Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:13

Эрдоган: Кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжал кайгыртты


Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров менен Түркиянын лидери Режеп Тайып Эрдоган. 9-июнь, 2021-жыл.
Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров менен Түркиянын лидери Режеп Тайып Эрдоган. 9-июнь, 2021-жыл.

Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган апрель айынын этегинде кыргыз-тажик чек арасында болгон жаңжал түрк элин да кайгыга салганын билдирди.

Бул тууралуу ал 9-июнда Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров менен болгон жолугушуудан кийинки маалымат жыйында айтты.

"Эки бир тууган өлкөнүн ортосунда чыккан бул көйгөй бизди да кайгыга салды. Бул мүмкүнчүлүктөн пайдаланып каза болгондордун жакындарына көңүл айтам. Эки өлкө сабырдуулук менен бул маселени чечип алганына кубандык. Эки кошуна мамлекет мындан ары да көйгөйлөрдү тынчтык жолу менен чечет деген үмүттөбүз", -деди Эрдоган.

Мамлекет башчылары жолугушууда кыргыз-түрк эки жана көп тараптуу кызматташуунун абалы менен келечегин, соода-экономикалык, аскердик-техникалык жана маданий-гуманитардык чөйрөлөрдөгү байланыштардын актуалдуу маселелерин талкуулашканы кабарланды.

Кыргызстан менен Түркиянын лидерлери Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңешинин (ТМКК) алкагындагы алакалардын артыкчылыктуу багыттары жана стратегиялык өнөктөштүктө буга чейин жетишилген макулдашууларды ишке ашыруунун жүрүшү тууралуу сөз кылышты.

Жапаров иш сапарынын алкагында Түркиянын Улуу Улуттук Жыйынынын төрагасы Мустафа Шентоп менен да жолугат. Ал ошондой эле эки өлкөнүн бизнес форумуна катышып, Анкарада иштеп жүргөн мекендештер жана окуп жаткан студенттер менен баарлашмакчы. Иш-чаралардын калганы 10-июнга белгиленген.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG