Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:24

“Кумтөрдүн” чыры күчөдү


Кумтөр алтын кени. 2013-жыл.
Кумтөр алтын кени. 2013-жыл.

Кумтөр кенинин айланасында абал курчуп кенди иштеткен “Центерра Голд (Centerra Gold Inc) менен кыргыз тарап бири-бирин айыптап жатат.

Центерра ГолдБөлтүрүктү сотко берди

“Центерра Голд” "Кумтөрдү" убактылуу сырттан башкарып жаткан Тенгиз Бөлтүрүктү "компаниянын директорлор кеңешинин мүчөсү катары милдетин одоно бузган" деп айыптап Канаданын сотуна берди.

“Компанияга белгилүү болгондой, Тенгиз Бөлтүрүк “Центерра Голд” ишканасынын директорлор кеңешинин мүчөлүгүнөн кеткенге чейин Кыргызстандын өкмөтү жана башка тараптар менен мурдагы инвестициялык келишимдерди бузуу аркылуу Кумтөр алтын кенин басып алуу боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөн. Тенгиз Бөлтүрүк бул тууралуу “Центерра Голдго” кабарлаган эмес”, - деп айтылат компания 20-майда тараткан билдирүүдө.

Ошондой эле “Кумтөр Голдго” тыштан башкаруу киргизилгенге чейин, 12-майда “Кыргызалтын” ишканасы үчүнчү тарапка 29 миллион долларды мыйзамсыз которууга аракет кылганы кабарланды. “Центерра Голд” бул эсеп “Кумтөр Голд” ишканасынын атына ачылганын жана каражатты көз боёмочулук менен алуу аракети болгонун белгиледи.

"Кыргызалтын" буга байланыштуу азырынча үн ката элек.

Тенгиз Бөлтүрүк “Центерра Голддун” соңку билдирүүсүн кыргыз бийлигин жаманатты кылуу аракети катары баалады.

Тенгиз Бөлтүрүк.
Тенгиз Бөлтүрүк.

“Менин талапкерлигим “Центерра Голд” компаниясынын директорлор кеңешине сунушталган учурда президенттин коомдук башталгычтагы кеңешчиси болчумун. Бул тууралуу октябрда эле жарыялагам. Декабрда мени директорлор кеңешине киргизгенде аларга мен кыргыз бийлиги менен иштей турганым, президенттин кеңешчиси экеним маалым болгон. "Кызыкчылыктар кагылышын" көрүшкөн эмес. Мамлекеттик комиссия иштеген учурда мен байкоочу катары мыйзамдын негизинде кызматташтым. Кызматтык көрсөтмөдөн жана укугумдан аша чапкан жокмун. “Центерра Голд” менин атымды, кыргыз бийлигин, мамлекеттик комиссияны дискредитация кылуу аракетин көрүп жатат".

Бөлтүрүк былтыр Кыргызстанда бийлик алмашкандан кийин декабрь айында Кыргызстандын атынан “Центерра Голд” компаниясынын директорлор кеңешине мүчө болуп дайындалган. Ал 17-майдагы Жогорку Кеңештин чукул жыйынында кендин айланасындагы соңку окуяларга байланыштуу бул кызматынан кеткенин билдирген.

Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов Тенгиз Бөлтүрүктү ошол эле күнү “Кумтөр Голддун” үч айга убактылуу тыштан башкаруучусу кылып дайындаган.

Кендин тагдыры

Кыргыз бийлиги ушул аптанын башынан тарта “Кумтөр Голд” ишканасына үч айга убактылуу тыштан башкаруу киргизип андан бери кендеги өндүрүштү өзү жүргүзүп жатат. Мыйзамга ылайык, зарыл болсо компанияны мындай башкаруу тартиби дагы үч айга узартылат.

“Центерра Голд” болсо кыргыз тарап кенге 15-16-май күндөрү эле көзөмөл орнотконун кабарлап, болгон жоопкерчилик Бишкекке жүктөлгөнүн эскерткен.

Күндөн-күнгө кендин айланасындагы абал курчуп, анын тагдыры талкуунун чордонунда турат. “Kумтөр Голддун” ишмердигин текшерип жаткан мамлекеттик комиссия кен штаттык режимде иштеп жатканын, мындан ары да бир мүнөткө токтобойт деп билдирүүдө.

Комиссиянын төрагасы, Жогорку Кеңештин депутаты Акылбек Жапаров Кыргызстан компанияны толук өзүнө алууну көздөп жатканын бир нече жолу ишарат кылды.

Акылбек Жапаров.
Акылбек Жапаров.

“Кыргыз Республикасында эгемендиктин 30 жылдыгы чоң майрам болгону турат. Ошого чейин биз алар менен (“Центерра Голд”) мындан ары алака кандай болорун сүйлөшүп бүтүрсөк жакшы болмок. Бул ниетимди азыркы саясий жетекчилик да колдоп жатат. Ушундай эле нерсени Тенгиз Бөлтүрүктүн командасынан да суранып атабыз. Биздин кендер деп жөн жеринен айткан жокпуз. Себеби, “Центерра Голддо” биздин 26% акциябыз бар. Ушундай эле акция Öksüt, Mount Milligan деген кендерде да бар. 31-августка чейин булар менен “ажырашып” же соттошо турган жолго түшүшүбүз керек. “Ажырашып” дегеним “Центерра Голд” өз оокаты менен кетип, биз өз оокатыбыз менен калсак жакшы болмок”.

Кыргызстан “Кумтөрдө” өндүрүлгөн алтынды өлкөнүн ичинде сатууну көздөп жатат.

Тенгиз Бөлтүрүк 20-майда парламентте Улуттук банк 29 миллион долларга “Кумтөрдөн” алтын сатып алганын жар салып жиберген. Улуттук банк бул маалыматты четке кагып “Кумтөр Голддун” алтынын сатып алуу сунушу гана каралып жатканын тактады. Жогорку Кеңештин мурдагы төрагасы Ишенбай Кадырбеков кендин тегерегиндеги мындай кырдаалды опурталдуу деп баалады.

Ишенбай Кадырбеков.
Ишенбай Кадырбеков.

“Кыргызстан пайдасыз анан мамлекетке доо кетире турган жолду тандап алды. “Биз эл аралык сотто утабыз, экологиялык зыянды айтабыз” деп кыйын болуп жатабыз. Бирок мен “Ак Кеме” мейманканасы боюнча Парижде арбитраждык сотко катышкам. Алар сөз да берип койбойт. Маселени чечүүнүн бир эле жолу - улутташтыруу жолу бар болчу. Ошондо арбитражга да илинбейт элек. Биз тиешелүү мыйзамды кабыл алып туруп “Центерра Голдго” төлөнчү компенсация боюнча сотто талашып жүрө бермекпиз. “Кумтөр” болсо иштей берет эле. Азыр биздин колдо Жогорку Кеңештин үч ай гана убактылуу башкаруу укугу тууралуу чечим бар. Бул убакытта экология маселесин чече албайбыз. Алтынга укукту ала албайбыз. Себеби, 2009-жылдагы Конституциялык келишимдин негизинде алтын “Кумтөр Голддун” колунда”.

Тенгиз Бөлтүрүктүн ырасташынча, Кумтөрду иштетүү үчүн ай сайын 20 миллион доллар сатып алууларга, төрт миллион доллар кызматкерлердин айлык акысына, 11 миллион доллар салык төлөө үчүн керектелет. Ал ушул тапта кенди иштетип кетүү үчүн каражат жетиштүү экенине ишендиргенге аракет кылып жатат.

Расмий маалыматка ылайык, “Кыргызалтында” мурдатан топтолгон 20 миллион доллар дивиденд бар. Мындан тышкары Финансы министрлигинен 25 миллион доллар насыя алуу боюнча сүйлөшүү жүрүп жатат. Бул акча алгачкы эки ай кризистик мезгилден өткөнгө жетет деп эсептелген. “Кумтөр” андан ары бир айда 50 миллион доллардан ашык акчага алтын өндүрүүнү пландоодо.

Ал ортодо кендеги айрым күчтөр иш таштоо тууралуу демилге көтөрүп жатканы тууралуу да маалымат тарады. “Kумтөр Голд” ишканасынын кесиптик бирлик уюмунун жетекчиси Калысбек Рыспаев бул тууралуу маалымат берди.

“Кырдаал туруктуу. Бул иштер мүмкүн мурдагы жетекчилик тарабынан болуп жатабы белгисиз. Бирок эмгек жамаатынын арасында ушундай сөздөр айтылууда. Бул бир эле адамдын оозунан алынган маалымат эмес. Бул боюнча кечээтен бери бир нече киши чалып айтты. Биз кендин туруктуу иштешине кызыктарбыз. Мындай кырдаалда кенде иштин токтоп калышы туура эмес”.

“Кумтөр” чыры кантип ырбады?

“Акционердик коомдор жөнүндөгү” мыйзамга жана Жазык кодексине өзгөртүү киргизүү жөнүндө" деп аталган мыйзам парламентте быйыл 6-майда кабыл алынып, 14-майда күчүнө кирген.

Анда жер казынасын коргоо, экологиялык жана өнөр жай коопсуздугу боюнча талаптарды бузган, адамдардын өмүрүнө же ден соолугуна түздөн-түз коркунуч келтирген, концессиялык келишим менен иштеген ишканаларга тышкы башкаруу киргизүү чарасы камтылган. Кыргызстанда бир гана "Кумтөр" ушундай келишим менен иштейт.

Ушул мыйзамдын негизинде “Кумтөр Голдго” 17-майда убактылуу тышкы башкаруу үч айлык мөөнөткө киргизилди, эгер зарыл болсо дагы үч айга узартылары айтылды.

7-майда Бишкектин Октябрь райондук соту “Кумтөр Голд” Кыргызстандын экология мыйзамдарын бузганы үчүн мамлекетке 261 млрд. 719 млн. 674 миң сом кенемте төлөп берүүгө милдеттендирген.

“Центерра Голд” ишканага коюлган доо “таптакыр негизсиз” экенин, убактылуу тышкы башкаруу киргизүү жөнүндөгү мыйзам 2009-жылдагы макулдашууга карама-каршы келерин, “Кумтөр Голд” мыйзамдарды эч убакта бузбаганын айтып чыккан.

Кумтөрдү текшерип жаткан мамлекеттик комиссиянын төрагасы Акылбек Жапаров “Кумтөр Голд” ишканасы Кыргызстанга салык жана экологиялык санкция түрүндө 4,2 миллиард доллар төлөөгө милдеттүү экенин билдирген.

16-майда “Центерра Голд” кыргыз өкмөтүнө каршы Эл аралык арбитражда териштирүү баштаганын жарыялаган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG