Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2021 жекшемби, Бишкек убактысы 11:59

Жарандык коом: митингден кийин кысым күчөдү


«Мыйзамдуулук үчүн» жөө жүрүшүндөгү чакырыктардын бири. 3-январь, 2021-жыл.

Конституциянын жаңы долбооруна каршы чыгып, 15-мартта камакка алынган Тилекмат Кудайберген уулу 26-апрелде үй камагына чыгарылды. Жарандык активист өзүнө карата саясий куугунтук болуп жатат деп эсептейт. 

"Конституция каршы чыгып кодуланып калдык"

"Жетим-Тоо кенин коргоо" кыймылынын жетекчиси жана “Ханституцияга каршы” борборунун активдүү мүчөсү, эки күн мурун эркиндикке чыккан активист Тилекмат Кудайберген уулу өзүнүн камалышын бийликтин буйругу катары сыпаттап жатат.

Тилекмат Кудайберген уулу
Тилекмат Кудайберген уулу

“Бийликтин эки-үч максаты болгон. Алар биринчиден, менин оозумду жабууга аракет кылып жатат. Мындан тышкары мени камоо менен, өз пикирин эркин айткан саясатчыларды, активисттерди коркутууда. Бийлик башкаларга “биз ушинтип камап коебуз” деген белги беришти. Менин пикирим камалгандан кийин өзгөрүп кеткен жок. Тескерисинче, өз позициямда бекем турушум керектигин түшүнүп чыктым”.

Тилекмат Кудайберген уулуна Жазык кодексинин 310-беренеси ("Бийликти күч менен басып алууга ачык чакырыктар") жана 264-беренеси ("Массалык башаламандыктар") менен айып коюлган. Укук коргоо органдары анын "Фейсбуктагы" баракчасындагы билдирүүсүндө "бийликти кулатууга чакырыктар бар" деп тапкан жана активист 15-мартта Бишкектеги №1 тергөө абагына камалган.

Активист 14-мартта социалдык тармактагы баракчасында “Туугандар, достор, өзүбүздү кыйнабай, Садыр Жапаровдун кетишин сураналы” деп башталган пост жазганы бар.

Активист Тилекмат Кудайберген уулу үй-бүлөсү менен сот залында.
Активист Тилекмат Кудайберген уулу үй-бүлөсү менен сот залында.


Тилекмат Кудайберген уулу камакка алынгандан кийин кылмыш ишке 192-берене (“Шайлоочуларды сатып алуу”) дагы кошулган. Ал 2020-жылдын 4-октябрындагы шайлоого “Республика” партиясынан талапкер катары катышкан эле. Активисттин айтымында, анын үйүн тинткен учурда былтыркы парламенттик шайлоо учурундагы үгүткө байланышкан документтерди таап алышып, ошонун негизинде ага каршы көрсөтмө алганга аракет кылышкан.

Тилекмат Кудайберген уулу дээрлик он жылдай убактан бери активист катары белгилүү. Ал Садыр Жапаровдун активдүү тарапташтарынын бири болчу.

“Садыр Жапаров камалгандан бери аны колдоп келдим. Октябрь айындагы элдик толкундоолордон кийин дагы тарапташтарынын бири болуп, бийлигин бекемдегиче колдоо көрсөттүм. Бирок Жапаровдун жанына буга чейинки президенттерди жолдон адаштырып жүргөн адамдардын топтолуп алышы көз карашымды өзгөрттү. Ошондо эле Садыр Жапаров буга чейинки убадаларын унута баштаган”, - деп кошумчалады Тилекмат Кудайберген уулу.


Кудайбергенов Садыр Жапаров баштаган бийликтин конституциялык реформасына катуу каршы чыгып, камалар алдында Баш мыйзамдын жаңы редакциясына каршы жана Жогорку Кеңештин тарашын талап кылган митингди алып барган.

Жогорку Кеңештин депутаты Рыскелди Момбеков бийлик сүрөгөн Баш мыйзамдын долбооруна каршы чыккандардын бири. Анын айтымында, документти талкулоо, ага добуш берүү учурунда бийликтин кысымы күч болгон.

Рыскелди Момбеков
Рыскелди Момбеков

“Президент же өкмөт сунуштаган мыйзамдарга каршы чыккан депутаттарга ар кандай кысым болот. Алгач сылык-сыпаа суранышат. Ага көнбөсөң, анда күч органдары суракка чакырат же күтүүсүз текшерүүлөрдү баштайт. Мындай учурлар мурдатан болуп келген. Азыр дагы уланып жатат. Капчыгы калың, кармай турган калбыры бар депутаттар дароо макул болушат. Бийлик “биз мененсиң же бизге душмансың” деген түшүнүк менен иштейт”.

15-мартта президент Садыр Жапаров "Азаттык" радиосуна курган маегинде Кыргызстанда саясатчыларга, журналисттерге жана активисттерге карата саясий куугунтук болбой турганын айткан.

Конституциялык кеңешменин мүчөсү, жазуучу Чолпонбек Абыкеев мыйзам бузулган учурлар саясатташып кетип жатканына токтолду.

Чолпонбек Абыкеев
Чолпонбек Абыкеев

“Азыркы учурда орой кысымга алууну, куугунтукту байкай элекмин. Айрым адамдар өздөрү мыйзамды бузушат дагы аны бийликтин кысымы катары кабыл алышат. Ушул жагын дагы карап көрүшүбүз керек. Кыргызстандын мыйзамдарын баарыбыз сакташыбыз керек. Демократия десе эле ээн ооздукту, ойго келгенди сүйлөй берүүнү түшүнүп албашыбыз керек. Демократия – мыйзамды сыйлоодон башталышы керек”.

"Митингден кийин кооптонуп турабыз"

25-апрелде Өзгөн районунда “Кемпир-Абад” суу сактагычы тууралуу жергиликтүү тургундардын жыйынына катышкандар дагы бийликтин кысымы башталганын чыгышты.

Ал жерге Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев дагы келген эле. Иш-чаранын жүрүшүндөгү журналисттер менен жергиликтүү тургундардын ортосунда чыр чыккан.

Митингди уюштурган Мирлан Ураимовдун айтымында, облустук милиция журналисттер менен болгон чырды шылтап, активдүү жарандарга кысым көрсөтө баштаган.

Мирлан Ураимов
Мирлан Ураимов

“Милиция ошол жерде активдүү жүргөндөрдү толугу менен суракка алып жатат. Ушундай жол менен жалпыбызга белги берди көрүнөт. Мындан тышкары бийлик биз жөнүндө маалымат топтоп баштаптыр. Биздин тааныштардын айтымында, Өзгөн райондук каттоо кызматынан биздин мүлктөрүбүз, байлыктарыбыз боюнча маалымат алышыптыр. Азыркы учурда кооптонуп турабыз. Биз мыйзамдан эмес, бийликтин мыйзамсыз кадамдарынан коркуп жатабыз. Бирок “Кемпир-Абад” суу сактагычы боюнча элдин пикири өзгөргөн жок. Биз коркуп калган жокпуз”.

Облустук милиция журналисттер менен чогулгандар катышкан факт 266-беренеси (“Ээнбаштык”) менен катталып, үч киши күбө катары сурак бергенин, бул иште саясат жок экенин билдиришти.

Ош облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Жеңиш Аширбаев буларды айтты:

Жеңиш Аширбаев
Жеңиш Аширбаев

“Видеого түшүп калган үч жаран суракка алынган. Эми видеодо жалпы канча адам көрүнгөн болсо, ошолордун баары суралып, юридикалык баа берилип, түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөндөн кийин коё берилет. Бизде сөзсүз түрдө жазага тартуу деген маселе жок. Кээ бир жарандар муну саясатка айлантып жатышат. Бул жерде саясат жок”.

Кудайберген уулу жана башка активисттер каршы чыккан Конституциянын жаңы долбоору 11-апрелдеги референдумда кабыл алынды. Жаңы Баш мыйзам күчүнө кирсе, парламенттин ыйгарым укуктары азайып, президенттик башкарууга артыкчылык берилет.

  • 16x9 Image

    Айбек Бийбосунов

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. 2015-жылы Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

     

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG