Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:20

Ооганстанда миналарды тазалаган уюмдун он кызматкери өлтүрүлдү


Жаракат алган кызматкерлер.
Жаракат алган кызматкерлер.

Согуштан калган миналарды тазалган бейөкмөт уюмдун кеминде он жумушчусу Баглан провинциясындагы кол салуудан мүрт кетти.

Британиялык HALO Trust уюму 8-июндун кечинде «белгисиз куралдуу топтун» чабуулунан дагы 16 кызматкери жарадар болгонун кошумчалады.

Мурдараак Ооганстандын Ички иштер министрлиги, «Талибандын» жоочулары Баглан-и-Маркази районундагы саперлордун лагерин аткылаганын, жыйынтыгында 10 адам өлгөнүн кабарлаган.

Анткен менен HALO Trust компаниясынын башкы директору Жеймс Коуэн тескерисинче «Талибандын» жергиликтүү бөлүмү жардамга келип, кол салгандарга тап бергенин «Би-Би-Сиге» билдирди.

Талибдердин өкүлү Забиулла Мужахид кол салууга топтун катышы жок экенин маалымдаган.

Улуттар Уюмунун Ооганстан боюнча атайын чабарманынын өкүлү Рамиз Алекперов кол салууну айыптады.

HALO Trust уюмунун расмий сайтындагы маалыматка ылайык, дүйнөдөгү эң көп мина коюлган деп эсептелген Ооганстанда 2600дөй кызматкери бар. Советтер Союзунун 10 жылдык окуппациясынан кийин калган миналарды тазалоо үчүн 1988-жылы түзүлгөн уюм Ооганстандагы миналардын 80% зыянсыздырганын билдирген.

XS
SM
MD
LG