Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:34

Тажибаев: "Кумтөрдүн" чет өлкөлүк жетекчилери жана жумушчулары Кыргызстандан чыгып кетишти


«Кумтөр Голд» компаниясынын вице-президенттери, ортоңку звенодогу менеджерлердин көбү жана чет элдик жумушчулары Кыргызстандан чыгып кетишти. Бул тууралуу 11-майда Кыргызстандын Тоо-металлургчулар профсоюзунун төрагасы Элдар Тажибаев билдирди.

Анын айтымында, ишкананын президенти, Кыргызстанга келүүнү пландап жаткан Деон Баденхорст да азырынча келбей турат.

Компаниянын кесиптик кошуун төрагасы Калысбек Рыспаев мындай кадамга алар кыргыз бийлиги ишканага тышкы башкаруу орнотууну жана экология үчүн кенемте төлөтүүнү көздөп жаткандыктан чет өлкөлүк жетекчилери менен жумушчуларынын коопсуздугун камсыз кылуу максатында барганы болушу ыктымалдыгын айтууда.

«Кумтөр Голд» ишканасынын жетекчилиги бул боюнча азырынча комментарий бере элек.

Тажибаев өз билдирүүсүндө Кыргызстанда инвестициялык абал жакшы эмес болуп жатканын белгилеп, инвесторлордун көбү иштөөдөн кооптонуп турушканын, тоо-кен ишканаларынын миңдеген жумушчулары ишсиз, ал эми бюджет кирешесиз калуу коркунучуна кептелгенин айтты.

7-майда Бишкектин Октябрь райондук соту “Кумтөр Голд” компаниясын Кыргызстандын экология мыйзамдарын бузганы үчүн мамлекетке 261 млрд 719 млн 674 миң сом кенемте төлөп берүүгө милдеттендирген.

6-майда Жогорку Кеңеште бул ишканага сырттан башкаруу киргизүү каралган мыйзам долбоору кабыл алынган.

8-майда «Центерра Голд» билдирүү таратып, ишканага коюлган доолор "таптакыр негизсиз" экенин, ал эми парламентте кабыл алынган мыйзам 2009-жылдагы макулдашууга карама-каршы келерин айткан.

Кумтөр - Кыргызстандагы эң чоң алтын кендердин бири. Аны канадалык «Центерра Голд» компаниясы иштетет, Кыргызстандын үлүшү 26% түзөт. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG