Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Июнь, 2021 жума, Бишкек убактысы 17:47

Мамлекеттик мүлктүн көбү сатылмай болду


Садыр Жапаров. 5-май, 2021-жыл.

Кыргызстанда мамлекеттик мүлктү менчиктештирүүгө даярдыктар башталды. Мунун алдында президент Садыр Жапаров мамлекетке караштуу мүлктүн көпчүлүгүн сатууну сунуштаган.

Калганы тийиштүү министрликтерге, комитеттерге жана башка органдарга өткөрүлмөкчү. Демилгени сынга алгандар да, колдогондор да чыгып жатат. Учурда Мамлекеттик мүлк фондунда заводдор, комбинаттар, имараттар, автоунаалар жана башка миңдеген мүлктөр бар.

“Элдик экономика” түрмөгүндө ушул тема талданды.

Менчиктештирүү бир жылда бүтүшү ыктымал

Мамлекеттик мүлктү менчиктештирүү жараянын Экономика жана финансы министрлиги алып барып жатат. Себеби өкмөт Министрлер кабинети болуп кайра түзүлгөндөн кийин Мамлекеттик мүлктү башкаруу фонду так ушул министрликтин карамагына кирген.

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары, экономика жана финансы министри Улукбек Кармышаков 10-майда “Биринчи радиого” берген маегинде жараяндын даярдык иштери тууралуу буларды билдирди:

Улукбек Кармышаков.
Улукбек Кармышаков.

“Тилекке каршы, Кыргызстандын жаңы, эгемен тарыхындагы тажрыйба мамлекеттик мекемелер өзүнүн майнаптуулугун анча көрсөтө албагандыгын ачыктап берди. Ошондуктан жеке менчик тараптар абдан чоң кирешелерди тапканы көрүнүп жатат. Ошондуктан президент да муну жөн жеринен белгилеген жок. Президент бир жылдын ичинде мамлекеттик ишканаларды, мамлекеттик менчиктеги активдерди убактылуу менчикке, колдонууга берүү, кандайдыр бир үлүштөрүн сатуу, акционердик коомдор аркылуу көзөмөл пакетин сактап калуу менен майнаптуулугун бир нече эсе жогорулатуу тапшырмасын койду. Ал биринчи кезекте Экономика жана финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондуна коюлду. Фонд тараптан иштер жүргүзүлүп, ушул жумада биздин карообузга алып келет. Биз ошол боюнча иштейбиз”,-деди ал.

Менчиктештирүүгө байланыштуу билдирүүсүн президент Садыр Жапаров 5-майда, Конституциянын жаңы редакциясына кол коюу аземиндеги кайрылуусунда жасаган. Ал мындан аркы башкаруу толук президентке өткөнүн белгилеп, экономиканы өнүктүрүүгө байланыштуу беш сунуш келтирген.

Анын биринчиси - бизнести ыңгайлуу шарттарды түзүү, экинчиси - сот тармагын реформалоо, үчүнчүсү - экспорттук мүмкүнчүлүктү жогорулатуу жана төртүнчүсү - түз инвестицияларды тартуу болчу. Мындан кийинки кадам катары Садыр Жапаров бул жагдайды белгилеген:

Садыр Жапаровдун 5-майдагы кайрылуу учуру.
Садыр Жапаровдун 5-майдагы кайрылуу учуру.

“Бешинчиден, мамлекеттик активдерди колдонуунун натыйжалуулугун жогорулатуу зарыл. Мамлекеттик менчикке караганда жеке менчик ээси натыйжалуу иштей тургандыгын экономикалык реалдуулук ырастады. Биздин милдет — мамлекеттик ишканаларда реструктуризация жүргүзүп, келечекте жеке менчикке өткөрүү. Ал эми стратегиялык объектилерде кызмат көрсөтүү сервистерин менчиктештирүү керек. Мамлекеттик мүлк фонду бул ишти аяктаган соң жоюлушу кажет. Менчиктештирүүгө жатпаган мамлекеттик мүлктү болсо министрликтерге жана ведомстволорго, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына өткөрүп берүүсү керек. Бул жумушту аткаруу үчүн бир жыл жетиштүү деп ойлойм”.

Президент өз сөзүндө “аталган реформалар экономиканын приоритеттүү секторлорун: энергетиканы, тоо-кен тармагын, айыл чарбасын өнүктүрүүгө мүмкүндүк берерин” кошумчалаган.

Муну айрымдар мына ушул тармактардагы мамлекеттин карамагында турган объектилерди да менчик колго өткөрүү деп кабыл алышкан.

Кантсе да, бул жагдай коомчулукта түрдүү талкууга жем таштады. Саясатчылардын, коомдук ишмерлердин бир тобу бул демилгени кескин сынга алып чыгышты. Алардын ичинде экс-депутат Исхак Масалиев да бар:

Исхак Масалиев
Исхак Масалиев

“Мен бул демилгени аябай терс кабыл алдым. Бул туура эмес. Мамлекеттик мүлктү сатып, байыйм деген киши таптакыр адашат. Токсонунчу жылдардан бери менчиктештирүүнүн алкагында канча гана мүлк сатылды, өлкөбүз байып кеттиби? Тескерисинче, менчикке өткөндөн кийин бир да завод, бир да фабрика калыбына келген жок. Ошол учурдагы менчиктештирүүнү анализдеп, эмне пайда бергенин аныктап алмайынча, азыр кайра мүлктү сатууга чектөө коюш керек. Мамлекеттин колунда азыр эмне калды? Бул коммуникация, энергетика жана башкалар калды. Эгер ошолорду да менчикке берип жиберсек, биз мамлекетти эмнеге алып барабыз, билбейм. Президент “мамлекет эч качан жакшы менеджер боло албайт” деп жатпайбы, мамлекет эмес, өкмөт, ошол жердеги жетекчилер, кадрлар менеджер боло албай жатат. Алардын колдорунан келбесе, мамлекеттин эмне күнөөсү бар? Энергетика тармагындагы ишканаларды, гидроэлектрстанцияларды акционердик компаниялар аркылуу жеке адамдар менчиктештирип алса, бул мамлекеттин келечеги үчүн өтө кооптуу болот. Ошол компанияларды ким башкарса, мамлекет ошого көз каранды болуп калат, тарифтерди да ошол киши каалагандай коюп калат”.

Мамлекеттик мүлктүн санагы

Мамлекеттик мүлк дегенде кадимки Ак Үй, Өкмөт Үйү, резиденциядан баштап, ишканалар, чарбалар, автоунаалар, заводдор, жада калса ажатканаларга чейин баары ушуга кирет. Алардын жалпы саны үч-төрт жыл мурда миллиондон ашык экени айтылып, наркы 84-86 млрд. сом деп бааланчу. 2020-жылдын жыйынтыгы так эмес, бирок 2019-жылдын эсебинде ал бир аз азайганы көрүнүп турат.

Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун Эсеп жана реестр башкармалыгынын башчысы Нурмухаммед Жусупов мындай маалыматтарды берди:

“2020-жылга карата толук эсеби чыга элек. 2019-жылга карата жалпы маалыматты берсем, имараттар 10 406, курулуштар 15 022, курулуп бүтө элек объектилер 434, жер участкалары 366, автотранспорттор 7907, темир жол жана аба-суу транспорту 2135, материалдык эмес активдер 78 385, техникалар жана жабдуулар 784 090. Мунун ар биринин баасын айта албайм, ушул категориялардагы мүлктүн жалпы баланстык баасы 83 млрд. 283 млн. 273 миң сом деп эсептелген”,-деди ал.

Демек, мына ушунун баары Кыргызстандагы мамлекеттик органдардын карамагындагы мүлктөр. Болгону Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет, Ички иштер министрлиги, Коргоо министрлиги, Улуттук банк сыяктуу 14 мекеменин гана имараттары жана мүлкү кошулбайт. Алардагы мүлктөр купуя сыр болуп саналат.

Тиешелүү органдар жайгашкан имаратын, объектилерин, транспортторун жана жабдууларын пайдаланууга укуктуу болгону менен аларга Мамлекеттик мүлктү башкаруу фонду ээлик кылат.

“Бизде каттоодо турганы менен имараттар же башка түрдөгү мүлктөр азыр деле ошол мамлекеттик органдардын өздөрүнүн балансында турат. Алар оперативдик иш алып баруу укугуна ээ. Бирок мыйзамга ылайык, мүлктөргө өкмөт, Мамлекеттик мүлктү башкаруу фонду аркылуу ээлик кылат деп көрсөтүлгөн. Ошону үчүн азыр бир имарат бир органдан экинчи органга өтсө, биздин буйрук менен өтөт. Албетте, өкмөттүн токтому чыгат, биз болгону анын өткөрүүнү факт жүзүндө ишке ашырып беребиз”,-деди мекеменин Эсеп жана реестр башкармалыгынын башчысы Нурмухаммед Жусупов.

Бул аталган фонд ээлик кылган мүлктөрдүн биринчи түрү болду. Маммүлк кожоюндук кылгандардын экинчи түрү - мамлекеттик ишканалар, үчүнчү түрү - акционердик компаниялар деп аталат.

Мында мамлекеттик ишкана деген сөз өкмөт өзү түзүп, өзү иштеткен мекемелер. Мамлекеттик ишканалардын саны, акыркы маалыматтарга ылайык, 104 болду. Буга “Кыргыз темир жолу”, “Кыргызкурал”, “Кыргызкөмүр”, “Кыргызкитеп” ишканалары, “Кара-Балта” спирт заводу, “Бишкек-Ош” жолундагы дирекция, "Кыргызгипрозем" долбоорлоо институту, Кара-Суудагы эң ири “Туратали” базары, пансионаттар, санаторийлер, үрөнчүлүк, балык чарба, асыл-тукум, пахта заводдору жана башка чарбалар кирет.

Ал эми акционердик компаниялар бул жарым-жартылай мамлекеттик, жарым-жартылай менчик дегенди түшүндүрөт. Мындагы ишканаларда мамлекеттин үлүшү түрдүүчө, кээ бирлеринде 10-15%, же 50-60%, айрымдарында болсо дээрлик 90-100% ээлик кылат.

Акционердик компаниялар өзү да үчкө бөлүнөт: ачык акционердик коомдор, жабык акционердик коомдор жана жоопкерчилиги чектелген коомдор.

“Мегаком” деген бренд менен таанымал “Альфа Телеком” ААКы.
“Мегаком” деген бренд менен таанымал “Альфа Телеком” ААКы.

Буларга “Мегаком” деген бренд менен таанымал “Альфа Телеком”, “Айыл Банк”, “KICB Банк”, “РСК Банк”, “Бакай Банк”, “Кыргызалтын”, “Мамлекеттик ипотекалык компания”, “Улуттук энергохолдинг” компаниялары, “Айдаркен сымап”, “Дастан”, “Ош-Дюбек тамеки”, “Кызыл-Кыя-тамеки”, “Кайыңды-кабель” заводдору, “Кыргызнефтегаз”, “Манас” эл аралык аэропорту, “Эйр Кыргызстан” авиакомпаниясы, “Кыргызтелеком”, “Учкун” ишканалары кирет. Ушул эле топко “Найман ГЭС” коому жана “Пирамида”, “ОшТВ” телеканалдары да кошулат.

Түшүнүктүү болуш үчүн тактап коёлу, мамлекеттик органдардагы мүлктөрдүн ар бири даанасы менен саналат. Ал эми мамлекеттик ишканалар дүңүнөн өзү бирден эсептелсе, акционердик коомдордун акциялары гана каттоого алынат. Башкача айтканда, экинчи-үчүнчү категориядагы ишканалардын ичиндеги мүлктөр өз-өзүнчө мүлктүн реестрине кирбейт.

Ошентип Мамлекеттик мүлктү башкаруу фонду акционердик коомдордогу акцияларынан киреше алат, же өзүнүн реестринде имараттарды кайра эле ошол мамлекеттик органдарга же жеке жактарга ижарага берүү менен каражат табат. Ижарага берүү процедурасы “Электрондук сатуу аянтчасы”, тагыраак айтканда etp.okmot.kg сайты аркылуу жүргүзүлөт.

Фонддон акыркы жылдары канча киреше таап келгенин тактай алган жокпуз. Мурдараак парламенттин Бюджет жана финансы боюнча комитетинин жыйынында Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун жаңы башчысы Мирлан Бакиров мекеменин жыл башынан берки кирешеси менен бөлүшкөн эле:

Мирлан Бакиров
Мирлан Бакиров

“Биринчи кварталдын жыйынтыгы менен биз берилген планды толугу менен аткарып бүттүк. 135 млн. сом план болсо, 179,3 млн. сом таптык. Бул жалпы дивиденддер, мамлекеттик ишканалардын пайдасы жана ижаралар. 104 мамлекеттик ишкананын ичинен 38 ишкана гана пайда алып келип, өзүн-өзү багып жатат. Калган ишканалар боюнча профилдик министрликтер менен бирге иштешип жатабыз. Мисалы, бир эле Айыл чарба министрлигинде 24 мамлекеттик ишкана бар, бириктире турганын бириктирип, ликвидация кыла турганын ликвидация кылып, приватизациялоо программасы боюнча да иш алып барып жатабыз”.

Баса, Кыргызстандын мамлекеттик мүлкүн жапырт эсептөө өнөктүгү 2014-2015-жылдары Жогорку Кеңештин тапшырмасы менен башталган. Бул иш-чарага жалпы 50 млн. сомдой каражат кеткен жана аны Дүйнөлүк банк бөлүп берген.

“Максим Бакиев да ушундай саясат менен чыккан”

Экономика жана финансы министрлиги тараткан атайын билдирмеде мамлекеттик мүлктү менчик колго берүү идеясын мамлекеттик секторду оптимизациялоо деп түшүндүрүүдө. Мекеме стратегиялык эмес мамлекеттик активдерди менчиктештирүү рынокту жөнгө салуу, активдерди кыйла натыйжалуу жеке менчик ээлерине жана кесипкөй менеджерлерге өткөрүп берүү чарасы деп аныктама берүүдө.

Билдирмеде айтылгандай, жакынкы мезгилде жүргүзүлө турган комплекстүү функционалдык анализдин жыйынтыгы боюнча мамлекеттик ишканаларга карата төмөнкүдөй чаралар кабыл алынат.

  • натыйжасыз иштеп жаткан стратегиялык эмес ишканаларды жоюу же менчиктештирүү;
  • республикалык бюджеттен каржыланган ишканаларды мамлекеттик мекемелерге кайра түзүү;
  • мамлекеттик активдерди жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүү үчүн берүү;
  • калган мамлекеттик ишканаларды консолидациялоо жана кийинки акционерлештирүү жолу менен кайра түзүү;

Ал эми мамлекеттин катышуусундагы ишкердик субъектилерине карата төмөнкүдөй чара каралууда:

  • атаандаштык чөйрөсүндө иштеп жаткан акциялардын мамлекеттик пакеттерин жана стратегиялык эмес компаниялардын мамлекеттик үлүштөрүн менчиктештирүү;
  • операциялык иштердин натыйжалуулугун жогорулатуу үчүн бир катар компанияларды ишенимдүү башкарууга өткөрүп берүү;
  • башкаруу органдарына көз карандысыз директорлорду тартуу;
  • инфраструктураны өнүктүрүү үчүн инвестициялык долбоорлорду жана мамлекеттик жеке өнөктөштүк долбоорлорун демилгелөө;

Министрлик ырастагандай, орто мөөнөттүү келечекте оптимизациядан кийин калган компанияларды бир нече мамлекеттик холдингдерге - башкаруучу компанияларга ("Энергохолдинг", кен казуу ж.б.) өткөрүп берүү пландаштырылууда.

Экономика жана финансы министрлиги ошол эле учурда менчиктештирүү маселелери мамлекеттик түздөн-түз функцияларды аткарган жана калкка социалдык жактан маанилүү кызматтарды көрсөткөн мамлекеттик социалдык объектилерге карата каралбай тургандыгын белгилейт. Бул объекттер министрликтердин, ведомстволордун жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын карамагында иштейт.

Мурдагы экономика министринин орун басары Элдар Абакиров бийликтин менчиктештирүү саясатын колдоого алып, ал азыркы капиталдык рыноктун талабы экенин айтууда. Мындай пикирин ал “Марал” радиосунун “5+1” берүүсүндөгү маегинде билдирди:

Элдар Абакиров
Элдар Абакиров

“Жөнөкөй эле мисал, мамлекеттин карамагында турган “Аврора” пансионатын алсак, жылына 200 млн. сом табат, кайра 200 млн. сом коротот. Пайдасы нөл, бюджетке киреше жок. Болбосо ошол эле учурда 50 орундук кичинекей эле пансионаттар жылына миллиондогон кирешелерди таап жатышат. А тиги жакта миң кишилик пансионат мамлекеттик болгону үчүн эч кандай пайда таппай олтурат. Эгер аны жеке менчик бир компания иштетсе, ал 100-150 млн. сом пайда тапмак, андан кирешеден алган салык катары 10-15 млн. сом бюджетке түшмөк. Ал жерге жылына маселен, миң адам эмес, беш миң адам эс алса, ар бир адам калтырган акчадан 12% кошумча нарк салыгы түшөт, социалдык төлөмдөр өсөт, жумушчулардын айлыгы көбөйөт. Мындайча айтканда бюджетке эселеп көп пайда түшөт. Анан президенттин, премьер-министрдин “пансионатты кантип иштетем?” деп башы оорубаш керек. Анткени ал мамлекетке тиешеси жок нерсе, туристтер менен иштейм деген бир ишкердин иши. Ошону эл түшүнүшү керек”.

Бийликтин позициясын жактагандар бир гана жагдайды, жараянды ачык жүргүзүүнү жана коррупцияга жол бербөө керектигин эскертип жатышат.

Демилгеге каршы чыккандар да мына ушул эле жүйөнү карманып, менчиктештирүүдөн кайра эле аткаминерлер, байманалуу кишилер же бийликте иштегендердин тааныш-билиштери эле туйтунуп алышарын белгилешет.

“Нур” партиясынын саясий кеңешинин төрагасы Руслан Бекназаров мамлекеттик мүлктү менчиктештирүүнү бүткүл элдик добуш берүү аркылуу чечүүнү талап кылды:

Руслан Бекназаров
Руслан Бекназаров

“Урматтуу Садыр Нургожоевич, бул оюңуздан кайтыңыз. Колуңардан келбесе, мамлекеттин, элдин мүлкүнө кыянатчылык кылбай, кетиңиздер. Эгер мамлекеттин кайсы бир мүлкүн жеке колдорго беребиз десеңер, анда кадимкидей эле референдум өткөрүп, “макулсуңарбы?” деп, сурап, элдин жообун алыш керек. Мурдагы президенттин уулу Максим Бакиев да кезинде ушундай саясат баштаганын билебиз. Ал да “мамлекет бул начар менеджер, жеке колго бериш керек, өнүктүрүш керек” деп отуруп, “Түндүкэлектрден” баштап, “Кыргызтелеком”, “Кыргызпочта”, анан кийин аэропортко чейин, бардыгын жеке колго өткөрөбүз деген саясатты алып барышкан. Эл буга каршы болуп, аларды кууп, башка, жаңы бийлик алып келген. Бүгүн ошол саясатты улап жатканыңыз сизге аброй алып келбейт”.

Кыргызстандын тарыхында мамлекеттик мүлктү массалык менчиктештирүүнүн биринчи этабы өлкө алгач эгемендик алган жылдары, 1991-1994-жылдары орун алган. Төрт этаптан турган өнөктүк 2015-жылдарга чейин созулган. Учурда Кыргызстандагы чарбалардын жана мүлктөрдүн дээрлик 90-97% бөлүгү менчик колдо экени маалымдалат.

  • 16x9 Image

    Эрнист Нурматов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кабарчысы. 2010-жылдан 2017-жылга чейин Ош облусунда кабарчы болуп иштеген. Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG