Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Июнь, 2021 бейшемби, Бишкек убактысы 01:53

Кыргызстан президенттик башкарууга кайтты


Баш мыйзамга кол коюу. 5-май, 2021-жыл.

Кыргызстан 5-май – Конституция күнүндө жаңы Баш мыйзам менен жашоого өттү.

Өлкө ошентип, 11 жылдык парламенттик-партиялык башкаруудан кийин кайрадан президенттик башкарууга кайтты. Жаңы бийликтин президенттик системага өтүү демилгеси кыргыз коомунда чоң талаш, карама-каршылыктар менен коштолду. Президенттик башкаруу формасын артка чегинүү, авторитардык бийликке багыт алуу деп кооптонгондор бар.

Президент Садыр Жапаров 5-майда жаңы Конституциянын жоболоруна ылайык, дароо эле “Министрлер кабинети жөнүндө" жарлыкка да кол койду.

Министрлер кабинетинин төрагасы болуп буга чейинки премьер-министр Улукбек Марипов, төраганын орун басары кызматына ушул кезге чейин вице-премьер-министр болуп турган Артем Новиков дайындалды.

Эки тизгин, бир чылбыр...

"Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясында Баш мыйзамга кол коюу жана Конституция күнүнө карата уюштурулган иш-чарада президент Садыр Жапаров кыргызстандыктарга кайрылуу жолдоп, алдыда аткарыла турган иштери тууралуу айтты.

Бул иш-чара Кыргызстандын коңшусу Тажикстан менен мамилеси чыңалып турган учурда өттү.

Президент Садыр Жапаров Конституциянын жаңы редакциясына кол койгондон кийин жасаган кайрылуусун Баткендеги коогада курман болгондорду эскерип, бир мүнөт аза күтүү менен баштады.

“Мен бүгүн тагдырдын буйругу, эл-журтумдун эрки менен алдыңарда туруп, Баш мыйзамга — Конституцияга кол койдум! Силердин ар бириңерге, жаш-кары дебей ар бир уул-кызыбызга кайрылып жатам! Кыргызстандын аймактык бүтүндүгүнө жана коопсуздугуна коркунуч туудурган окуяларга күбө болдук”, - деген Жапаров Баткенде талкаланган үйлөрдү калыбына келтирүүгө убада берди.

Президент Садыр Жапаров өлкөдөгү экономикалык-социалдык абалга 30 жылдан берки эң оор учур деп баа берди. Өзүнө чейинки бир дагы президент өлкө азыркыдай экономикалык оор кырдаалга кептелип, кризистик жагдай өкүм сүрүп турганда өткөрүп албаганын белгиледи.

Президент Кыргызстандын азыркы абалын төмөндөгүдөй сыпаттады.

“Эгемендүүлүккө ээ болгондон берки изденүүлөрдөн кийин биздин акыбалыбызды минтип сыпаттасак болот: элибиздин салт-санаасынын, маданий жана рухий дөөлөттөрүнүн деградацияга кириптер болушу, коомубуздун чаржайыттыгы, мамлекетти башкаруу системасы сенектикке учураганы, экономикабыз чабал, өлкөбүздүн сырткы күчтөрдөн, асыресе ресурстардан жана таасир этүүчү борборлордон көз карандылыгы...”.

Жаңы Баш мыйзамга ылайык Кыргызстан 2021-жылдын 5-майынан тарта толук президенттик башкаруу формасына өттү.

Жаңы Конституцияны жазгандар президент аткаруу бийлигин жетектеп, өкмөттүн иши үчүн өзү жооп бере турганын жүйө келтиришкен.

Президент Садыр Жапаров демилге кылган конституциялык реформаны парламент депутаты Акылбек Жапаров да колдогону маалым. Ал президенттин кайрылуусу тууралуу буларды айтты.

“Конституцияга кол коюлгандан кийин өкмөттүн отставкага кеткени оң. Анын оюн туура түшүнүп, турмушка ашыра турган кишилер, команда керек. Максаттарын уктук, эми структурасын күтөлү. Кимдерди коёт, аларды да көрөлү. Андан кийин айткандары ишке ашабы же жокпу деп баа берсек болот. Бүгүн өзү айткан сөздөрдүн баарын түштөн кийин эле ишке ашыра башташы керек. Анткени аткаруу бийлигинин башында өзү турат. Министрлер кабинети пандемия менен экономикалык кыйынчылыктан антикризистик программа менен чыгуу үстүндө иштесе, президент өнүгүү жана коопсуздук блогун кармап, эки тармакты тең алып барат деген ишенич бар”.

Президент экономикалык реформаларды жүргүзүп, анын ичинде фискалдык, соттук, укук коргоо, транспорттук-логистикалык жана тышкы соода саясатын өркүндөтүүгө убада берди. Армияны реформалап, чек ара аймагында“элдик кошуундар” түзүлө турганын белгиледи.

Президент кайрылуусунда Кыргызстандын транзиттик потенциалы өнүкпөй, туңгуюкка кептелгенине токтолду.

“Республикабыздын аймагы аркылуу өткөн эл аралык темир жолдорго интеграцияланган темир жол системасынын жоктугунан өлкөбүздүн транзиттик потенциалы өнүкпөй жатат. Андыктан, "Бир алкак-бир жол“ долбоорунун алкагында, Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жол магистралын куруу пландалууда. Бул долбоорду ишке ашырууну тездетебиз. Биз заманбап шарттары бар мультимодалдык негиздеги жүк ташуучу авиахаб түзүү мүмкүнчүлүгүн карайбыз. Ага жер бөлүп беребиз”.

Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолун куруу, Бишкекте же Ошто авиахаб түзүү боюнча сөз биринчи жолу айтылып жаткан жок. Буга чейинки президенттер да ар бир кайрылуусунда бул сыяктуу убадаларды берип келген.

Саясий эрк жана менчиктештирүү

“Ала-Арча” резиденциясында өткөн Баш мыйзамга кол коюу салтанатына катышкан Жогорку Кеңештин мурдагы төрагасы Ишенбай Кадырбеков убадалар аткарылышы үчүн саясий эрк керектигин белгиледи.

Ишенбай Кадырбеков
Ишенбай Кадырбеков

“Бизде Конституция кандай жазылса деле президенттик башкаруу өкүм сүрүп келбедиби. Азыр болгону мурда эле каалашынча калчап келген президенттин укугу кагазга жазылды, ага чоң укук берилди. Жоопкерчилик боюнча айтсак, эч ким жумуштан ала албайт. Моралдык гана жоопкерчилик болот, эл баасын берет. Мен өзүм чоң өзгөрүү күтпөйм. Айтылган нерселерди ишке ашыруу үчүн саясий эрк керек. Эгер президентибиздин эрки күчтүү болуп, бийликтин вертикалын кура алса анда үмүт чоң. Кайрылуусу жалпы жонунан жакшы. Кыргызстандагы талуу маселелерди ачык айтты. Кандай жол менен чечет, программасы кандай болот эч ким билбейт. Үмүт бар, кандай болорун көрө жатабыз”.

Президент Жапаров экономиканын приоритеттүү тармактары катары энергетика, тоо-кен тармагын, айыл чарбасын атап, алар реформага муктаж экенин билдирди. Президенттин айтымында, мындан ары кен чыккан жерлерди иштетүүдө мамлекеттик үлүш да каралышы керек.

Ошондой эле мамлекеттик ишканалар менчикке өткөрүлө турганын айтты.

"Биздин милдет — мамлекеттик ишканаларда реструктуризация жүргүзүп, келечекте жеке менчикке өткөрүү. Ал эми стратегиялык объектилерде кызмат көрсөтүү сервистерин менчиктештирүү абзел. Мамлекеттик мүлк фонду бул ишти аяктагандан кийин жоюлушу кажет".

Экономист Азамат Аттокуров мамлекеттик ишканаларды жеке менчикке өткөрүүнү колдойт. Бирок бул жараян 90-жылдардагы менчиктештирүүгө окшобой ачык-айкын, конкурс аркылуу жүрүшү керек деген пикирде.

Азамат Аттокуров
Азамат Аттокуров

“Негизинен бул туура сунуш. Мамлекетте бизнес, мамлекеттик ишкана деген болбошу керек. Мамлекеттик ишканалар пайда алып келбейт. Чыгым тартпаган жалгыз “Манас “аэропорту калды окшойт. Ал дагы араң эле иштеп жатат. Мисалы, “Манас” аэропортун конкурс аркылуу дүйнөдөгү алдыңкы 10-20 компаниянын бирине бериш керек. Бирок конкурсу жок эле Татарстандын компаниясына беребиз дегендей иштер болбош керек. Жарандык коомдун мүчөлөрүн комиссиянын курамына кошуу абзел. Эл аралык уюмдар конкурсту башкарып бериши зарыл. Мамлекеттик мүлктү сатууну, менчикке чыгарууну мамлекеттик органдар жүргүзбөшү керек. Мамлекеттик мекемелер сата турган болсо мүлк көпөстөргө өтүп кетет”.

Демократия жана сөз эркиндиги

Президент Садыр Жапаров президенттик башкаруу формасын киргизген Баш мыйзамды демилге кылганда артка чегинүү, авторитардык бийликке багыт алуу катары кооптонгондор болгон.

Садыр Жапаров кайрылуусунда демократия, сөз эркиндиги, ачык- айкындуулук, саясий атаандаштык темаларына токтолгон жок.

Равшан Жээнбеков
Равшан Жээнбеков

“Бизге окшогон жакыр мамлекеттин саясаты, экономикасы, тышкы саясаты дагы сөзсүз түрдө адам укугуна, эркиндигине, демократияга такалыш керек. Бардык саясаттын түпкүлүгү, негизи, пайдубалы демократия болгону оң. Эгерде бийлик демокоратияны айтканы менен иш жүзүндө кепилдик бербесе, бат эле билинип калат. Мүмкүн көңүл бурушкан жок, мүмкүн байкабай калды, эсинен чыгып калды, атайын болушу мүмкүн, айтор билбейм. Бирок демократияга көңүл бөлбөсөк, оор социалдык-экономикалык абалдан, тышкы изоляциядан чыга албайбыз”, - деди саясатчы Равшан Жээнбеков.

Октябрь окуяларынан кийин бийликке келген Садыр Жапаров демилге кылган Конституциянын жаңы долбоору коомчулуктун, саясатчылардын оюн экиге бөлгөн.

Баш мыйзамдын жаңы долбооруна каршы чыккандар Жапаровдун аракетин бийликти бир колго топтоо, авторитардык бийликке кайтуу аракети деп аташкан. Бишкек шаарында “Ханституцияга каршы” деп аталган жөө жүрүш жарым жыл бою ар жекшемби сайын өтүп турду.

Президенттин айтымында, жаңы башкаруу системасына ылайык, аткаруу бийлигинде төрт багытта башкаруу блогу болот. Жапаровдун сөзүнө караганда, министрлер кабинети элдин жашоосун жакшыртууну камсыз кыла турган үзгүлтүксүз жана натыйжалуу ишти уюштурса, Коопсуздук Кеңеши коопсуздукту камсыз кылган жана кризистик кырдаалдарда иш алып барган түзүм болот.

Ал эми Туруктуу өнүктүрүү боюнча улуттук кеңештин базасында өлкөнүн өнүгүүсүн башкаруу системасы түзүлмөкчү.

Мамкатчылык кайра түзүлдү

Жапаров Мамлекеттик катчы кызматына келген адам улуттук маданиятты, илимди жана билим берүүнү өнүктүрүү, кыргыз коомунун кайра жаралуу процесси багытында иш алып бара турганын айтты.

Мурдагы мамлекеттик катчы Осмонакун Ибраимов Мамлекеттик катчыга реалдуу укук берилсе, мамлекеттин идеологиясын гана эмес, президенттин пландарын, мамлекеттик стратегияны ишке ашырууда маанилүү фигурага айлана турганына токтолду.

Осмонакун Ибраимов
Осмонакун Ибраимов

“Азыркы заманда улутту бириктирип, жаңы стратегияларды түзүп, ошого үндөп, жетелеш керек болуп турат. Азыр туңгуюктабыз, каякка баратабыз, эмне максатты алдыга койгонбуз жөнүндө түшүнүк жок. Ошондуктан жаңы мамлекеттик катчы ушул ишке жардам берсе жакшы болот эле. Менин түшүнүгүмдө мамлекеттик катчы өлкөдөгү ички-тышкы турмушту тейлеп турган “дежурный пост” сыяктуу иш да. Президент эмне деген максат койсо, кандай план, концепцияларды иштеп чыкса аны түшүндүрүп, аткарылышын көзөмөлдөп, жетекчилик кылган киши мамлекеттик катчы болушу керек деген ойдомун. Азыркы маселе ошого ылайыктуу иши табыш керек. Ал киши мүмкүн болсо моралдык, руханий авторитети бар, колу таза, билимдүү, интеллектуал болушу керек. Жөн эле бирөөнү алып келип отургузуп койгон болбойт”.

Кыргызстандын Баш мыйзамы ушуну менен онунчу ирет өзгөрүп жатат. Эгемендик алгандан кийинки алгачкы Конституцияны 1993-жылы 5-майда “легендарлуу парламент” кабыл алган. Андан кийин Баш мыйзамга президенттик башкарууну кепилдеген өзгөрүүлөр 1994, 1996, 1998, 2001, 2003, 2007-жылдары киргизилген.

Баш мыйзам: бийлик кандай бөлүштүрүлөт?
please wait

No media source currently available

0:00 0:04:41 0:00

  • 16x9 Image

    Марат Тагаев

    Марат Тагаев – “Азаттык” радиосунун кабарчысы. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин, Кыргыз Республикасынын Президентинин алдындагы Башкаруу академиясында магистратураны бүтүргөн.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG