Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2021 жекшемби, Бишкек убактысы 13:24

Үмүт жана тобокелдик жараткан Баш мыйзам (видео)


2017-жылдын 24-ноябры.

Кыргызстанда бүгүн, 5-майда Конституция күнү белгиленүүдө. Бул күнү президент Садыр Жапаров мамлекеттик жетекчилердин, Жогорку кеңештин депутаттарынын, коомдук-саясий ишмерлердин катышуусунда жаңы Конституцияга кол койду.

Жаңы Конституция кандай өзгөрүүлөрдү алып келет жана кандай тобокелдиктер бар?

Президент Садыр Жапаров кыргызстандыктарды Конституция күнү менен куттуктады.

"Мындай маанилүү күндө — 5-майда референдумдун расмий жыйынтыгына ылайык, "Кыргыз Республикасынын Конституциясы жөнүндө“ Кыргыз Республикасынын мыйзамына кол коюлганы турат. Жаңы Конституция биздин өлкө үчүн актуалдуу болуп турган чакырыктарды эске алуу менен жазылды. Анда биз эл катары аздектеген баалуулуктарыбыз менен коом катары умтулуп жаткан идеалдарыбыз чагылдырылган. Баш мыйзамыбыз элибиздин кызыкчылыгына ийгиликтүү кызмат кылып, Кыргызстандын мындан аркы натыйжалуу өнүгүүсүнө өбөлгө болот деп бекем ишенем", - деп айтылат Садыр Жапаровдун куттуктоосунда.

Президент өлкө элине кайрылуу жасап жатып сөзүнүн башында Баткендеги коогада курман болгондорду эскерип, бир мүнөт аза күтүү менен баштады. Кыргызстандыктар өлкөнүн аймактык бүтүндүгүнө жана коопсуздугуна коркунуч жараткан окуяларга күбө болушкандыгын белгиледи.

“Мен талкаланган айылдарды тез арада калыбына келтирүүнү баштоо боюнча тапшырма бердим. Жапа чеккен жарандарга мамлекет тарабынан толук колдоо көрсөтүлөт. Эң кыска мөөнөттө жабыркаган калктуу конуштардагы жарандарыбыздын жашоосун калыбына келтирүү жана нормалдаштыруу боюнча иштер жүргүзүлөт”,-деди Жапаров.

Ал куралдуу күчтөрдө олуттуу өзгөрүүлөрдү ишке ашыруу зарылдыгын белгилеп, куралдуу күчтөр тоолуу шарттарда аскердик операцияларды жүргүзө ала тургандай, технологиялык жактан толук жабдылган атайын бөлүктүн принцибине ылайык уюштурулушу керектигин билдирди.

"Бул система чек ара аймактарында жашаган калктын жогорку мобилизациялык даярдыгын, аскердик коркунучтар жана кол салуулар маалында олуттуу күчтөрдү топтоо мүмкүнчүлүгүн камсыз кылат", - деди мамлекет башчы.

Мындан тышкары өлкөнүн экономикалык абалына, каатчылыктан чыгуу жолдоруна токтолду.

“Азыркыдай экономикалык абдан оор кырдаал, кризистик жагдай мага чейинки бир дагы президенттин шыбагасына жазылган эмес. Эңшерилген экономиканы, түбү түшкөн казынаны 20 миллиард дефицити менен алдым. Анысы аз келгенсип пандемиянын кесепетинен бардык өлкөлөр менен карым-катнаш, соода-сатык бүгүнкү күнгө чейин токтоп турат”, - деди Жапаров.

Жапаров экономикалык реформаларды жүргүзүп, анын ичинде фискалдык, соттук, укук коргоо, транспорттук-логистикалык жана тышкы соода саясатын өркүндөтүүгө убада берди.

“Баарын камтыган элемент катары санариптештирүүнү жүзөгө ашырабыз. Биринчиден, биз бизнести жүргүзүү үчүн максималдуу ыңгайлуу шарттарды түзөбүз. Себепсиз текшерүүлөрдөн, кийлигишүүдөн, рейдерликтен жана кол салуулардан коргоону камсыздайбыз. Көптөгөн бюрократиялык тоскоолдуктар жоюлат, лицензиялык-уруксат берүүчү документтерди алуу мөөнөтү кыскартылат, капиталдын эркин жүгүртүлүшү камсыздалат. Биз мамлекеттик — жеке өнөктөштүк диалогун жаңы деңгээлге чыгарабыз жана бизнести угууга даярбыз!”, - деди Жапаров.

Президент Садыр Жапаровдун элге кайрылуусу

Президент жаңы Конституцияга кол койду
please wait

No media source currently available

0:00 0:44:01 0:00

Кыргызстандын Конституциясынын кезектеги жаңы долбоорун парламенттик шайлоого байланышкан 5-6-октябрдагы элдик толкундоолордон кийин келген жаңы бийлик сунуштаганы белгилүү.

Конституциялык кеңешме иштеп чыгып, 11-апрелде референдум аркылуу кабыл алынган Баш мыйзам башкаруунун президенттик формасын ишке киргизет. Ал президент кол коюп, коомчулукка жарыялангандан кийин күчүнө кирет. Баш мыйзамдын тексти качан жарыяланары тууралуу азырынча так маалымат жок.

Президент Садыр Жапаров жаңы Конституция жана ага ылайыкталган жаңы мыйзамдар менен жашоо 1-июлдан башталарын, ага чейин Конституцияга мыйзамдарды ылайыкташтыруу жараяны бүтөрүн 27-апрелде КТРКда билдирген. Бул үчүн Жогорку Кеңешке 17 пакет мыйзам киргизиле турганын да маалымдаган.

Жогорку Кеңештин вице-спикери, депутат Аида Касымалиева Баш мыйзамды башка мыйзамдарга кынтыксыз шайкеш келтирүү, жаңы мыйзамдарды кабыл алуу багытында Жогорку Кеңештин депутаттары, комитеттер эксперттик топтор, өлкөдөгү дасыккан юристтер менен иштеп жатканын билдирди.

Депутаттын айтымына караганда убакыт аз, иш көп, ага жараша тобокелдиктер арбын.

Аида Касымалиева.
Аида Касымалиева.

"Гильотина деген түшүнүк бар, бардык мыйзамдардын күчүн токтотуу деген. Мисалы, менин позициям – гильотинаны киргизип жатканда тобокелдиктер абдан көп. Жалпы эле хаос болуп калышы мүмкүн. Тобокелдиктерди минималдаштыруу керек. Дасыккан юристтер, эксперттик топ менен, ириде эң маанилүү мыйзамдардын ичиндеги мурдагы жетишкендиктерди сактап калуу боюнча тыгыз иштешүү керек. Алдыдагы жумуш ыкчам иштелиши керек. Негизи убакыт тар болуп атканда жаңы мыйзамдарды кийинки чакырылышка калтырыш керек эле".

Учурда Конституциянын референдумга чыгарылган акыркы тексти коомчулукка жарыялана элек. Айрым адистер бул мыйзамдарды шайкеш келтирүүдө кыйынчылыктарды жаратып жатканын айтышууда.

Коомчулукка белгилүү болгон долбоордо мамлекетти башкаруу системасын өзгөртүп жаткан Баш мыйзамда президент ички жана тышкы саясаттын негизги багыттарын аныктай турганы көрсөтүлгөн.

Ошондой эле президент аткаруу бийлигин башкаруу, кызматтарга дайындоо, бошотуу, сотторду тандоо кеңешинин сунушуна ылайык бардык баскычтагы сотторду дайындоо, мыйзамды демилгелөө, беш жылдан эки мөөнөткө шайлануу, БШКнын мүчөлөрүнүн жарымын сунуштоо өңдүү укуктарга ээ.

Жогорку Кеңеш 90 депутаттан куралат жана аны шайлоо тартиби кошумча жаңы мыйзам менен аныкталат. Министрлер кабинетин президенттик администрация башчысы жетектейт. Мыйзамдарды демилгелөө укугу президенттен тышкары Элдик курултайга, Жогорку сотко, Башкы прокуратурага да берилет.

Чолпонкул Арабаев
Чолпонкул Арабаев

Конституциялык кеңешменин мүчөсү Чолпонкул Арабаев мамлекетти башкаруу жоопкерчилиги президентке жүктөлүп жатышын жаңы Конституциядагы башкы өзгөчөлүк деп эсептейт:

"Жоопкерчилик мурда аткаруу бийлигинде болсо, мындан кийин аткаруу бийлигин да чогуу башкара турган президентте болот деп атабыз. Бул биринчи чоң жаңылык. Экинчиси, келе турган Жогорку Кеңештин саны да, сапаты да өзгөрөт".

Анткен менен коомдук-саясий чөйрөдө жаңы Баш мыйзам өзгөрүү алып келеринен күмөн санагандар аз эмес. Мурдагы премьер-министр Феликс Кулов жаңы Баш мыйзамдын мурдагылардан айырмалуу экендигин мезгил гана таразалайт деп эсептейт. Саясатчынын пикиринде өлкөнүн азыркы абалында анын өнүгүшү Баш мыйзамдан эмес, башкаруучунун эркинен, мүмкүнчүлүгүнөн көз каранды:

Феликс Кулов
Феликс Кулов

"Бизде үч төңкөрүш-ыңкылаптан кийин ушундай кырдаал түзүлүп, элде өнөкөт болуп калды, башчы жакпай калса дароо “учуп” кетет, эч кандай бийлиги сактап кала албайт. Ал гана эмес, экономикалык абал өтө оор. Мындай жагдай акыркы чейрек кылымда боло элек эле. Ошондуктан, Садыр Жапаровбу, башкасыбы, бир да президентке, бир да өкмөткө суктанып болбойт".

Мамлекеттик ишмер Ишенбай Кадырбековдун баамында өлкөнүн отуз жылдык тарыхы өнүгүү Баш мыйзамды өзгөртө берүүдөн көз каранды эмес экенин, мыйзамды кандай өзгөртпөсүн, бардык учурда президент гана башкарып келатканын көрсөттү:

Ишенбай Кадырбеков
Ишенбай Кадырбеков

"Отуз жылдан бери үмүт менен жашап келатабыз. Кеп Конституцияда эмес да. Бүгүнкүдөй президенттик башкаруу болуп эле келген. Отуз жылдан бери президенттик башкарууда жашап келатабыз. Дагы эле жаңысы жазылгандан кийин турмуш оңолуп кетет дегенден мен алысмын".

Кыргызстандын Баш мыйзамы ушуну менен онунчу ирет өзгөрүп жатат. Эгемендик алгандан кийинки алгачкы Конституцияны 1993-жылы 5-майда “легендарлуу парламент” кабыл алган. Андан кийин Баш мыйзамга президенттик башкарууну кепилдеген өзгөрүүлөр 1994, 1996, 1998, 2001, 2003, 2007-жылдары киргизилген.

Президенттик башкаруу формасын парламенттик башкарууга алмаштырып, президенттин укуктарын чектеген Баш мыйзамды 2010-жылкы апрель ыңкылабынан кийин бийликке келген убактылуу өкмөт демилгелеген. Бул Баш мыйзамга өзгөртүү 2016-жылы Алмазбек Атамбаев президент болуп турганда киргизилип, премьер-министрдин укуктары кеңейтилген.

Баш мыйзам: бийлик кандай бөлүштүрүлөт?
please wait

No media source currently available

0:00 0:04:41 0:00

  • 16x9 Image

    Бурулкан Сарыгулова

    "Азаттык" радиосунун Бишкек кеңсесинин баш редактору. Кыргыз Мамлекеттик улуттук университетинин журналистика факультетин бүтүргөн.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG