Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:27

Марипов курулуш компанияларын Баткенге жардам берүүгө чакырды


Улукбек Марипов чек арадагы эл менен жолугушуу учурунда.
Улукбек Марипов чек арадагы эл менен жолугушуу учурунда.

Премьер-министр Улукбек Марипов 4-майда Кыргызстандагы курулуш компанияларынын жетекчилери менен жолугуп, Баткенде чек арадагы коогада жабыркаган аймактарга жардам берүүгө чакырды. Буга чейин жаңжалда кыйраган турак жайларды калыбына келтирүүгө өкмөт 700 миллион сом бөлөрү маалымдалган.

“Анын басымдуу бөлүгү, атап айтканда 500 миллион сому социалдык объектилерди калыбына келтирүүгө жана жабыркаган айылдарга алып баруучу жолдорду курууга багытталат. Калган 200 миллион сому талкаланган турак-жайларды курууга жумшалат. Дал ушул жерде сиздердин тажрыйбаңыздар баалуу болуп саналат. Биз бардык тийиштүү шарттары бар заманбап турак-жайларды курушубуз керек. Эң негизгиси – күз мезгилинин башталышына дейре жабыркаган жарандар турак-жайларга жайгашуусу үчүн иштерди тез арада баштообуз зарыл”.

Чек арадагы куралдуу жаңжалдан соң "Каганат Инвест" компаниясы Баткендеги калабада турак-жайы күйгөн кыргызстандыктарга 20 үй куруп берерин жарыялаган.

Соңку расмий маалыматка ылайык, чек ара жаңжалында 136 турак-жай толугу менен талкаланган. Анын ичинде 46сы – Баткен районунда, 93ү Лейлек районунда жайгашкан. Ошондой эле беш жалпы билим берүүчү мектеп, эки фельдшердик-акушердик пункт, үч бала-бакча, эки милиция пункту, 24 май куюу станциясы, 60 коммерциялык объект, эки чек ара заставасы жана бир клуб жараксыз абалга келген. Жаңжалда 36 кыргызстандык курман болуп, 180ден ашууну жараат алды. Алардын 100ү ооруканада жатат.

Дүйшөмбү жабыркагандар жана курмандыктар тууралуу расмий маалымат бере элек. "Азаттыктын" тажик кызматы ишенимдүү булактарына таянып, 18 киши каза болуп, 90у жараат алганын билдирген.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG