Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 01:52

Казанда мектепте ок атылып, cегиз киши мерт болгону кабарланды


Казандагы мектеп.
Казандагы мектеп.

11-майда Татарстандын борбору Казандагы №175 гимназияда атылган октон сегиз киши мерт болду. Бул тууралуу Татарстандын президенти Рустам Минниханов жергиликтүү маалымат каражаттарына билдирди. Маалыматка караганда, ок тийгендердин жетөө мектеп окуучулары, бирөө мугалим. Минниханов мектепте ок атууга шектелген 19 жаштагы жигит кармалганын да айтты. Окуя болгон жерде куткаруучулар иштеп жатышат, имарат курчалып турат. ОҮрөй учурган окуя башталганда окуучулар имараттын терезелеринен эвакуацияланган.

Орусиядагы «Интерфакс» агенттиги мектептин администрациясына шилтеме берип, шектүү класска кирип келип, ок атканын жазды.

Татарстанда 12-майда аза күтүү жарыяланды.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG