Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:22

Бишкек-Дүйшөмбү: алаканы сынаган бир ай


Кыргызстандын президент Садыр Жапаров жана Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон.
Кыргызстандын президент Садыр Жапаров жана Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон.

Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасындагы 50дөн ашуун адамдын өмүрүн алган кандуу окуяга бир ай болду. Эки өлкөнүн алакасы кандай абалда? Чек ара маселелерин чечүүдө жылыш барбы?

Куралдуу жаңжалдан бери кыргыз-тажик чегиндеги кырдаал салыштырмалуу туруктуу кармалганы менен чек арага байланыштуу окуялар токтогон жок. Соңку бир ай ичинде чек аралаш аймактарда эки өлкөнүн жарандары кармалган же артка кайтарылган учурлар катталды.

Чектелген кыймыл

Мисалы 28-майга караган түнү Бишкектен такси менен келип, Чоң-Алай аркылуу Кыргызстандан Тажикстанга өтүүгө аракет кылган үч тажик жараны кармалганы белгилүү болду.

Бул маалыматты Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин Чек ара кызматынын өкүлү Сажира Чоколоева ырастады.

“Ош облусунун Чоң-Алай жергесинде жергиликтүү тургундар кыргыз-тажик мамлекеттик чек ара тилкесиндеги көзөмөл-өткөрмө жайынан тышкары жерден өтүүгө аракет кылган Тажикстандын үч жаранын кармашкан. Аларды чек арачыларга өткөрүп беришкен. Чек арачылар өз кезегинде тийиштүү документтерди толтуруп, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин Ош облусу боюнча башкармалыгынын кызматкерлерине өткөрүп беришкен”, - деп билдирди Чоколоева.

Тажикстан кармалган үч жараны боюнча расмий үн ката элек. “Озоди” радиосу кыргыз-тажик чек арасынын Баткен районуна тушташ бөлүгүндөгү дагы бир окуя тууралуу өз булактарына таянып кабарлады.

Ага ылайык, 26-майда Тажикстандын Кожалы айылынын 75 жана 27 жаштардагы эки тургуну мал жайып жүргөн кезинде кыргыз чек арачылары тарабынан кармалып, кийинчерээк кое берилген. Бирок кыргыз тарап бул тууралуу азырынча расмий маалымат бере элек.

Чек ара маселелерин иликтеп жүргөн кыргызстандык адис Хаитали Айкынов куралдуу жаңжалдан бери бир ай өтсө да, чек аралаш аймактарда кооптонуу бар экенин айтууда.

“Менин байкоом боюнча, жергиликтүү деңгээлде, коңшу айылдарда бири-бирине ишенбөөчүлүк, кооптонуулар бар. Өкмөттүн чечими менен мамлекеттик чек арада кыймыл-аракет токтотулган. Анын кесепети сезилип жатат”, - деди Айкынов.

Кыргыз-тажик чек арасындагы күйгөн үйлөр, Баткен облусу Лейлек району, 4-май 2021-жыл.
Кыргыз-тажик чек арасындагы күйгөн үйлөр, Баткен облусу Лейлек району, 4-май 2021-жыл.

21-майдан тартып Кыргызстан Тажикстан менен чек арасын жапкан. Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов чек арадагы кыймыл олуттуу маселелер чечилмейинче чектеле турганын билдирген. Андан көп өтпөй Кыргызстан Дүйшөмбү шаарынан Бишкекке учуп келген 177 тажик жаранын кайра артка жөнөткөн.

Тажикстандын Тышкы иштер министрлиги өз жарандарын Кыргызстанга барбай же кошуна өлкө аркылуу каттабай турууга чакырган.

Тажикстандык эксперт, саясат таануу илимдеринин кандидаты Шерали Ризоён Бишкек менен Дүйшөмбүнүн учурдагы карым-катышы “достукка жатпаган мүнөзгө ээ болуп бара жатат” деп эсептейт.

“Тажикистан менен Кыргызстандын азыркы мамилеси Борбор Азияда акыркы беш жылда байкалган жараяндарга жалпысынан төп келбейт. Региондо чек аралар ачылып, мамиле жакшырып, эки тараптуу жана көп тараптуу кызматташтык жакшырып жаткан. Кыргызстандын бийлиги кабыл алган кадамдар учурдагы маселелерди тынч жол менен жана достук мамиледе чечүүгө алып барбайт”, - деди эксперт Ризоён.

28-29-30-апрелде жана 1-майда кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу жаңжалда 36 кыргызстандык, анын ичинде эки бала набыт болгон. 180ден ашуун адам жаракат алган. Тажик тараптан 19 адам өлүп, 87 киши жаракат алганы расмий жарыяланган. Жаңжал боюнча эки өлкө бири-бирин “агрессияга” айыптап, кылмыш иштерин козгошкон.

Дипломат, Кыргызстандын Улуу Британиядагы мурдагы элчиси Бактыгүл Каламбекова андан бери эки өлкөнүн алакасында кайсы бир деңгээлде кризистик кырдаал өкүм сүрүп жатат деп эсептейт.

“Кыргыз-тажик мамилелери оор этапта турганын айтар элем. Чек араны жаап коюунун, мамилелерди токтото туруунун кыргыз элинин таламы, улуттук кызыкчылыктын зарылчылыгы деп ойлоп жатам. Бирок бул убактылуу нерселер. Жаап койгондон кийин, аны ачуу кандай болот? Мунун бардыгын бир айда болуп өткөн окуялардын таасиринин алдында караганыбызда көп нерсени ачык көрө албайбыз. Андан тышкары Ооганстанда, жалпы эле биздин Орто Азия чөлкөмүндө болгон геосаясий динамикалардын да таасири бар”, - деди Каламбекова.

Диалог жана ортомчулук

Чек арадагы коогадан кийин, 1-2-майда Кыргызстан менен Тажикстандын Чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өкмөттүк делегациялары жолугуп, бир катар чек ара тилкелерин жакында аныктоону макулдашкан.

Андан бери эки өлкөнүн топографиялык жумушчу топтору 5-9-май күндөрү Кыргызстанда, 13-17-майда Тажикстанда жолугушуп, протоколдорго кол коюшкан.

Кыргызстандын Министрлер кабинетинин чек ара маселелери боюнча атайын өкүлү Назирбек Бөрүбаев эки өлкө ортосунда чек ара сүйлөшүүлөрү уланып жатканын, ортодо диалог бар экенин “Азаттыкка” айтты.

“Жумушчу топтор бир жолу Ош жергесинде, экинчи жолу Дүйшөмбүдө жолукту. Ошол жолугушуулар менен чек араны тактап жатабыз. 30 чакырымдан ашык чек араны тактап бүттүк. 8-июндан 13-июнга чейин алар Бишкекке келиши керек. Ошентип макулдашканбыз. Чек ара маселелери кыйын. Акыры сүйлөшүү, макулдашуу жолу менен чечилет”, - деди Бөрүбаев.

Жумушчу топтордун сүйлөшүүлөрү уланып жатканы менен эки өлкөнүн саясий жетекчилигинин мамилеси жана диалогу жергиликтүү гана эмес, эл аралык эксперттердин да көңүл борборунда турат.

Кыргызстандын жана Тажикстандын атайын кызматтарынын жетекчилери Камчыбек Ташиев менен Саймумин Ятимов. Сүрөт социалдык тармактардан алынды.
Кыргызстандын жана Тажикстандын атайын кызматтарынын жетекчилери Камчыбек Ташиев менен Саймумин Ятимов. Сүрөт социалдык тармактардан алынды.

Эки өлкөнүн чек арасында кырдаал курчуп турган учурда кыргыз президенти Садыр Жапаров менен тажик президенти Эмомали Рахмон эки ирет телефондон сүйлөшкөн. Андан бери президенттер байланыша элек. Болгону Кыргызстан менен Тажикстандын тышкы иштер министрлери регионалдык уюмдардын алкагындагы жыйындарда гана жолугуп жатат.

Чек ара жаңжалынан көп өтпөй президент Жапаров Тажикстанга май айынын экинчи жарымында бара турганы кабарланган. Бирок 6-майда Жапаров Баткендин тургундары менен жолугушуусунда чек ара маселелери чечилмейинче коңшу өлкөгө барбай турганын айткан.

Кантсе да эки өлкөнүн президенттери чек арадагы кандуу окуядан кийин орус президенти Владимир Путин менен сүйлөшүп келишти. Тажик президенти Эмомали Рахмон 8-майда Москвада, кыргыз президент Жапаров 24-майда Сочиде Путин менен кездешти. Акыркы жолугушууда Путин Москва кыргыз-тажик чек арасындагы маселелерди чечүүгө көмөктөшөрүн айткан болчу.

Борбор Азия боюнча орусиялык эксперт Аркадий Дубнов Орусия “элдешүү формуласын” табууга аракет кылганын, бирок ал ишке ашканынан күмөн санап турганын “Азаттыктын” “Биз жана дүйнө” программасына курган маегинде айтты.

“Азыркыга чейин Бишкек менен Дүйшөмбүнүн ортосунда чек ара маселелеринин маселени эки тараптуу деңгээлде чечет деген эч бир ишара жок. Тескерисинче, азырынча күчтүн позициясына гана таянып жатышат. Бул жерде Орусия байкоочу болот деп айтты. Азырынча ал тууралуу эч кандай шыбырт да жок. Москвада ушул тууралуу макулдашканы боюнча эч нерсе уккан жокмун”, - деди Дубнов.

29-майда Бишкекке келген Казакстандын премьер-министринин орун басары, тышкы иштер министри Мухтар Тлеуберди да Нур-Султан чек ара чырына байланыштуу консультативдик колдоо көрсөтүүгө даяр экенин билдирди.

Мухтар Тлеуберди президент Садыр Жапаров менен жолукканда Казакстан кыргыз-тажик чек арасындагы окуяларды олуттуу кабыл алганын жана чек араны делимитациялоо, демаркациялоо боюнча тажрыйбасы менен бөлүшүүгө, консультативдик колдоо көрсөтүүгө даяр экенин айтты.

Казак дипломаты менен жолугушууда Садыр Жапаров кыргыз тараптын жаңжалды бир гана тынчтык жана саясий-дипломатиялык жолдор менен жөнгө салуу боюнча жасаган аракетинин натыйжасында абалдын андан ары курчуп кетишине жол берилбегендигин билдирди.

Ал арада кыргыз-тажик чегинде бир ай мурдагы куралдуу жаңжалдын кесепетин жоюу аракети уланууда. 27-майда эки күнгө Баткенге барган кыргыз президенти коогада талкаланган үйлөр калыбына келтирилерин, Баткен облусуна өзгөчө берилерин айтты.

Бир ай мурдагы чек ара жаңжалында Баткен облусунда 136 жеке турак жай кыйрап, өрттөлүп, мектеп жана чек ара бекети сыяктуу мекемелердин имараттары зыянга учураганы жана аймактагы 58 миңге чукул адам жашаган жерин таштап кетүүгө аргасыз болгону кабарланган.

Тажикстанда 15 миңге чукул жергиликтүү тургун коопсуз жайларга эвакуация болгону кабарланган. Согд облусунун бир нече айылында 14 турак жай толук бузулуп, эки үй, бир курулуш жарым-жартылай жабыркаганы маалымдалган.

  • 16x9 Image

    Кубат Касымбеков

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин журналисти. 2011-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган. "Биз жана дүйнө" телеберүүсүнүн алып баруучусу. Твиттерде: @Kubat_Kasymbek

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG