Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Апрель, 2023-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 05:31

Ысык-Көл облусунун жетекчиси алмашты


Каракол шаары

Өкмөттүн Ысык-Көлдөгү ыйгарым укуктуу өкүлү болуп Мирбек Кожоев дайындалды. Бул тууралуу “Азаттык” радиосуна өкүлчүлүктүн маалымат кызматы кабарлады.

Кожоев буга чейин президенттик аппараттын мамлекеттик башкаруу саясаты жана уюштуруу-инспектордук иш бөлүмүнүн башчысынын орун басары болчу.

Аталган облусту жетектеп жаткан Эльчибек Жантаев өз арызы менен иштен бошогон. Ал бул кызматка былтыр ноябрда дайындалган. Ага чейин өкмөттүн Ысык-Көлдөгү өкүлүнүн биринчи орун басары, Түп районунун акими болуп иштеген. (KS)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG