Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:07

Садыр Жапаров: өлкө коопсуздугуна коркунуч жараткан окуя болду


Садыр Жапаров.
Садыр Жапаров.

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 5-майда жаңы Конституцияга кол коюп, өлкө элине кайрылуу жасап жатат. Ал сөзүн Баткендеги коогада курман болгондорду эскерип, бир мүнөт аза күтүү менен баштады.

Жапаров кайрылуусунда кыргызстандыктар өлкөнүн аймактык бүтүндүгүнө жана коопсуздугуна коркунуч жараткан окуяларга күбө болушкандыгын белгиледи.

“Мен талкаланган айылдарды тез арада калыбына келтирүүнү баштоо боюнча тапшырма бердим. Жапа чеккен жарандарга мамлекет тарабынан толук колдоо көрсөтүлөт. Эң кыска мөөнөттө жабыркаган калктуу конуштардагы жарандарыбыздын жашоосун калыбына келтирүү жана нормалдаштыруу боюнча иштер жүргүзүлөт”,- деди Жапаров.

Куралдуу кагылыштан кыргыз тараптан 36 киши каза болду. 180ден ашык адам жараат алды.

Соңку расмий маалыматка ылайык, чек ара жаңжалында 136 турак-жай толугу менен талкаланган. Анын ичинде 46сы – Баткен районунда, 93ү Лейлек районунда жайгашкан. Ошондой эле беш жалпы билим берүүчү мектеп, эки фельдшердик-акушердик пункт, үч бала-бакча, эки милиция пункту, 24 май куюу станциясы, 60 коммерциялык объект, эки чек ара заставасы жана бир клуб жараксыз абалга келген.

Дүйшөмбү жабыркагандар жана курмандыктар тууралуу расмий маалымат бере элек. "Азаттыктын" тажик кызматы ишенимдүү булактарына таянып, 18 киши каза болуп, 90у жараат алганын билдирген.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG