Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Июнь, 2021 жума, Бишкек убактысы 08:57

Чоң-Алайдагы кыргыз-тажик кызыкчылыгы


Чоң-Алай, Кара-Мык өткөрмө пункту.

Чоң-Алай районунун кыргыз-тажик чек арасындагы Унжу-Булак аймагында абал туруктуу. Чек ара тилкеси аныктала элек аймак өткөн аптада эки өлкө ортосундагы чыңалуунун очогу болду. Тирешти жер алмашуу аркылуу чечүү маселеси каралып жатканы айтылууда.

Жер алмашуу сунуштары

Чоң-Алай районундагы кыргыз-тажик чек арасындагы Кара-Мык айылынын башчысы Абдулла Жакыпов кыргыз-тажик чек арасындагы Унжу-Булак аймагы тууралуу буларды айтып берди.

“Жайыбытыз ушул, мындан башка жерибиз жок. Күзгү, жазгы жайытыбыз ушул. Унжу-Булак менен Караганды-Сайды союз учурунан бери биз пайдаланып келгенбиз. Бул жер бизге аябай зарыл экенин билип туруп, булар алмашуу жолу менен башка жерлерди болжоп жатат деген сөз бар”.

Чоң-Алайдын Жекенди айыл аймагы менен Тажикстандын Лахш (Жерге-Тал) районунун ортосундагы 1110 гектарды түзгөн Унжу-Булак аймагы деңиз деңгээлинен 2400 метр бийиктикте жайгашкан. Ал жер жайыт болуп эсептелет. Аталган айыл өкмөтүнө Жекенди, Кара-Тейит, Кара-Мык, Чулук, Шибе айылдары кирет. Булардын баары кыргыз-тажик чек арасына жакын айылдар. Аймактын эли негизинен мал чарбачылыгы менен алектенет.

Кыргызстандын Чоң-Алай, Тажикстандын Лахш райондорунун ортосундагы бул талаштуу жерди эки тарап алмашуу менен чечүүгө буга чейин да аракеттенип келген.

Кыргыз-тажик чек арасын тактоо боюнча өкмөттүк комиссиянын мүчөсү, Министрлер кабинетинин Оштогу ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Бактыбек Алайчиевдин билдирүүсүндө, кыргыз тарап коңшуларга Унжу-Булактын ордуна бир катар аймактарды сунуштаган.

Бактыбек Алайчиев.
Бактыбек Алайчиев.

“Комиссия эки жерди көрсөтүп келди. Шумкар-Тоо менен Таш-Мечит аймактарын. Шумкар-Тоо менен Таш-Мечит өтө бийик, деңиз деңгээлинен 4000 метр бийиктикте жайгашкан. Алар бизге Унжу-Булактай болгон, 2400 метрдей бийиктиктеги жерди сунуштагыла деп жатат".

Маалыматка караганда, тажик тарап Кыргызстандын Алай менен Чоң-Алай райондорунун ортосунда, кыргыз-тажик чек арасында жайгашкан Алтын-Мазар участкасын алууга макул болорун айткан. Тагыраагы, Унжу-Булакты Алтын-Мазарга алмашууну сунуш кылган. Бирок ага кыргыз тарап көнгөн эмес.

Алтын-Мазар тилкеси

Алтын-Мазар тилкеси да тактала элек аймактардын катарын толуктайт. Кыргызстан аны стратегиялык аймак деп эсептейт.

Дүйшөмбүнүн кызыктырган бул аймак Тажикстандын Тоолуу Бадахшан автоном облусуна караштуу Мургаб району менен чектешет. Мурдагы дипломат Азат Эркебаев тажик тараптын Алтын-Мазарга кызыкканынын себебин мындайча чечмеледи:

Азат Эркебаев.
Азат Эркебаев.

“Алтын-Мазар аты айтылып тургандай алтын кендери бар. Мурда казылып жүргөн учурлары да болгон. Унжу-Булакка салыштырмалуу географиялык абалы бийик жана татаал, адам жашаган аймактан узак жайгашкан. Ага карабай, маанилүүлүгүнүн бир себеби, айтылуу баңгизат ташыган коридордун бир учу ушул аймакка барып такалары айтылып жүрөт. Мен билгенден Алтын-Мазардын тажик тарабында алтын казылып келген. Ошол эле учурда кыргыз тарапта да алтын кени бар деп айтылып жүрөт. Бул жерди алмашабыз дегенинин дагы бир себеби болушу мүмкүн. Алтын-Мазар Тажикстандын Мургаб району менен чектешкен жерде. Ошол эле учурда Мургаб бир жагынан Кытай менен да чектеш. Ал жерде Кытай менен тажикти байланыштырган жүк ташуучу да, адамдар өтүүчү да бир эле "Кулма" деген өткөрмө бекети бар. Тажиктер Кытайдан түз жүк ташыган негизги пунк болуп эсептелет. Эгер Алтын-Мазарды алып калышса, Дүйшөмбү менен Кулма өткөрмө бекетинин аралыгын жакындатышы ыктымал. Башкача айтканда, Дүйшөмбүнү Кытай менен түз байланыштырган кыскараак автожол болушу мүмкүн. Коңшу тараптын жүктөрү "Эркештам" аркылуу Кыргызстанга кирип, анан "Кара-Мык" аркылуу кайра аларга өтүп турган. Акыркы учурдагы пандемия жана чек арадагы кырдаалдан улам бул жерде жүк ташуу токтоп калды. Ошондуктан тажик тарап Кытай менен кандай болбосун соода алаканы жандантуу же өркүндөтүү аракеттерин көрүп жатат. Чоң-Алай багытына өзгөчө көңүл буруп жатат десе болот. Алтын-Мазар участкасын алса, Кытай коридоруна жакындайт".

Ал эми УКМКнын төрагасынын мурдагы орун басары, генерал -майор Артур Медетбеков Тажикстан кыргыз-тажик чек арасы аркылуу Кытайга коридор алат деген пикирди ишке ашпаган божомол деп гана эсептейт:

“Тажиктер ушул жерди басып алып, андан ары дагы жылып, анан Кытайга түздөн-түз жол ачат деген божомолдорду айткандар болду. Бирок бул географиялык да, саясий да, аскердик да жактан мүмкүн эмес. Себеби, географиялык жактан алсак, Кытайдын чек арасы ал жерден абдан алыс. Чоң-Алай аркылуу Кытайга коридор алгысы келгенин божомол катары гана карасак болот. Ал жерден эч кандай коридор ала албайт. Ал жердин рельефи жана башка шарттары боюнча Кыргызстан аркылуу гана жол болушу мүмкүн”, - деди Артур Медетбеков.

"Кулма" Тоолуу Бадахшан автоном облусуна караган жана кыргыздар көп жашаган Мургаб районунда. Бирок бул жакта жол татаал болгондуктан, Тажикстанга Кытайдан товарды Кыргызстан аркылуу ташуу жеңил экени айтылып келген.

Тажикстандын "Азия плюс" сайтынын жазганына караганда, пандемиядан кийинки чектөөлөр алынып, тажик-кытай чек арасындагы "Кулма" бекети апрелден тарта толук кубаттуулукта иштей баштаган.

Чек арадагы акыркы чыңалуу

Чоң-Алайда болгон чек арадагы чыңалуудан кийин Улуттук коопсуздук комитеттин башчысы Камчыбек Ташиев 4-июнда жергиликтүүлөр менен жолукканда буларды айткан:

УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев. 5-июнь, 2021-жыл.
УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев. 5-июнь, 2021-жыл.

1100 гектар жер аныкталып, тактала элек. Булардын картасы менен буларга жазылып калган экен. 1924-жылкы, 1989-жылкы карта боюнча. Бирок биз аны бүгүнкү күнгө чейин кабыл албай жатабыз. "Бул жер биздики, тактала элек" деп жатабыз. Бирок өзүбүздүн такталган жерге пост койгонбуз. Тигилердин постунан бери жагы тактала элек. Булар тактала элек жерге чейин кирип, өздөштүрүүгө аракет кылып жатышат.

Мамлекеттик чек аранын сызыгы толук аныкталбаганына эки өлкө аны эки башка карта менен чечүүнү сунуш кылып келе жатканында да болууда.

Дүйшөмбү чек араны чечүүдө Кыргызстан менен Тажикстандын аймактык бөлүнүшүн камтыган 1920-жылдардагы картага таянса, Бишкек 1950-жылдагы карта менен чечүүнү көздөйт. Ар бир тарап кошунасынын дооматын туура эмес деп эсептейт.

Кыргызстандын Чек ара кызматы 4-июнда таңга маал тажик аскерлери Ош облусунун Чоң-Алай районундагы Унжу-Булак деген жердеги тактала элек жерге контейнер орното баштаганын жана Кыргызстандын аймагына 1000 метр ичкери кирип келгенин кабарлаган. Ошол жерде тажик аскерлери, автомашиналар жана жеңил брондолгон техника топтоло баштаганы байкалган.

Тажикстан тарап аскерлер эки мамлекеттин өкмөттөр аралык комиссиясы макулдашкан чек ара тилкелерин кайтарып жатканын айткан. Бирок кыргыз өкмөтү бул маалыматты четке кагып, Унжу-Булак участогундагы чек ара тилкеси чийиле электигин кабарлаган.

Ташиев 5-июндагы сүйлөшүү майнаптуу болгонун, анын жыйынтыгында чек арага тартылган күчтөр артка кайтарылганын айтты.

Андан кийин эки тарап сегиз пункттан турган протоколго кол койгону жарыяланды. Ага ылайык, эки тараптын тең чек ара постторун өз аймагын көздөй үч чакырымга жылдырышы керек. Тактала элек аймактагы жайыттарды биргеликте пайдалануу тууралуу да чечим кабыл алынган.

Чоң-Алайдагы абал
please wait
Embed

No media source currently available

0:00 0:00:22 0:00

Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы чыңалуу соңку эки айдан бери күчөп кетти. 28-29-30-апрелде жана 1-майда болгон Баткендеги кыргыз-тажик чек арасындагы кандуу жаңжалда 36 кыргызстандык курман болду. Анын экөө бала. 180ден ашуун адам жараат алган. Тажик тараптан 19 адам өлүп, 87 киши жараат алганы расмий түрдө жарыяланган.

970 чакырымга созулган эки мамлекеттин чек арасынын 519 чакырымы гана такталган.

  • 16x9 Image

    Маратбек Акимбек уулу

    Маратбек Акимбек уулу "Азаттыктын" Оштогу кабарчысы. ОшМУнун кыргыз филология жана журналистика бөлүмүн аяктаган. Президенттин алдындагы башкаруу академиясынын магистранты. 

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG