөнүн бул маселени сабырдуулук менен кыска убакытта чечип алганы биздин көңүлдү жубатты. Бул көйгөй эки кошуна мамлекеттин ортосунда тынчтык жолу менен чечилет деген тилектебиз", - деди Эрдоган.

Садыр Жапаров менен уюштурулган басма сөз жыйынында Түркиянын президенти "ФЕТО баш болгон террордук уюмдар менен күрөшүү жана чөлкөмдөгү кызматташтык сыяктуу маселелерди талкууладык" деп билдирди.

"ФЕТОнун эки өлкөнүн улуттук коопсуздугуна коркунуч келтире турганы тууралуу урматтуу бир тууганым менен бир пикирдебиз. Соңку мезгилде болгон окуялар ФЕТОнун кандуу, караңгы жана суук "жүзүн" көрсөттү. Буюрса, бири-бирибизге колдоо көрсөтүп, бул коркунучту бирге жеңебиз", - деп кошумчалады Эрдоган.

Садыр Жапаров жана Режеп Тайып Эрдоган. 9-июнь, 2021-жыл. Анкара шаары.
Садыр Жапаров жана Режеп Тайып Эрдоган. 9-июнь, 2021-жыл. Анкара шаары.

Расмий Анкара 2016-жылдын 15-июлунда ишке ашпай калган төңкөрүш аракети үчүн АКШда бозгунда жүргөн Фетхуллах Гүлендин кыймылын “террорчулукка” айыптап, Кыргызстандагы бул кыймылга тиешеси бар деген “Сапат” сыяктуу билим берүү мекемелерине чара көрүүнү талап кылып келет. Гүлен кыймылы түрк тараптын айыптоолорун четке каккан.

Кыргыз президенти Садыр Жапаров бул маселе боюнча үн каткан жок. Ал өз сөзүндө эки өлкөнүн экономикалык карым-катышына басым жасады.

"Мындан тышкары биз соода экономикалык жана маданий-гуманитардык кызматташтык жаатында маанилүү долбоорлорду бирге ишке ашыруу боюнча бир катар маселелерди талкууладык. Кыргызстандын экономикасына түркиялык ири ишкерлерди тартуу маселесине өзгөчө көңүл бурдук. Түркия Республикасынын урматтуу президенти менен соода-экономикалык кызматташтыкты жана байланышты мындан ары да өркүндөтүү максатында соода жүгүртүүнү 1 миллиард долларга чыгаруу үчүн конкреттүү кадамдарды таштоону макулдаштык", - деди Жапаров.

Түрк президенти да товар жүгүртүүнүн көлөмүн 1 миллиард долларга жеткирүү тууралуу бир топ жылдан бери айтылып келе жаткан планды кайталап, Кыргызстан менен Түркиянын ортосунда учак каттамдары көбөйө турганын жарыялады.

Эки президенттин Анкарадагы жолугушуусунда көбүнесе айыл чарба, маданият, спорт жана жаштар маселелери боюнча меморандумдарга жана биргелешкен билдирүүгө кол коюлду. Экономикалык жардам же аскердик кызматташуу багытында конкреттүү келишим болгону белгисиз.

Ал эми президент Садыр Жапаровдун маалымат кызматы эки тараптуу жолугушуулардан кийин кыргыз президенти кибер кылмыштуулукка, аткезчиликке, баңгизаттарды, курал-жарак жана адам сатууга, мыйзамсыз миграцияга жана терроризмге, эл аралык коомчулукка жана коопсуздукка жаңы коркунуч туудурган улут аралык уюшкан кылмыштуулукка каршы турууга чечкиндүүлүгүн билдиргенин кабарлады.

Ошол эле учурда президенттердин жубайлары Айгүл Жапарова жана Эмине Эрдоган бейрасмий жолугушту. Эмине Эрдоган өзүнүн "Твиттер" баракчасында бул жолугушууга кубанычта болгонун жана "бул сапар эки өлкө ортосунда достукту чыңдайт деп ишенерин" жазды.

Түркиялык жергиликтүү басылмалар президент Эрдогандын ФЕТО кыймылы тууралуу айткандарына көңүл бурушту.

Өзгөчө бул кыймылдын эки өлкөнүн коопсуздугуна залакасы тиерин жазып чыгышты. Бийликчил "Yeni Şafak" басылмасын Кыргызстан-Түркия ортосунда стратегиялык келишимдерге кол коюлганын жана өлкөлөрдүн кызматташтыгы жаңы деңгээлге чыкканын жазды.

Ал эми кыргыз-түрк президенттеринин жолугушуусун жергиликтүү түрк телеканалдары түз алып көрсөтүштү. Мамлекеттик "Анадолу" кабар агенттиги Садыр Жапаровдун түркиялык инвесторлордун Кыргызстанга келиши тууралуу талкуу болгонун жана эки өлкө ортосунда жалпы товар жүгүртүүнүн бир жылдык көлөмүн 1 миллиард долларга чыгаруу убадасын жазды.

Садыр Жапаров Түркия сапарында бул өлкөнүн Палаталар жана биржалар биримдигиндеги жыйында, ошондой эле парламентте сөз сүйлөйт. Эки өлкөнүн ишкерлери арасында инвестиция боюнча бетме-бет сүйлөшүүлөр жана келишимдерге кол коюлары күтүлүүдө.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG