Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:00

Жапаров армияда реформа жасала турганын айтты


Садыр Жапаров «Коопсуздук-2021» жана «Калыптандыруу Түштүк-2021» командалык-штабдык жана мобилизациялык машыгуулары учурунда. 3-апрель, 2021-жыл.
Садыр Жапаров «Коопсуздук-2021» жана «Калыптандыруу Түштүк-2021» командалык-штабдык жана мобилизациялык машыгуулары учурунда. 3-апрель, 2021-жыл.

Президент Садыр Жапаров 5-майда элге жасаган кайрылуусунда армиянын реформасын да токтолду:

"Анын эки негизги багытына токтолоюн. Куралдуу күчтөрдү тоолуу шарттарда аскердик операцияларды жүргүзө ала тургандай, технологиялык жактан толук жабдылган атайын бөлүктөрдүн принцибине ылайык уюштуруубуз керек. Экинчи жагынан, биз „элдик кошуундарды“ түзүүгө өтөбүз. Бул система чек ара аймактарында жашаган калктын жогорку мобилизациялык даярдыгын, аскердик коркунучтар жана кол салуулар маалында олуттуу күчтөрдү топтоо мүмкүнчүлүгүн камсыз кылат".

Президент 5-майда жаңы Конституцияга кол коюп, Кыргызстан элине кайрылуу жасады. Ал сөзүнүн башында Баткендеги коогада курман болгондорду эскерип, бир мүнөт аза күтүү менен баштады. Кыргызстандыктар өлкөнүн аймактык бүтүндүгүнө жана коопсуздугуна коркунуч жараткан окуяларга күбө болушкандыгын белгиледи.

28-30-апрель күндөрү кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу жаңжалда 36 кыргызстандык курман болду. Тажикстанда 18 киши көз жумганын "Азаттыктын" тажик кызматы кабарлаган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG