Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:54

ДССУ: Пандемияда ашыкча салмак кошкон балдар көбөйдү


Дүйнөлүк Саламаттык сактоо уюму коронавирус пандемиясынан улам узакка созулган карантин учурунда ашыкча салмактан жапа чеккен балдар көбөйгөнүн билдирди. 11-майда жарыяланган отчетто мектептердин карантинге жабылышы жана онлайн окуудан улам балдар аз кыймылдап, туура тамактануу бузулганы айтылат.

Уюмдун Европа боюнча бюросунун директору Ханс Клюге “СOVID-19 пандемиясы Европадагы эң кооптуу тенденциялардын бири - балдардын ашыкча салмагы боюнча көйгөйдү күчөтүшү мүмкүн” деп билдирди.

Балдардын ашыкча салмагы жүрөк-кан тамыр, диабет, рак сыяктуу ооруларга себеп болушу ыктымал.

Европадагы 30дан ашык өлкөдө жүргүзүлгөн изилдөө алты жаштан тогуз жашка чейинки балдардын үчтөн бири ашыкча салмактан жапа чегерин көрсөткөн. Буга чейин пандемияга байланыштуу чектөөлөрдөн улам АКШда чоңдор арасында толуп кеткендер көбөйгөнү белгилүү болгон.

Учурда АКШ жана Европада коронавируска каршы эмделгендер көбөйүп калды. Европадагы бир катар өлкөлөр соңку күндөрү чектөөлөрдү жумшартууда.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG