Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:11

Бишкек Дүйшөмбүгө кайтарган учактын чыры


"Манас" эл аралык аэропорту. Бишкек. 25-май, 2021-жыл.
"Манас" эл аралык аэропорту. Бишкек. 25-май, 2021-жыл.

Тажикстандын Дүйшөмбү шаарынан Бишкекке учуп келген тажикстандык 177 жаран кайра артка жөнөтүлдү. Кыргызстан муну коңшу мамлекет менен чек арасы убактылуу жабылганы менен түшүндүрдү.

Тажикстандын Бишкектеги консулу аба каттамдары токтотулганы тууралуу расмий Дүйшөмбүгө алдын-ала маалымат берилбегенин, жөнөкөй адамдар убара тартканын айтып чыкты.

Дүйшөмбүгө кайтарылган тажикстандыктар

Тажикстандын 300дөй жараны “Манас” эл аралык аэропортунда калып калганы тууралуу алгач “Азаттыктын” тажик кызматы жазып чыкты. Ага ылайык 25-майга караган түнү Дүйшөмбүдөн Бишкекке Тажикстандын "Сомон Эйр" авиакомпаниясы менен учуп келген 200дөй тажикстандыктын Кыргызстанга киришине тыюу салынган.

Андан тышкары Орусиянын ар кайсы шаарларынан келген же Орусияга учууну каалаган дагы 100гө жакын жүргүнчү “Манас” аэропортунун транзиттик аймагында калган.

"Манас" аба майданынын басма сөз катчысы Алия Курбанова тажикстандыктар аэропортто калып калган деген маалыматты четке какты. Ал эми чартердик рейстин кайра Дүйшөмбүгө кайтарылышын кыргыз тарап коңшу мамлекет менен чек арасын убактылуу жапканы менен негиздеди.

Манас аэропорту.
Манас аэропорту.

"2021-жылы 25-майда саат 23:11де Тажикстандын “Сомон Эйр” авиакомпаниясынын чартердик каттамы “Манас” эл аралык аэропортуна учуп келген. Учактын ичинде 186 жүргүнчү болгон. Алардын тогузу башка мамлекеттердин, 177си Тажикстандын жарандары. Тажикстандын жарандары үчүн Кыргызстандын аймагына кирүүгө, болууга жана транзит менен өтүүгө убактылуу чектөөлөр коюлгандыгына байланыштуу, Кыргызстандын Чек ара кызматы тажик жарандарын кабыл алуудан баш тартты. Башка өлкөнүн тогуз жараны каттоодон өтүп, Бишкекте калышкан. Тажикстандын жарандары 26-майда саат 03:17де кайра Дүйшөмбүгө учуп кеткен”.

Министрлер кабинетинин 2021-жылдын 21-майдагы токтомуна ылайык, Тажикстандын жарандарынын Кыргызстандын аймагына киришине, болушуна, ары-бери жүрүшүнө жана Кыргызстандын аймагынан транзит аркылуу өтүүсүнө "убактылуу чектөө" киргизилген. Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов муну чек арага байланыштуу маселелер менен түшүндүргөн.

"Сомон Эйр" авиакомпаниясы менен Бишкекке учуп келип кайра артка кайткан тажикстандык жүргүнчүлөр “Манас” аэропортунда учактан түшпөй отурушканын “Азаттыктын” тажик кызматына айтып беришкен. Алардын бири Курбоналӣ Алимов:

"Жүргүнчүлөрдү учактын ичинде беш сааттай кармашты. Биздин бийлик өкүлдөр Кыргызстан адамдарды кабыл алып андан ары Орусияга учуп кетүүгө шарт түзүү боюнча бир пикирге келүүгө болушунча аракет кылышты. Ал жерде Тажикстандын Бишкектеги консулу да болду. Бирок аны кабыл алышкан жок. Бизди керек болсо учактан түшүрүшкөн жок”.

"Манас" эл аралык аэропортуна Дүйшөмбүдөн учуп келген учак. 25-май.
"Манас" эл аралык аэропортуна Дүйшөмбүдөн учуп келген учак. 25-май.

Маалыматтарга караганда, жүргүнчүлөр Кыргызстан аркылуу Орусияга учуп кетишмек. Дүйшөмбүдөн Москвага түз каттамдарга билет кымбат болгондуктан адатта тажикстандыктар Бишкек аркылуу кетүүгө аракет кылат.

Ушул тапта кыргыз-тажик чек арасынан дипломаттар жана алардын үй-бүлө мүчөлөрү, эл аралык уюмдардын кызматкерлери эки өлкөнүн расмий органдарынан уруксат алган адамдар, эки өлкөнүн мекенине кайтып бараткан жарандары гана өтө алат. Алия Курбанова тажикстандыктардын дооматына жооп берди.

“Чек ара жабык болгондуктан биз Тажикстандын жарандарын учактан чыгара албайт болчубуз. Себеби, учактан түшкөндөн кийин чек араны кесип өтүү болуп калат. Ошондуктан эреже боюнча самолет конгондон кийин Чек ара кызматынын кызматкерлери биринчи кирип учуп келген адамдар тууралуу маалымат алат. Мында да алар кирип башка өлкөнүн тогуз жаранын чыгарып, Тажикстандын 177 жараны калды. Ал эми мындай учурларда жүргүнчүлөрдү тейлөө авиакомпаниянын жоопкерчилигинде. Бул эл аралык стандарт. Эгерде авиакомпаниянын кызматкерлери адамдарга суу, жүргүнчүлөр муктаж болгон башка нерселерди бербесе бул компаниянын күнөөсү”.

"Манас" аэропорту. Бишкек. 25-май.
"Манас" аэропорту. Бишкек. 25-май.

Тараптардын түшүндүрмөсү

Тажикстандын Бишкектеги консулу Абубакр Шодиевдин 25-майда мекендештерин чек арадан өткөрүү тууралуу кыргыз тарап менен сүйлөшүүсүнөн жыйынтык чыккан эмес. Ал чартердик каттам менен келген тажикстандыктар Кыргызстанга киргизилбей турганы боюнча алдын – ала маалымат берилген жок деп нааразы.

“Эл аралык келишимдерге ылайык, кайсы бир мамлекет экинчи бир мамлекетке байланыштуу чечим кабыл алганда ал тууралуу жазуу түрүндө алдын-ала кабар берет. Бизге бул тууралуу ушул күнгө чейин эч нерсе деп айтыла элек. Эгерде маалымат болгондо аба каттамы аткарылмак эмес. Ушундан улам жарандар убара болуп жатат. Бул чартердик каттам жумасына же эки жумада бир уюштурулуп келаткан. Бул каттам анча деле көп эмес кээде гана аткарылат”.

Кыргызстандын Жарандык авиация агенттиги “Сомон Эйрге” Бишкекке учуп келишине 15-майда эле уруксат берилгенин кабарлады. Мекеме ал убакта кыргыз тарап коңшу мамлекет менен чек аарсын жаба элек болгонун, авикаттам убактылуу токтотулары тууралуу эскертүүнү Тышкы иштер министрлиги бериши керектигин билдирди.

Ал эми Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) Чек ара кызматынын басма сөз катчысы Сажира Чоколоева окуя тууралуу мындай деди.

“Кыргызстандын Чек ара кызматы аткаруучу орган. Демек, биз Министрлер кабинетинин токтомун аткарабыз. Ал эми Тажикстан “бизге кабар берилген эмес” деп жатат. Биз кабар берүүгө да милдеттүү эмеспиз. Анткени ал Чек ара кызматынын компетенциясына кирбейт. Токтомдо “Тажикстандын жарандарынын Кыргызстандын аймагына киришине, болушуна, ары-бери жүрүшүнө жана Кыргызстандын аймагынан транзит аркылуу өтүүсүнө убактылуу чектөө киргизилет” деп жазылган. Бул бардык транспорт менен келген адамдарга тиешелүү”.

Ал арада социалдык тармактарда айрым кыргызстандыктар Бишкектин тажик жолоочуларын артка кайтарганын сындап чыгышты.

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Тажикстан менен авиакаттамдар токтотулары тууралуу расмий Дүйшөмбүгө маалымат берилген-берилбегенин тактай элек. Тажикстанга 25-майда артка кайтарылган чартердик каттамды кыргызстандык “Эсал Трэвел Групп” туристтик агенттиги уюштурган. Сөз болуп жаткан агенттиктин кызматкери акыркы окуя тууралуу комментарий берүүдөн баш тартты.

Чырдан кийин жабылган чек ара

Кыргызстандын тышкы иштер министринин мурдагы орун басары, дипломат Талант Кушчубеков коронавирус пандемиясынан улам 2020-жылы да Тажикстандын жарандарына Кыргызстанга кирүүсүнө убактылуу тыюу салынганын эстеп, муну кадыресе көрүнүш деп баалады.

“Токтом кабыл алынгандан кийин тиешелүү мекемелер, анын ичинде Чек ара кызматы өзүнүн милдетин аткарып жатат. Аларга доомат артуунун кажети жок. Өкмөт чыгарган токтом өткөрмө пункттарына эле эмес аба байланыштарына да жайылтылат. Бул буга чейин колдонулуп эле келген иштер”.

Бул окуя Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасындагы акыркы куралдуу жаңжалдан кийин орун алды. Кыргыз коомчулугу кандуу окуядан кийин бийликтен коңшу өлкө менен чек араны жаап, соода-сатыкты токтотууну, аткезчиликти тыюуну талап кылган. Баткен облусунун мурдагы губернатору Султанбай Айжигитов Кыргызстандын акыркы аракеттерин колдоду.

“Бул абдан туура чечим (ред: кыргыз-тажик чек арасын убактылуу жабуу). Муну буга чейин эле колдонуш керек болчу. Экинчи жагынан бул чечим кантип ишке ашат? Де юре чечим кабыл алынды, де факто максатыбызга жете элекпиз. Азыр Баткенден, Лейлектен аткезчилик болуп жатканы тууралуу кабар келип атат. Болгону күндүзгүдөн кечкиге өттү”.

28-29-30-апрелде жана 1-майда болгон кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу жаңжалда 36 кыргызстандык курман болду, анын ичинде экөө бала. 180ден ашуун адам жаракат алды. Тажик тараптан 19 адам өлүп, 87 киши жаракат алды.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG