International Partnership for Human Rights (IPHR) уюму жаңы баяндамасында Кыргызстанда жарандык эркиндик чектелүү экенин белгиледи. Уюм УКМКнын мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиев кызматтан алынгандан кийин деле бийликти сындагандарга кысым уланып жатканына көңүл бурган.
Кыргызстан эгемендүүлүгүнүн 35 жылдыгын белгилеп жатат. Бул дата Бишкек Шанхай кызматташтык уюмунун саммитин жана VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын өткөрүп жаткан күндөргө туш келди. Кыргызстан баш калаасы жыйырмага жакын өлкөнүн лидерлерин кабыл алууда.
20-августта Бишкектин Ленин райондук сотунда саясатчы Мавлян Аскарбековго козголгон кылмыш иши боюнча алгачкы соттук угуу жабык өттү. Аскарбековго Фейсбуктагы баракчасына жазган билдирүүсүнө байланыштуу кылмыш иши козголгонун адвокаты билдирди. Аны үй камагына чыгаруу өтүнүчү четке кагылды.
Баш прокурор Максат Асаналиев УКМК башчысынын милдетин аткаруучу болуп дайындалды. Анын ордуна Малик Бектурганов баш прокурордун милдетин аткара турган болду. “Ынтымак Ордо” соңку кадрдык жүрүштүн себеби тууралуу маалымат бере элек.
Заманбап кыргыз кирил алфавитине қ жана ғ тамгаларын киргизүүнүн зарылдыгы тууралуу тарыхчынын блогу. Редакциядан: автордун жеке пикирин сөзсүз эле редакциялык турум катары кабылдоого болбойт.
Президент Садыр Жапаров блогерлерди, IT, кинофильм өндүрүүчүлөрдү баш кылып, креативдүү чыгармачылык менен алектенгендерди беш жылга салыктан бошотуу жарлыгына кол койду.
Тынч жыйындарды өткөрүүгө чектөө киргизип, акция, митинг сыяктуу иш-чараларды белгиленген жерлерде гана өткөрүү боюнча мыйзам долбоору Жогорку Кеңеште каттоого алынды.
Улуттук коопсуздук комитетинин мурдагы башчысы Камчыбек Ташиевге тиешелүү "Регион" телеканалы кожоюнун алмаштырганы белгилүү болду. Канал Ташиев кызматта турганда аны колдоп-коштоп, позициясын чагылдырып келген. Анын ээсинин алмашуусу соңку саясий окуяларга кандай таасири бар?
3-майда Басма сөз эркиндигинин дүйнөлүк күнү белгиленди. Кыргызстандык айрым журналисттер бул жылы эч кандай иш-чара өтпөгөнүнө көңүл бурушту. Медиа эксперттер кыргыз журналистикасында мурдагыдай жигер жокпу деп суроо салууда.
Бишкек шаардык соту 23-апрелде журналист Махабат Тажибек кызынын адвокаттарынын аппеляциялык арызын карады. Бир ай мурда Тажибек кызы Ленин райондук сотунун чечими менен абактан чыккан. Ленин райондук соту анын бөгөт чарасын өзгөртүп, эч кайда кетпөө тил каты менен бошоткон.
7 жыл 8 айга кесилип, ушул тапта абакта жазасын өтөп жаткан оппозиционер Равшан Жээнбеков президентке кайрылып, УКМК буга чейин козгогон иштерди карап чыгууга чакырды. Саясатчы мындай чакырыкты Камчыбек Ташиев УКМК төрагылыгына алынып, атайын кызмат реформаланат деп убада берген учурга туш келди.
Махабат Тажибек кызы эч жакка кетпөө тил каты менен эркиндикке чыкты. Трамп Вашингтон менен Тегеран соңку эки күндө "жемиштүү сүйлөшүүлөрдү" өткөргөнүн билдирди. “Аю Холдинг” ишканасынын негиздөөчүсү Шаршенбек Абдыкеримов бизнесинин урашына УКМКны айыптады.
Дагы жүктөңүз