Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:36

Ош: журналисттерге кол салуу, милициянын тандалма мамилеси


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

25-апрелде Өзгөн районундагы нааразылык акцияда журналист менен митингдин катышуучуларынын чырын милиция териштирип жатат. Окуяга байланыштуу тараптардан арыз түшпөгөнү менен ага карата юридикалык баа берилери белгилүү болду.

Муну митингге чыккан активисттерди коркутуп коюу катары баалагандар да жок эмес. Ошол эле кезде милициянын журналисттер коркутууга кабылган жагдайларга эки башка мамиле жасаганы сынга кабылды.

25-апрелде Өзгөн районунда “Кемпир-Абад” суу сактагычы тууралуу жергиликтүү тургундар жыйынга чогулуп, ага Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев катышкан. Анда журналист менен чогулгандар араздашкан окуя катталган.

Митингдин алып баруучусу Мирлан Ураимов журналист менен болгон чатактан улам милицияга оозеки чакыруу болгонун ырастады:

Мирлан Ураимов
Мирлан Ураимов

“Бизге чалып “келип кеткиле” деп айтышты. Бирок менин да юридикалык билимим бар. “Качан силерден чакыруу кагаз берилсе, ошондо барам” деп жооп бердим. Болду, ошол бойдон чакырышкан деле жок”.

Чырдашуунун себеби

Мирлан Ураимов чек ара маселесине байланыштуу митингдин алдында КТРК, ЭлТР, Ош ТВ мамлекеттик телеканалдарын жана Камчыбек Ташиевге тиешелүү экени айтылган “Регион” каналын маалыматты бурмалап жатат деп сынга алган.

Мирлан Ураимовдун сөзүнө "Регион" каналынын мурдагы кызматкери Акниет Кеңешов жооп берип жаткан учурда нааразы топ аны аянттан кууп чыгарууга аракет кылган.

Акниет Кеңешов митингдин уюштуруучулары медиа каражаттарын бир тараптуу каралаганын, ага жооп катары митингде сөз сүйлөөгө аракет кылганын, бирок мүмкүнчүлүк бербей коюшканын айтты.

Ал жергиликтүү тургундардан зыян көрбөгөнүн кошумчалап, доо-арызы болбогонун белгиледи.

Акниет Кеңешов
Акниет Кеңешов

“Мени ошол жердеги балдар менен милиция кызматкерлери коргоп калышты. Мага эч кандай зыяны тийген жок. Мага да Өзгөн милициясынан чалышты. Ошол окуя боюнча доо арызым болуп-болбогонун сурашты. Мен азыр Бишкекке бараттым эле, келгенде жолугам деп койдум”.

Ош облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Жеңиш Аширбаев бул факт Жазык кодексинин 266-беренеси (“Ээнбаштык”) менен катталып, үч киши күбө катары суракка чакырылганын айтты. Аширбаевдин пикиринде, негизги максат окуяга юридикалык баа берүү болуп саналат.

Жеңиш Аширбаев
Жеңиш Аширбаев

“Видеого түшүп калган үч жаран суракка алынган. Эми видеодо жалпы канча адам көрүнгөн болсо, ошолордун баары суралып, юридикалык баа берилип, түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөндөн кийин коё берилет. Бизде сөзсүз түрдө жазага тартуу деген маселе жок. Кээ бир жарандар муну саясатка айлантып жатышат. Бул жерде саясат жок”.

2020-жылдын 5-октябрындагы парламенттик шайлоодон кийин Ош шаарынын борбордук аянтындагы митингде “Азаттыктын” Оштогу кабарчысы Дастан Үмөтбай уулуна белгисиз адамдар кол салган.

Окуяны шаардык милиция Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Жоруктар кодексинин 119-беренеси (“Майда бейбаштык”) менен каттап териштирүү иштерин баштаган болчу.

Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Замир Сыдыков кылмыш иши кыскартылуу алдында турганын айтты.

Замир Сыдыков
Замир Сыдыков

“Арызданган Дастан Үмөтбай уулунун алган жаракатын аныктоо максатында тиешелүү экспертизалар дайындалган. Бирок арызданган тарап атайын экспертизадан өткөн эмес. Ошондуктан Ош милициясы бул ишти өндүрүштөн кыскартуу боюнча Ош шаардык прокуратурасына кайрылган”.

Милициянын тандалма мамилеси

Азыркы учурда бул иш Ош шаардык прокуратурасынын кароосунда турат.

Ош милициясынын билдиришинче, 2020-жылы журналисттерге кол салуу тууралуу арыз "Клооптун" эки кызматкеринен гана түшкөн. Аталган сайттын редактору Элвира Султанмурат кызы милициянын журналисттерге карата эки башка мамилесин сынга алды.

Элвира Султанмурат кызы
Элвира Султанмурат кызы

“Мисалы, Матраимовдорду колдоо митингинде бизге карата кандай гана чагымчыл аракеттер жасалып, пикирлер айтылды. Ошол окуяга Ош шаардык милициясы такыр эле реакция кылган жок. Бирок “Регион” телеканалынын мурдагы кызматкери боюнча эч ким арызданбаса да кылмыш ишин козгоп жатканы таң калтырат. Ошон үчүн бул жерде кош стандарттуулук бар деп эсептейм”.

Активист Мирбек Маматкасым журналист Дастан Үмөтбай уулуна кол салууга күбө болгон. Активист соңку окуялардан улам милициянын аракетин сынга алды.

Мирбек Маматкасым
Мирбек Маматкасым

“Адам укуктарын коргогон өлкөдө журналисттерге кол салуу болгон учурда ошол замат реакция болот. Жок эле дегенде окуяны териштирип коюш керек. Тандалма мамиле болуп жатканы көрүнүп эле турат. Кечээтен бери социалдык тармактарда да жазылды. Бул жакшы көрүнүш эмес. Эч качан мындай нерсе жакшылыка алып келген эмес”.

Ошто журналист Дастан Үмөтбай уулуна кол салуу фактысы кыскартылып, кылмыш иши жабылуу алдында турса, 6-январда Ош шаардык соту 4-октябрдагы парламенттик шайлоо учурунда "Клооптун" журналисттерине кол салууга байланышкан эки фактыны кайра тергөөгө жиберген. Бирок азыркыга чейин тергеп-иликтөө аягына чыга элек.

  • 16x9 Image

    Маратбек Акимбек уулу

    Маратбек Акимбек уулу "Азаттыктын" Оштогу кабарчысы. ОшМУнун кыргыз филология жана журналистика бөлүмүн аяктаган. Президенттин алдындагы башкаруу академиясынын магистранты. 

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG