Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:22

Рейтер: француз президентин жаакка чапкан адам кармалды (видео)


Француз президенти Эммануэл Макрон.
Француз президенти Эммануэл Макрон.

Француз президенти Эммануэл Макронду 8-июнда өлкө түштүгүндө эл менен жолугушууда чогулгандардын бири жаакка чапты.

Социалдык тармактарга жарыяланган видеодо Макрон эл менен саламдашып жатканда, арасынан бир адам президентти бетке чаап, "Макрония жоголсун!" деп кыйкырганын көрүүгө болот.

Көп өтпөй Тэн-Л'Эрмитаж шаарына жасаган сапарынын маалында Макрон окуяга комментарий берди:

"Бул акылсыздык. Акылсыздык зомбулук менен коштолгондо кабыл алынгыс болуп калат".

Макрон ошондой эле "демократияда жек көрүүчүлүк менен зомбулукка орун жок экенин" белгиледи.

Рейтер агенттиги полициядагы өз булагына таянып, эки адам камалганын жазды. Макронду жаакка чапкан кишинин аты-жөнү жана ал эмнеден улам бул кадамга барганы беймаалым.

Окуяны бир топ саясатчылар, анын ичинде оңчулдардын лидери Марин ле Пен да сынга алып, зомбулукка жол берилбеш керек экенин белгиледи.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG