Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Июнь, 2021 бейшемби, Бишкек убактысы 02:25

Кумтөр: бүдөмүк келишимдер, азайган акциялар


Кумтөрдүн алтынын өндүрүү жараяны.

Депутат Акылбек Жапаров жетектеген мамлекеттик комиссия “Кумтөр боюнча макулдашууларды түзүүдө мурдагы президенттер менен премьер-министрлердин аракеттери “чыккынчылыкка тете” деген тыянакка келди.

Комиссиянын корутундусунда 2003-2009-жылдагы макулдашууларда Кыргызстан Кумтөрдө көзөмөлдөөчү үлүшүн жоготуп, башкаруу укугунан ажырап, “Центерранын” кызыкчылыгын коргогон келишим мыйзам менен бекип калганы белгиленди.

Кыргыз бийлиги Кумтөрдү иштеткен канадалык компания менен жалпы жонунан 12 жолу келишим түзгөн.

Президенттер менен премьерлердин жоопкерчилиги

Мамлекеттик комиссиянын төрагасы, депутат Акылбек Жапаров канадалык компания менен жең ичинен сүйлөшүү жүргүзгөн, Кыргызстандын кызыкчылыгына каршы шарттарды макулдашкан өлкөнүн мурдагы жетекчилеринин жоопкерчилигин кароо демилгесин көтөрдү.

Ал канадалык компанияга ар түркүн артыкчылыктар жана салык жеңилдиктери берилип, пайданы бөлүшүүдө кыргыз тараптын кызыкчылыгына “чыккынчылык жасалган” учурлар аныкталганын айтты.

Акылбек Жапаров.
Акылбек Жапаров.

“Мурдагы өлкө башчылары менен мурдагы өкмөт башчыларынын аракеттери мамлекеттин кызыкчылыгына каршы келип, анда чыккынчылыктын белгилери болгон. Бул жагдайлардын ар бирине өз-өзүнчө укуктук баа берилүүгө тийиш. Башынан баштап, буга чейинки бардык келишимдер менен концессиялык макулдашууларды кабыл алуунун натыйжасында канадалык компанияга салык жеңилдиктери жана ар кандай артыкчылыктар берилип, кыргыз тарапка оңой эмес зыян келтирилген”, – деди Жапаров.

Ал "Кумтөр" долбоору боюнча 1992-жылдагы алгачкы келишим Кыргызстан жаңыдан гана эгемендик алган учурга туура келип, андагы жаш мамлекеттин башчысы Аскар Акаевдин тажрыйбасыздыгын эске алууга болорун, бирок 2003-жылы кен Кыргызстанга өтө турган мезгилде ошол кездеги президенттин “Кумтөрдү” башкаруу укугун толугу менен “Центеррага” бергенин түшүнүү кыйын экенин айтты.

Акаевдин Жапаровго жообу

Бирок мурдагы президент Аскар Акаев "Азаттыкка" берген комментарийинде 2003-жылдагы келишимдин шарттарын иштеп чыгуу боюнча комиссиянын курамына Жогорку Кеңештин Мыйзам чыгаруу жыйынынын депутаты Акылбек Жапаров да киргенин белгиледи.

Аскар Акаев.
Аскар Акаев.

“Мына ошолордун бардыгында Акылбек Жапаровдун салымы бар. Себеби ал депутат, министр, вице-премьер-министр катары “Кумтөргө” байланыштуу алтын маселесин чечүү иштеринин бардыгына катышып келген. Акаевдин мезгилинде да, андан кийин да. 2003-жылы “Камеко” менен келишимдин шарттарын иштеп чыгуу боюнча өкмөттүн мүчөлөрү менен Жогорку Кеңештин депутаттарынан турган атайын комиссия түзүлгөн. Акылбек Жапаров парламент депутаттарынын ичинен мына ошол комиссияда иштеп, Торонтого чейин барган. Ар тараптан изилдеп чыгып, анан комиссиянын мүчөсү катары 2003-жылдагы келишимди колдогон. Эгерде ошонун баарына көзү жетсе, маселени өз учурунда айтып чыгып, кемчиликтерди эмнеге оңдогон эмес? Ошол комиссияда Николай Танаевдин министрлери менен чогуу иштеген Жапаров да болгон. 20 жыл өткөндөн кийин айтып отурат”, – деди Аскар Акаев.

Жапаров жетектеген мамлекеттик комиссиянын корутундусунда 2003-жылкы макулдашууда Кыргызстандын “Кумтөрдөгү” үлүшү 67 пайыздан 33кө түшүп, кийин анын 17% арзан сатылганы, мамлекет “Кумтөр” алтын кен долбоорундагы акциясынын көзөмөл пакетин жоготуп, үлүшүнөн ажырап, башкаруу укугу чектелгени белгиленген.

“Centerra Gold” эмне үчүн түзүлгөн?

"Центерра" көзөмөлдү толук колуна алганы менен анын “Кумтөрдөн” башка АКШнын Невада штатындагы жана Монголиядагы алтын кен долбоорлору жигердүү ишке ашкан эмес.

Ошондуктан мамлекеттик комиссия ал кендер башында эле пайдасыз экени байкалып, бирок канадалык тарап “Центерраны” түзүүдө үстөмдүк абалды ээлөө үчүн гана аталган эки долбоор менен макулдашууга кирген” деген жыйынтыкка келди.

Акылбек Жапаров 2003-жылы “Кумтөр” алтын кен долбоорун “Centerra Gold” компаниясына кошуу шарттарын караган комиссияга кирип, кийин андан эмнеге чыгып кеткени тууралуу мындай жооп кайтарды.

“Мен комиссиянын биринчи жыйынына барып катышкам. Бирок канадалык тарап менен “Центеррага” биригүү үчүн Невада штатындагы “Рен кенинен алтын казып алууга мүмкүнчүлүк жок, ал өзүн актабай турган долбоор” деген маалымат бизде бар болчу. Жыйында “Кыргызалтындын” ошол кездеги жетекчиси маркум, Камчыбек Кудайбергенов, финансы министринин биринчи орун басары Эмирлан Төрөмырзаев презентация жасашкан. Мен чыгып, бул демилге такыр туура эмес экенин, биздин “Борбордук” участкасындагы алтын азайтылып көрсөтүлгөнүн, совет мезгилинде эле анын көлөмү 716 тонна деп белгиленгенин айтып, алардын сунушуна макул болбой чыгып кеткем. Анан мени Акаев чакыртып, “сиз фондулук рынокко чыкканга каршысызбы?” деп катуу таарынган. Мен ага рынокко чыгууга каршы эмес экенимди, бирок үлүш туура бөлүштүрүлүшү керек экенин айтып, анын иш бөлмөсүнөн чыгып кеткем. Ошондон кийин биз Жогорку Кеңештин Мыйзам чыгаруу палатасында эки токтом кабыл алганбыз. Биринчиси - “Центеррага” “Кумтөрдү” киргизүү пайдасыз экени айтылган токтом, экинчиси - өкмөт парламенттин уруксаты жок, мындай чечим кабыл алуусуна тыюу салган токтом. Бирок бул эки токтомду тең аттап өтүп, өкмөт чечим кабыл алган”, – деди Жапаров.

Мамлекеттик комиссия өз корутундусунда канадалык "Камеко" компаниясы 2003-жылы “Centerra Gold” компаниясын негиздөө үчүн Аскар Акаевдин үй-бүлөсүнө “акчалай жана кийин Торонто биржасында сатылган акцияларды белек кылуу аркылуу ири өлчөмдө пара берген” деген жыйынтыкка келген.

2003-жылы Кумтөрдү иштетүү укугун “Centerra Gold” компаниясы алган.

"44,6 млн. долларга сатылган акциялар"

"Centerra" түзүлөрү менен “Центр Азия Голд” деген компанияга 44,6 млн. АКШ долларына сатылган акциялар берилгени аныкталган.

Акылбек Жапаров мына ошол компаниянын “Акаевдин үй-бүлөсү менен байланышы болгон” деп эсептейт:

“Бул компания эч жакта белгисиз, Австралияда катталган компания экен. “Центерра” Торонтодо фондулук рынокко чыгып жаткан маалда ошол компанияга эч түшүндүрмөсү жок эле 3 млн. 800 миң доллардан ашуун бааланган акциясын берген. Анан ал көп өтпөй эле 44,6 млн. долларга сатып жиберген. Мунун бардыгы кылмыш ишинде изилденип, далилденген. "Мушкат" юридикалык компаниясы дагы бул ишти изилдеп чыгып, анда абдан күмөндүү жагдайлар бар экенин айтып, Акаевдин үй-бүлөсүнө айып тагуу керек” деген тыянак чыгарышкан. Бирок анын бардыгы кала берген. Аталган компания акцияларын сатып жиберип, Кыргызстанга келип, беш алтын кенинин лицензиясын алган. Анын арасында Талды-Булак-Сол жээк алтын кени да бар. Кийин ал компанияны казакстандык инвесторлорго сатып жибергени аныкталган. Анан инвесторлор Казакстандын президентине жакын адамдар деген негизде ишти андан ары иликтөө токтотулган”, – деген оюн билдирди Жапаров.

"Бул курулай каралоо"

Жапаров жетектеген мамлекеттик комиссиянын тыянагында келтирилген “Центр Азия Голд” компаниясынын негиздөөчүлөрүнүн бири Майрам Акаеванын жээни экени айтылган “Жамакеев” деген жаран мурдагы биринчи айымдын сиңдиси Санатгүл менен анын күйөөсү Марат Жамакеевдин уулу деп көрсөтүлгөн.

"Азаттык" Москвага телефон чалып, Майрам Акаева менен байланышканда ал бул маалыматты “жалган жалаа” деп сыпаттады:

“Мунун баары жөн эле жомок. Кудай турат. Мына орозо күнүндө айтып жатам. Менин кайсы сиңдим, же болбосо анын кайсы баласы экенин тактап айтып беришпейби? Жүз Жамакеев бар. Бул жөн эле каралоо. Анткени ушул күнгө чейин биздин туугандарды канча ирет текшеришти. Ар нерсени жабыштырышты. Бирок эч нерсе тапкан эмес. Менин сиңдилерим карапайым эле адамдар. Андай болушу мүмкүн эмес. Мурда иликтешсе кабар берип, суракка чакырыш керек эле да. Бир дагы сиңдим бул боюнча чакырылган эмес. Алардын эч кандай байлыгы жок. Чын болсо ошол кезде эле доомат коюшат эле го. Менин бир туугандарым, Аскар Акаевичтин бир туугандары аман-эсен. Бардыгы тең ошол жакта. Алардын бардыгын кезинде суракка алып, текшеришкен. Алардын бирөө дагы жоопко тартылып, кандайдыр бир айып тагылган эмес”, – деди мурдагы биринчи айым.

"Centerra Gold” компаниясынын 4% чукул акциясын алып-саткан көз боёмочулук жана ага чейин “Кыргыз алтындан” чет элдик банк эсебине 11 млн. АКШ долларын чыгарып кеткен жагдайга байланыштуу Кыргызстандын Башкы прокуратурасы 2013-жылы кылмыш ишин козгогон.

Ага байланыштуу “Центерранын” курамына кирген Кыргызстандагы “Кумтөр Голд” компаниясынын мурдагы башчысы, Канаданын жараны Леонардо Хоменюкту, “Кыргыз алтындын” жана Финансы министрлигинин ошол кездеги жетекчилерин жоопко тартуу маселеси көтөрүлгөн. Хоменюкка эл аралык издөө жарыяланып, ал 2015-жылы Болгарияда кармалып, бирок Кыргызстанга экстрадиция болгон эмес.

Жапаров жетектеген мамлекеттик комиссия Аскар Акаевдин үй-бүлөсү 2003-жылы "Камекону" жоюп, “Centerra Gold” компаниясын түзүү учурундагы көз боёмочулуктан эле "жалпысынан 55,6 млн. доллар алган" деген жыйынтыкка келген.

“Кумтөргө” байланыштуу коррупциялык ызы-чуулар жалаң эле туңгуч президент Аскар Акаев менен бүтпөйт. Мамлекеттик комиссиянын иликтөөсүндө 2005-жылдан кийин бийликке келген Курманбек Бакиев менен 2010-жылы премьер-министр, анан президент болгон Алмазбек Атамбаевдин тушундагы “Центерра” менен сүйлөшүүлөрдө ошол кездеги мамлекет башчыларынын жана алардын жакындарынын жеке кызыкчылыгы үстөмдүк кылганы белгиленди.

Жапаров алардын бири катары “Центерра” 2011-жылдагы президенттик шайлоодо “Кумтөр Голд” аркылуу "Алмазбек Атамбаевдин шайлоо өнөктүгүн каржылаган учур аныкталганын" айтты:

“Биз изилдеп жатканда “Центерра” “Кумтөрдөн” кимдерге кандай демөөрчүлүк жардамдарды көрсөткөн деген финансалык отчетторун карадык. 2011-жылы сентябрь айынын аягында кыргыз өкмөтүнө демөөрчүлүк жардам катары 10 млн. доллар бөлүп бериптир. Муну Эсептөө палатасынын аудиторлору аныктап жатат. Ал акча казынага эмес, РСК банкына түшүп, Мамлекеттик курулуш агенттигинин турак жай департаментинин эсебине которулган экен. Муну дагы андан ары изилдөө зарыл”, – деди Жапаров.

Ал эми азыр башка иштер боюнча абакта отурган мурдагы президент Атамбаевдин тарапташтары дагы мындай дооматты четке кагып, аны "жалган жалаа" катары кабыл алышты.

Күмөндүү макулдашуулардын таржымалы

2003-жылы премьер-министр Николай Танаевдин өкмөтү башында канадалык “Камеко” “Centerra Gold” компаниясын түзгөн келишим парламенттин макулдугусуз бекитилген. Буга чарбалык мүнөздөгү келишимди өкмөт өз алдынча түзө алат деген укуктук ченем негиз болгон. Танаев менен ошол кездеги “Камекодогу” директорлор кеңешинин мүчөсү, президенттин уулу Айдар Акаев ага макулдук бергени мамлекеттик комиссиянын маалыматында белгиленген.

Чечимге ылайык, 2003-жылы Танаевдин өкмөтүКумтөрдүн” үчтөн эки үлүшүн (67%) “Центеррадагы” үчтөн бир үлүшкө (33%) айырбаштоо чечимин кабыл алган. Ошентип Кумтөр алтын кенинин долбоору “Центерранын” курамына кирип, Кыргызстандын андагы үлүшү 33% түзгөн. Көп өтпөй Танаевдин өкмөтү анын 17% акциясын дагы 84 млн. долларга сатып жиберген. Мурдагы президент Аскар Акаев бул акча калктын социалдык муктаждыгын камсыздоо үчүн атайын фондго түшкөнүн белгиледи.

Аскар Акаев Кумтөрдүн акцияларын айырбаштаган чечимдер ошол кездеги алтындын дүйнөлүк баасын эске алуу менен кабыл алынганын айтууда:

“Кумтөр алтын кени иштетиле баштаган 10 жыл бою алтындын дүйнөлүк баасы абдан арзан болду. Мына ошол жылдары алтындын бир унцийи 350-400 доллардын айланасында эле. Ал эми аны казып алууга кеткен чыгымдар жогору болчу. Алтындын баасы бир топтон бери арзан болуп турган. Бир-эки жылдан кийин баасы көкөлөп кетерин эч ким билген эмес. 2007-2009-жылдары 1200-1400 долларга чейин кымбаттап кетти. Мына ошол учурда эмнеге келишимге өзгөртүү киргизип, анын шарттарын оңдошкон эмес деген суроо туулат. Жапаровдо мына ошондо шарттарды карап чыгып, оңдоого толук мүмкүнчүлүк бар болчу”, - дейт Акаев.

Колду байлаган келишим

2009-жылдагы канадалык компания менен макулдашуунун жаңы шарттарында ошол кездеги президент Курманбек Бакиев Кыргызстандын “Центеррадагы” 14% чейин түшкөн үлүшүн кайрадан 33% көтөрүлүп, салыктын өлчөмү көбөйгөнүн жарыялаган.

Бирок буга чейин түзүлгөн мамлекеттик жана депутаттык комиссиялардын иликтөөлөрүнүн жыйынтыгы көрсөткөндөй, 2009-жылдагы макулдашууда кен казуу аянтын 16 миң 330 гектарга кеңейтүүнүн эсебинен Кыргызстандын үлүшү көбөйгөнү аныкталган.

Бул макулдашууга ылайык, “Кумтөр” компаниясына кен казууга кошумча жер аянтын берүү боюнча ошол кездеги премьер-министр Данияр Үсөновдун токтому чыккан. Мына ошол сыяктуу жаңы шарттар келишимде мыйзам менен бекитилип калганы үчүн аны кийин талашуу татаал маселеге айланган.

Мурдагы премьер-министр Темир Сариев бул жагдай тууралуу мындай деди:

“Бул жерде бардыгы келип эле 2009-жылдагы келишимге такалат. Ал 2009-жылы кол коюлуп, парламент аркылуу бектилип, анысы аз келгенсип, Конституциялык соттон “бул келишим туптуура, бардык кызыкчылыктар корголгон” деген корутунду чыгартып алышкан. Ошоондуктан “Центерра” дайыма эгерде бул келишимди бузсаңар, анда биз эл аралык арбитражга барабыз, Кыргызстандын сотун тааныбайбыз” деп турат. Анткени келишимдин шарттарында мына ошентип жазылып калган. Азыр Акылбек Жапаров келишим кыянатчылык менен кабыл алынып калганын айтты. Бирок ошол жылы өкмөттүн мүчөсү болчу, биринчи вице-премьер-министр кызматында турган. Келишим өкмөттүн чечими менен кабыл алынган да. Аны парламентке киргизип, күчкө салып эле бекиттирип коюшкан”.

Акылбек Жапаров болсо “Центерра” менен 2009-жылдагы сүйлөшүүлөрдү экинчи президенттин уулу, ЦАРИИнин жетекчиси Максим Бакиев менен анын юристти Алексей Елисеев жүргүзгөнүн белгилеп, андагы Кыргызстандын шарттарын жакшыртуу аракеттери боюнча пландарды ишке ашырууга үлгүрбөй калганын айтты:

“Мени ошол кезде “Центерра” менен сүйлөшүүлөргө жакындатпай коюшкан. Вице-премьер-министр катары сатылган алтындан 14% салыктын үстүнө дагы 4% кошкула деп көшөрүп отуруп, салыктын өлчөмүн 18% көтөртүп, шарттарды бир топ жакшыртканга аракет кылганбыз. Мына ошол кезде эле бардыгын бүтүрүп койсок болмок. Себеби ага карата атайын пландар бар эле. Макулдашуу бекитилгенден кийин “Центеррадагы” башка акционерлер менен келишип алып, менежментти алмаштырып, Кыргызстандын үлүшүн кайрадан карайбыз деп жатканда, 2010-жылы ыңкылап болуп кетти”, – деп чечмеледи Жапаров.

2009-жылдагы макулдашуу боюнча “Кумтөргө” 16 миң гектар жер берүүнү караган Данияр Үсөновдун токтомун 2012-жылы Өмүрбек Бабановдун өкмөтү Жогорку Кеңештин токтомунун негизинде жокко чыгарган.

Анткени “Кумтөр” компаниясына кошумча берилген 16 миң 330 гектар жердин 3480 гектары Сары-Чат-Ээр-Таш мамлекеттик коругуна караштуу экени жана анын чек арасы мыйзамсыз өзгөртүлүп, кен казууга ажыратылганы белгилүү болгон.

Өкмөттө 2009-жылдагы “Центерра” менен макулдашуу парламенттен бекитилип, ага эл аралык келишим катары макам берилгендиктен анын шарттары мыйзам катары сакталууга жатат деген жүйө айтылган.

Уланган көч, уурдалган шарттар

Эки тараптуу талаш-тартыш көпкө созулуп, 2017-жылы кездеги премьер-министр Сапар Исаковдун өкмөтү “Centerra Gold” компаниясы менен стратегиялык келишимге барып, 2009-жылкы концессиялык макулдашууну сактоо жана экологиялык доодон баш тартуу сыяктуу шарттар камтылган. Бирок Исаков кызматтан кеткен соң келишим күчүнө кирбей, токтоп калган.

Андан кийин келген Мухаммедкалый Абылгазиевдин өкмөтү бул келишимди Кыргызстандын “кызыкчылыгына туура келбейт” деп жарыялаган. Бирок эки ортодогу сүйлөшүүлөрдүн натыйжасында 2019-жылы ага кол коюп, келишим күчүнө кирген. Ага ылайык, кыргыз тарап 2009-жылдагы макулдашууну сактап, бирок экологиялык доодон баш тартканы үчүн “Centerra Gold” Бишкекке 150 млн. доллар төлөй турганы жарыяланган.

Абылгазиевдин ырасташынча, “Centerra Gold” Сапар Исаковдун келишими боюнча кыргыз тарапка баш-аягы 87 миллион доллар гана берүүгө макул болсо, эми бул сумма 150 миллион долларга көтөрүлгөн.

2021-жылы 6-майда “Кумтөр Голд” ишканасына убактылуу тышкы башкаруу киргизүүгө жол ачкан мыйзам парламентте кабыл алынып, ал 14-майда күчүнө кирди.

7-майда Бишкектин Октябрь райондук соту “Кумтөр Голд” компаниясын Кыргызстандын экология мыйзамдарын бузганы үчүн мамлекетке 261 млрд. 719 млн. 674 миң сом кенемте төлөп берүүгө милдеттендирген.

8-майда “Centerra Gold” компаниясы билдирүү таратып, ишканага коюлган доолор "таптакыр негизсиз" экенин, ал эми парламентте кабыл алынган мыйзам 2009-жылдагы макулдашууга каршы келерин, "Кумтөр Голд" мыйзамдарды бузбаганын билдирген. Ал эми анын түзүүчүсү “Центерра Голд” жалдаган юридикалык компания кыргыз өкмөтүнө сүйлөшүүгө 45 күн убакыт берип, бул аралыкта тараптар бир пикирге келе албаса, анда ал эл аралык арбитражга даттана турганын жарыялады.

Кумтөр - Кыргызстандагы эң чоң алтын кендердин бири. Аны канадалык “Centerra Gold” компаниясы иштетет, Кыргызстандын кендеги үлүшү 26% түзөт.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG