Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:34

Кыргыз-тажик чек арасы: Орусия ортомчу болгусу келет


Садыр Жапаров менен Владимир Путин. 24-февраль, 2021-жыл
Садыр Жапаров менен Владимир Путин. 24-февраль, 2021-жыл

Орусия Кыргызстан менен Тажикстандын чек ара маселелерин чечүүгө көмөктөшүү үчүн мүмкүн болгон бардык аракетти көрөт. Бул тууралуу орус президенти Владимир Путин Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров менен жолугушуусунда айтты. Ушуну менен Владимир Путин кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу жаңжалдан кийин эки өлкөнүн тең жетекчилери менен жолукту.

Кыргызстан менен Орусиянын президенттери 24-майда Орусиянын Сочи шаарында жолукту. Расмий маалыматка ылайык, анда кыргыз-орус эки тараптуу кызматташуусунун абалы, буга чейинки жолугушууда жетишилген келишимдердин ишке ашырылышы жана интеграциялык бирикмелердин алкагындагы пландар талкууланды. Буга чейин эле кабарлангандай, регионалдык коопсуздук маселеси каралып, президенттер кыргыз-тажик чек арасындагы соңку куралдуу жаңжалга да көңүл бурушту.

Владимир Путин.
Владимир Путин.

“Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө эки тараптын ушул сыяктуу бардык талаштуу маселелерин чечүү ниеттерин оң кабыл алдык. Максатка дал ушул жол менен жетүүгө болот деп ишенем. Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы курч маселелерди чечүү үчүн бизден көз каранды болгон нерселердин бардыгын жасайбыз. Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы көйгөйлөрдү чечүүдө эки тараптын кызыкчылыгына тең жооп бере турган узак мөөнөттүү жолду табышыбыз керек”, - деди Владимир Путин.

Чек арадагы чыр-чатактын кесепетинен Баткен районунун чек арага жакын айылдарында талкаланган инфраструктураны, социалдык объектилерди, үйлөрдү калыбына келтирүү жана жергиликтүү калкка жардам берүү маселеси да каралды. Бирок Орусия кандай негизде көмөк көрсөтөрү так айтылган жок.

Ушуну менен бул Садыр Жапаровдун президент катары Орусияга экинчи жолу барышы. Ал кызматка киришкенден кийин биринчи чет элдик сапарын февраль айында Москвадан баштаган. Бул жолку сапары 10-майда орус президенти менен телефондон сүйлөшкөндөн кийин дайындалган эле.

Садыр Жапаров.
Садыр Жапаров.

“Эки тараптуу кызматташуунун жыйынтыктарын кароого жакшы мүмкүнчүлүк болуп турат. Урматтуу Владимир Владимирович, кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаалга көңүл бөлүп, кам санаганыңыз үчүн ыраазычылык билдирем. Кыргызстан элине көрсөткөн колдооңуз үчүн өзгөчө ыраазычылык билдирем”, - деди Садыр Жапаров.

Садыр Жапаровдун Сочи сапарында Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасындагы соңку окуя талкууланары алдын ала эле белгилүү болгон.

Мунун алдында Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон 8-майда Москвада Владимир Путин менен жолугушуп анда кыргыз-тажик чек арасындагы маселени тынчтык жолу менен чечүүгө кызыкдар экенин айткан. Ал Путин менен 9-май - Жеңиш күнүнө карата Москвага сапарынын алкагында кезиккен. Тажик президенти менен орус лидеринин жолугушуусу кыргыз-тажик чек арасындагы окуяларга байланыштуу Кыргызстанда да талкуу жараткан.

Тышкы иштер министринин мурдагы орун басары, дипломат Аскар Бешимов Орусиянын кыргыз-тажик чек арасындагы баш ооруга айланган маселени чечүүдө ортомчу болуу аракетинен жыйынтык чыгарынан күмөн санап турат.

Аскар Бешимов.
Аскар Бешимов.

“Мындай сунушту буга чейин Владимир Путин да, Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров да айткан. Ага Кыргызстан менен Тажикстан макул болбой келет. Орус тарап дагы бир жолу аракет кылып жатканы – бул Кыргызстан менен Тажикстан дагы эле бир пикирге келе албай ортомчу керек деген сөз. Чек ара маселесинде Казакстан аракет кылды, Өзбекстан да кол сунду. Бириккен Улуттар Уюму (БУУ) да билдирүү таратты. Бул Борбор Азияда түйүндүү маселелердин бири болуп атат. Алардын ичинен Орусиянын таасири күчтүү”.

28-29-30-апрелде жана 1-майда кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу жаңжалда Кыргызстандан 36, Тажикстандан 19 адам набыт болду. Эки өлкө бул үчүн бирин бири айыптап, Башкы прокуратуралары кылмыш иштерин козгошту.

Саясатчы Бектур Асанов чек арага байланыштуу маселени көз карандысыз өлкөлөр өзүлөрү чечкени туура деп эсептейт.

“Чек ара чырын эч кимди аралаштырбай эки тарап сүйлөшүп чечкени оң болот. Бул – көз карандысыз мамлекеттин өз алдынчалуулугунун белгиси. Экинчиден, үчүнчү тарап аралашып, империялар кийлигишкен жерде эч качан тынчтык болбойт. Чек ара маселесине алардын аралаша бериши чыр-чатакты көбөйтөт. Ортомчу болуу сунуштары дипломатияда айтыла берет, бирок Кыргызстан менен Тажикстан Орусиянын арачы болуу сунушун четке кагышы керек. Эсиңерде болсо керек, бир жыл мурда чек арада чыр чыкканда Сергей Лавров “биз ортого түшкөнгө даярбыз” деп айткан. Ошондо Тажикстан “биз Кыргызстан менен өзүбүз эле чечип алабыз” деп катуу айткан. Менин оюмча Тажикстан ошол эле маанайда болсо керек. Биз да ушундай турумду карманышыбыз керек. Чек ара маселесине Орусия, Кытай, АКШ же Европа болобу эч кимди аралаштырбашыбыз зарыл”.

Орусиянын чек ара жаңжалын чечүүгө жардамы кандай болору азырынча белгисиз. Айрым эксперттер Москва постсоветтик чөлкөмдөгү таасирин сактап калуу үчүн чатакташкан эки коңшуга ортомчу болууну сунуштады деген пикирде.

Жакында эле Орусия Азербайжан менен Армениянын ортосундагы чек араны тактоодо ортомчу болууну сунуш кылган.

Орусиядагы “Регнум” маалымат агенттигинин башкы редактору Григорий Михайлов Кремлдин Бишкек менен Душанбенин чек ара маселесине аралашуудан башка аргасы жок экенин айтат:

“Москва бул маселени жөнгө салуу үчүн жүктү башкаларга деле жан дили менен тапшырып бермек болуш керек. Бирок андай жүктү аркалай алчу эч ким жок. Москва ал вазийпаны АКШга белгилүү бир себептерден улам бергиси келбейт. Ал эми Кытай азыркы тапта бул функцияны албайт. Ошондуктан, бул жерде Москва аралашууга мажбур болду. Мында Орусия өзүнүн күчүн, таасирин, балким тажрыйбасын колдонуп, сүйлөшүүлөрдө үчүнчү тарап катары катышуусу мүмкүн. Балким буга Өзбекстан да кошулушу ыктымал”.

Орусиянын эки өлкөдө тең өз кызыкчылыгы бар. Тажикстанда 201-базасы турса, Кыргызстанда расмий түрдө ЖККУнуку деп аталган Канттагы авиабазасы бар.

Казакстандык эксперт Досым Сатпаев дал ушул маселелерден улам Бишкек менен Душанбенин ортосундагы мамилени жөнгө салууда Москванын орду салмактуу деген пикирде.

“Тажикстан менен Кыргызстандын ортосундагы жаңжал Москва үчүн ыңгайсыз. Буга жок эле дегенде эки өлкө ЖККУга мүчө болгону үчүн жана Тажикстанда да, Кыргызстанда да Орусиянын аскерий базалары бар экени себеп”, - деди эксперт.

Борбор Азиядагы Америка университетинин профессору Эмилбек Жороев чек араны чечүү эки коңшу мамлекеттин бийлигинен көз каранды экенин белгилейт.

“Үч жума мурун болуп өткөн окуядан соң Кремль Борбор Азиядагы коомчулук үчүн кайсы бир позицияны айтыш керек болчу. Андыктан, мен ошол нуктан карамакмын. Москванын азыркы сунушу конкреттүү бир максатка байланган эмес, жалпы сунуш болушу мүмкүн. Ал эми Бишкек менен Душанбе бул сунушту кабыл алабы же албайбы, Орусиянын алдында жаңы милдеттенме катары көрөбү өздөрүнүн колундагы нерсе”.

Садыр Жапаровдун Сочи сапарынын күн тартибине чек арадан сырткары башка бир катар маанилүү маселелер кирген. Алды менен экономикалык жагдай. Пандемиядан улам ансыз да араң турган экономиканы Кумтөр алтын кениндеги бүдөмүк жагдай бир топ тобокелдикке кептеди. Былтыр Москва Кыргызстанга Евразия турукташтыруу жана өнүктүрүү фонду аркылуу 100 миллион доллар насыя берүүнү убада кылган. Бирок октябрдагы саясий окуялардан соң ал токтоп калган.

Мындан сырткары эки өлкө түптөгөн Кыргыз-Орус өнүктүрүү фондуна берилген 200 миллион доллардан ашык каражат да бөлүнбөй турат.

Дал ушул финансылык маселелерди чечүү Кыргызстандын азыркы жетекчилиги үчүн абдан маанилүү. Бирок Сочиде каржылык маселелер боюнча кандай чечим кабыл алынганы расмий түрдө айтылган жок.

Маалыматка ылайык, Сочиде өткөн жолугушууда Путин коронавируска каршы "Спутник V" вакцинасын Кыргызстанда өндүрүү маселесин адистер изилдеп жатканын билдирди.

Орусия – Кыргызстандын негизги саясий да, экономикалык да өнөктөштөрүнүн бири. Былтыр эки мамлекет ортосундагы соода жүгүртүүнүн көлөмү 1 млрд. 257 млн. доллардан ашкан. Кыргызстан Орусия демилгелеген Евразия Экономикалык Биримдигинин мүчөсү. Путин 24-майда Кыргызстан менен Орусиянын товар жүгүртүүсү биринчи кварталда 6% жогорулаганын билдирди.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG