Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 22:45

Монголияда президенттик шайлоо өтүп жатат


Улан-Батор шаарында добуш берип жаткан жаран. 9-июнь, 2021-жыл.
Улан-Батор шаарында добуш берип жаткан жаран. 9-июнь, 2021-жыл.

Коронавирустун күчөп жатканына байланыштуу добуш берүү бекеттеринин кире беришинде жарандардын дене табын ченеп, аралыкты сактоого чакырып жатышат.

Бул өлкө Баш мыйзамына өзгөртүүлөр киргизилгенден кийинки алгачкы добуш берүү. Ал өзгөрүүлөргө ылайык, президент мындан ары бир гана жолу алты жылдык мөөнөткө шайлана алат. Ошондой эле мамлекет башчынын ыйгарым укуктары да чектелген. Мындан улам азыркы президент Халтмаагийн Баттулга экинчи жолу өлкө лидерлигине талапкерлигин койгон жок.

Аналитиктердин божомолуна караганда, бийликтеги Монгол элдик партиясынын өкүлү, мурдагы өкмөт башчы Ухнаагийн Хурэлсух утушу мүмкүн. Ага атаандаш болуп оппозициядагы Демократиялык партиянын мурдагы төрагасы Содномзундуйн Эрдэнэ жана экс-депутат Дангаасурэнгийн Энхбат да бар.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG