Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:21

Талибдердин убадасы, токтобогон зомбулук


Ооганстандагы жардыруудан жабыркагандар. 10-май, 2021-жыл
Ооганстандагы жардыруудан жабыркагандар. 10-май, 2021-жыл

Ооганстанда “Талибан” кыймылы Орозо айттын урматына ок атууну үч күнгө токтоторун жарыялады. Соңку учурда бул өлкөдө кол салуу күчөп, акыркы бир нече күндө эле ондогон адамдар көз жумду.

Мусулмандардын башкы майрамдарынын бири саналган айт айдын жаңырышына жараша 12-майда же 13-майда белгиленет.

"Талибан" 10-майда тараткан билдирүүдө согушкерлерге Ооганстандын аймагында айттын биринчи күнүнөн тартып соккуларды токтотууга буйрук берип, оогандар майрамды коопсуз жана тынч маанайда тосушу үчүн шарт түзүү керектиги айтылат.

“Эгерде душман ушул күндөрү кол салып, сокку урса өзүңөрдү жана аймагыңарды ишенимдүү түрдө коргоого даяр тургула”,-деп белгилешкен куралдуу топтун мүчөлөрү.

Дүйшөмбү күнү ооган президенти Ашраф Гани да аскер күчтөрүнө ок атпоо тапшырмасын берип, талибдерди сүйлөшүүгө чакырды жана туруктуу ок атышпоо макулдашуусун кабыл алуу зарылчылыгын белгиледи.

Ооган өкмөтү менен талибдер ислам майрамдары маалында ок атышууну токтоткон учурлар буга чейин да болгон.

Талибдердин тынчтык сактоо боюнча убадасынан бир нече саат өтпөй Ооганстандын Забул провинциясында жүргүнчүлөрдү ташып бара жаткан автобус жол четине коюлган бомбага кабылып, андан кеминде 11 адам мерт болгону кабарланды. Өлкөнүн Ички иштер министрлиги дагы 28 киши жараат алганын 10-майда маалымдады.

Окуя дүйшөмбүгө караган түнү автобус Кабулдан Кандагарга бара жатканда болгон. Чабуулдан жабыркагандардын арасында балдар менен аялдар да бар.

Жардыруудан жараат алгандардын бири Ахмад Масуд окуяны мындайча сүрөттөдү:

"Биздин автоунаа блокпостко жакындаганда бомба жарылды. Көптөгөн адамдар набыт болду, жараат алгандар да көп. Колу-буту жулунуп жаткандарды көрдүм".

Ушул эле күнү таңга маал Кабулдун түндүгүндөгү Парван провинциясында автобус жарылып, эки адам набыт болду, он чакты адам жараат алды.

Ооган өкмөтү бул теракттар үчүн талибдерди айыптап жатат. Бийлик куралдуу топту 8-майдагы Кабулдагы кыздар мектебиндеги жардыруу үчүн да күнөөлөдү. Ал жардыруудан кеминде 50 адам мерт болуп, жүздөй адам жараат алды. Көз жумгандардын көпчүлүгү 11-15 жаштагы өспүрүмдөр.

Ооганстан Ички иштер министрлиги жардыруу 8-май күнү кечинде болгонун кабарлады. Бул жардыруу үчүн жоопкерчиликти өзүнө эч ким ала элек. Талибдер окуяга тиешеси жок экенин билдирүүдө. Бирок, ооган президенти Ашраф Гани кол салууга талибдерди күнөөлөгөн.

Ондогон өспүрүмдөрдүн өмүрүн алган окуя боюнча АКШ, Евробиримдик баштаган бир нече өлкө билдирүү таратып, айыптады.

Ал эми Рим папасы Франциск Ватикандагы Ыйык Петр чиркөөсүндөгү жекшембилик сыйынуусунда Кабулдагы мектепке кол салуунун курмандыктары үчүн дуба кылды:

“Биз Кабулдагы теракттын курмандыктары үчүн дуба кылабыз. Мындай адамкерчиликсиз аракеттердин айынан мектептен чыгып келе жаткан бейкүнөө кыздар мерт болду. Алардын үй-бүлөлөрүнө, жакындарына сабыр тилеп, Ооганстанга тынчтык каалайбыз".

Ооганстандагы мындай кырдаал туура 20 жылдан бери коопсуздукка көз калган АКШ баш болгон эл аралык коалициянын аскерлери чыгарылып жаткан учурга туш келди. Кошмо Штаттардын бийлиги аскерлерди Ооганстандан расмий түрдө 1-майдан тартып чыгара баштаган. План боюнча АКШ менен НАТО аскер күчтөрүн быйыл 11-сентябрга чейин чыгарып бүтүшү керек.

  • 16x9 Image

    Бакыт Асанов

    "Азаттык Медианын" директору. "Эксперттер талдайт" программасынын алып баруучусу. 2011-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган. 

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG