Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:48

Израил Газа тилкесин көзөмөлдөгөн ХАМАС тобуна сокку урду


Палестиналыктар ХАМАС тобунун желегин көтөрүп турушат. 10-май, 2021-жыл.
Палестиналыктар ХАМАС тобунун желегин көтөрүп турушат. 10-май, 2021-жыл.

Израилдин куралдуу күчтөрү Газа тилкесин көзөмөлдөгөн ХАМАС тобуна аба соккуларын жасады.

Израилдин маалыматына караганда, андан "ислам радикалдарынан" кеминде үчтөн көп адам өлгөн.

Asharq Al-Awsat гезити алардын арасында ХАМАС тобунун лидерлеринин бири Мухаммед Фаяд да бар экенин жазды.

Палестинанын Газа тилкесинин Саламаттык сактоо министрлиги Израилдин аба чабуулдарынан 20 киши набыт болгонун арасында балдар да бар экенин билдирди.

Израилдин бул чабуулу 10-майда ХАМАС тобу Израилдин полициясы менен кагылышууларда 300дөй палестиналык жараат алганына жооп катары Газа тилкесинен Иерусалим тарапка бир нече ракета атканына байланыштуу болду.

Акыркы күндөрү Израиль менен палестиналыктардын ортосундагы тирешүү курчуп кетти. ХАМАС тобунун лидерлери израилдиктерге дүйшөмбүдө полиция менен болгон кагылышууда жүздөгөн палестиналыктардын жарадар болгонуна байланыштуу жооп катары сокку ура турганын эскертишти.

Израиль өз кезегинде Газа тилкесине бул кол салуулар башталышы гана экенин белгиледи. Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху ХАМАС "кызыл сызыктан" өтүп кеткенин айтты.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG